“Атын атаса, куту сүйүнбөйт”

Бир окуучум улам эле ыр көрсөтүп калды. Сага эмне болду десем, жоро-жолдошторум, ага-туугандарым композиторлукта окуйм десем обончуларды аташат. Күнүгө аларды угат экенсиң, ардак наамдар аларда дешет. Ыр – күнүмдүк, музыка – түбөлүк деп, атургай Бетховендин бир томдук ырлар жыйнагын көрсөттүм, музыкасы калып ырлары жоголду, ар бир муундун окуяга, шартка, жашоого, саясатка ылайыктуу ырлары болот.

Алар аккан суу сыяктуу улам жаңыра берет деп, дагы биртоп мисалдарды келтирип айнытымыш болдум. Башында Т.Казаков туруп, элдик таланттарды бириктирген уюм түзүлгөн болчу тээ 90-жылдардын башында. “Күпүлдөйбүз-дүпүлдөйбүз” деп баштап келип эле үнү чыкпай калышты. Менин эсебим боюнча улуу-кичүүсү болуп жүздөн ашык обончулар композитор болобуз деп окушуп, ар кандай себептер менен окууну бүтө албай калышты. Ошол эле наам, сыйлык алгандардын арасында композиторлук кесипти окуй албай койгондор да аз эмес. Көпчүлүгү кийин обон да жазбай калышты. Себебин түшүнүштү. Обон жазуу оңой экенин, музыка жазууга баары эле чыдай албастыгын, талант менен билим айкалышып, чыдап эмгектенгенде гана бирдеме чыгарын билишти. Окуй албай калышынын негизги себеби композиторлукка окуймун деп кеч келишкенинде. Өткөндөн кийин баарын таштап чыдаш керек болчу. Айрым композиторлук билим алган обончуларды эл обончу эле катары билип жүрүшөт. Себеби музыкалары эч жерде аткарыла элек.

Эми үч опера жазган, “Сепил” операсы театрга коюлса дагы Сатылган Осмонов “эл артисти” боло элегине таңгалам, же эч кимге наам бербеш керек эле, же композиторлорду минтип шылдыңдабаш керек эле. Опера көркөм өнөрдүн туу чокусу. Себеби, мында чыгармачылыктын бардыгы катышат. “Сепил” операсы жакшы жазылдыбы, жаман жазылдыбы, убакыт көрсөтөт. Бул биздин музыкалык маданиятыбыздын тарыхында калат. Өзүбүз көрүп түшүнбөсөк, салыштырбасак, жакшы чыгармалар жаралмак беле. Чет мамлекеттен келген ардактуу коноктор жана элчилер элди тааныш үчүн биринчи Опера жана балет театрына барышарын билип эле жүрөбүз.

Чет мамлекеттерге көбүнчө фольклор, анан салттык музыка боюнча көп эле барышып, далай мактоо, сый-урматка бөлөнүшүүдө. Бирок оң жагы жана сол жагы дегендей, алар биздин аткаруучуларды экзотика катарында карашат. Биз алардан ички дүйнөбүз боюнча биртоп арттабыз. Илимбек Карыпкуловдун “Биздин жапайылыгыбыз европалыктарга кызык” (“Агым”, 13.03.2009) деген суроо-жоопто биздин деңгээл 50-60 жыл артта деп жатпайбы. Орой мисал айтайын. Гомер кайсы кылымда “Иллиаданы” оозеки айткан? Биз эпосторду… Андан бери эмне деген өзгөрүүлөр дүйнөдө болуп өттү. Кардиолог М.Миррахимов белгилегендей, качан кыргыз эли комуз күүлөрүн кандай түшүнсө, классикалык музыканы да ошондой түшүнгөндө гана алардын катарына кошулабыз. Маркум Д.Назарматов Германияга барып келгенден кийин жолукканда “далай мейманда болуп, ресторандарга кирсек аткаруучулардын чакан тобу жалаң классикалык музыканы ойношот экен, биз ага качан жетебиз? Аңкылдап-даңкылдаган эстрада топтору тынч эс алдырып отургузбайт. Акырын ойногула десек да болбой аңгы-дүңгү, чаңырык” деген эле. Кошунам, атактуу математик Эсенкан Дүйшеев былтыр Англияда бир жылча жашап келди. “Алар классикалык музыкадан концерт дегенде иштеген иштерин таштап чуркашат экен, маданият жагынан аларга жетиш үчүн 2-3 кылым керек окшойт” дейт. А “Битлз” сыяктуу толгон-топон топторчу десем, аны элдин төмөнкү катмары, көчөдөгүлөр көрүп угушат тура. Кыргыздар мурун андайларды “чор тамандар” же “каратамандар” дешчү.

