Интернетте кыргыз тилиндеги уикипедиялык макалалардын саны 6700 болду

Интернетте кыргыз тилиндеги уикипедиялык макалалардын саны 6700гө жетти. Бул тууралуу 30-майда «Кыргыз уикипедиячылар кыймылы» долбоорунун жетекчиси Чоробек Сааданбеков АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр кыргыз тилиндеги уикипедиялык макалалардын саны болгону 1380 болгон. Бирок «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу астында студенттер арасында машыктыруучу тренингдерди өткөрүп, алардын катарынан жаңы авторлор тартылган. Ал авторлордун жардамы менен кыргыз тилинде 5400 макала жазылып, алардын саны 6700гө жеткен.

Ал белгилегендей, учурда интернет баракчаларында кыргыз тилиндеги билим берүү, агартуучулук материалдар аз. Мындан улам кыргыз тилиндеги уикипедиялык макалалардын санын көбөйтүү зарыл.

«Көпчүлүгү уикипедиялык макалаларды жазуу академиктердин иши деп ойлошот экен. Бирок бул андай эмес, кыргызча жазганды билген мектеп окуучуларынын колунан деле келе турган иш. Каалоочулар уикипедия борборуна келип тренингдерден өтүп, уикипедиялык макалаларды жазууга үйрөнүшсө болот . Аларга кыргыз тилин жана компьютерде иштөөнү билүү эле жетиштүү. Студенттер да жайкы практикаларын бизде өткөрсө болот», – деди Ч.Сааданбеков.

Анын айтымында, «Кыргыз уикипедиячылар кыймылы» менен «Кыргыз энциклопедия борбору» ортосунда эңциклопедиядагы макалалардын негизинде уикипедия макалаларын түзүү боюнча макулдашууларга кол коюлган. Бул болсо кыргыз тилиндеги уикипедиялык макалалардын санын 20 миңден ашыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

«Учурда дүйнөдө уикипедиялык макалалардын саны боюнча рейтинг бар, анда 285 тил бар болсо кыргыз тили 130 орунда турат. Мындан улам биз Кыргыз энициклопедиясындагы 20 миңдей макаланын негизинде уикипедиялык макалаларды жазып, бир жыл аралыгында рейтингдин алдынкы жүздүгүнө кирүүнү максат кылып жатабыз», – деди Ч.Сааданбеков.

Баракелде, 30.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.