Композитор болом дегендин өзү – жашоонун биртоп ырахатынан кечүү дегендик. Ага баары эле чыдай албайт. Өзгөчө Кыргызстанда бизге кылган мамиле ушундай. Бизден башка бир да өлкөдө өз музыкасына бизчелик жан кашайткандай кайдыгерлик мамиле кылынбайт. Тиешелүү кишилер чын эле бул жөнүндө маалымат алышкандан качышат экен. Композиторлор аткаруучуларга атайын меникин аткарып берчи деп барышпай, мактангандан алыс болушат. Кызыккан мугалимдер же аткаруучулар үчүн биздин уюмдун китепканасы бар. Анда жок болсо кайсы бир аткаруучулар сыяктуу эле композиторлордун өзүнө кайрылса болот. Улуттук намысты бекем кармаш биз үчүн азыр аябай эле керек. Музыка тармагында иштегендердин көпчүлүгү жаңы, өзгөчө ыкмадагы добушта аткарылчу чыгармаларды үйрөнүп, машакаттануудан качып келатабыз. Баягы эле көнгөн, өзү үйрөнүп, түшүнүп калган башка улуттардын чыгармаларын аткаруу да, үйрөтүү да оңой экенин баарыбыз эле билип турабыз. Китептер башка өлкөлөрдө жылына басылып, бизге үзбөй жеткирилет.

Биздин уюмдун 70 жылдыгына карата композиторлордун чыгармаларынын экинчи аваздык жыйнагы жарык көрдү (түзүүчүлөр К.Асанбаев, Т.Чокиев). Азыр шыгыр үчүн да бир жыйнак даяр турат дешет. Айрым бир сөздөрдүн котормосу боюнча мага түшүнүксүз жерлери бар. Мисалы, хорду “шыгыр” деп Б.Мамбеталиев далилдеген эле. Вокалдык менен аваздык деп эки сөздү бирдей колдонбой, жалаң аваздыкка токтолуш керек болчу. Казына дегендин ордуна “кор” деген сөз көп колдонулган. Муну далилдеп далай эле айттым эле. Оригиналдуу деген сөздү да кыргызча которсо болот эле да. Башкача, өзгөчө же окшобогон деп.
Музыка дегендин жолу өзүнчө көркөм өнөрдүн бир тармагы катарында өнүгүп өсө берет. Композиторлор калемин курчутуп туруш үчүн улам-улам чыгармаларды жаратып турбаса болбойт. Талантка жараша билим менен эмгек айкалышып туруш керек… Аргасыздан алар майда бөлүктөгү чыгармаларды мектептердин каалоосу боюнча же кийин жыйнак чыгып калса деп, кээде аткаруучулардын суроосу боюнча гана аракеттенип калдык. Министрлик же көркөм өнөр уюмдары, бирикмелер бизге көлөмдүү чыгармаларды жазып бергилечи дебесе эмне кылат элек? Өнүккөн өлкөлөрдө жол ошондой. Алар негизинен композиторлорго гана кайрылышат. Мына ушинтип, биртоп эле өнүгүп, элдин байлыгын көбөйтүп, ички дүйнөсүнө жем берип келаткан композиторлор азыр эптеп-септеп, өздөрүн курмандыкка чалган боюнча ушунча жылдан бери күн көрүп келе жатабыз.

Асан МУРЗАБАЕВ, композитор,
“Агым”,
(“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.