Тамшандырган “Таш кордону” даярдаган Раимбек Жусупбеков: “Көпчүлүк менин колумдан жасалган таш кордону жеп жүрүшөт”

Акыркы жылдары борборубузда жаңы тамактын түрү кеңири жайыла баштады. Койду жиликтеп туруп, чокко бүтүн бышырган бул тамакты жегендер тилдерин жутуп ала жаздашат. Мындай өзгөчө тамактын баштоочусу Раимбек Жусупбеков бул тамакты “таш кордо” деп атайт. Чындыгында, Раимбек аганын “таш кордосун” жеген да арманда, жебеген да арманда….

Раимбек ага, таш кордо деген кандай тамак?
– Негизи, бул мергенчилердин тамагы. Алар талаада жүргөндүктөн, бул тамакты бышырып жегенге ыңгайлуу болот. Мергенчилер аңчылык кылып жүрүшүп олжосун жиликтеп, туздап туруп ага тоодо өскөн пияз, көкө мерен, сарымсак, кийик от кошуп, териге ороп коюшат. Анан жерди узундугу – бир жарым метр, туурасы – 70 сантиметр кылып казып, жылуулук сыртка чыкпаш үчүн ичин айлантып таш менен тосуп чыгышат. Даяр болгон очоктун ичине катуу, куу жыгачтардан чоң от жагылат. Жалын өчүп, чок түшкөн соң ыргайларды очоктун үстүнө коюп, этти ага илип коюшат. Үстүн ат кулак, четиндин бутактары, анын үстүнөн тери менен жаап, айланасын таштар менен бастырып, топурак менен көмүшөт. Анан беш-алты саатта тамак даяр болот.

Сиз бул тамакты кимден үйрөнгөнсүз? Же өзүңүз мергенчисизби?
– Мен кесибим боюнча экономистмин. Ал эми таш кордону кыргыз элинин улуттук тамактары жазылган китептен өз алдымча эле өздөштүрүп алгам. Китепте жазылгандан менин жасоо ыкмам бир аз бөлөкчөрөөк: биринчиден, этти жиликтеп туруп туздап коём. Анан сарымсак менен пиязды эт майдалагычтан өткөрүп, ага кара мурч, зире, шишкебек үчүн атайын кошулмаларды аралаштырып, үстүнө нормага жараша кайнак сууну куям да, бардыгы бири-бирине сиңгенче тыныктырам. Арак, уксуз дегендерди жолотпойм. Менин таш кордом мергенчилердикиндей 5-6 саатта эмес, 45 мүнөттө же 1 саат 5 мүнөттө эле даяр болот. Бул жерде очоктун салынышы да чоң роль ойнойт. Таш кордону жасоодо абдан кылдаттык менен мамиле жасоо керек. Муну беш мүнөт эле эрте чыгарып алсаң бышпай калат, же беш мүнөт кеч алып калсаң күйүп кетет. Ошон үчүн бардыгы норма менен болуусу зарыл.

Кандай гана кой болбосун жарай береби?
– Жок, буга картаң койдун эти болбойт. Үч айлык козудан бир жарым жашка чейинкилердики жакшы болот. Өтө семиз же өтө арык койдуку дагы жарабайт, ортодон жогору болуш керек.

Таш кордону канчадан бери жасап келатасыз?
– Он жети жылдан бери жасап келатам. Балдарым шаардан барган сайын жасап берер элем. Ошондон улам алар: “Ата, бул тамакты биз эле жей бербей, бишкектиктерге да жедирбейсизби?” деп калышты. Ошентип, балдарымдын сунушу менен Токтогулдан Бишкекке келип, иш баштаганыма үч жыл болду. Кудайга шүгүр, акырындык менен орун таап кеттим. Азыр бул деле өзүнчө бизнестин түрү болуп калды.

Шакирттериңиз барбы?
– Эки уулум жакшы өздөштүрүп кетишти. Келиндерим, иним дагы жасап калышты. Башка балдарга деле болгон аракетим менен үйрөттүм. Кийин “Раимбек агадан үйрөндүк” деп айтышса дагы, айтпай коюшса да өздөрүнүн эрки. Бул тамакты мен эле жасайм деп дагы мактанып айта албайм. Лейлекте да бышырып жүргөндөрүнөн кабарым бар. Бирок, менин билишимче, көпчүлүк менин колумдан жасалган таш кордону жеп жүрүшсө керек. Ошондуктан, “Раимбек жасаган таш кордо” деген лакап тарап калды.

Кызматыңызга муктаж болгондор сизди каяктан табышат?
– Чоң-Арыктын жанындагы сейил бакка жетпей, оң тарабындагы коргондо боз үйлөр тигилген жай бар, жайы-кышы келген-кеткендерди тейлеп ошол жердебиз. Кызматыма муктаж болгондор да ошол жерден таба алышат.

Рахбар Алымкулова

P.S. Райымбектин “таш кордосунан” ооз тийгиси келгендер Чоң-Арыктын жанындагы сейил багынын жанына жана “Туңгуч” кичирайонунун чыгыш тарабындагы Горький-Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Чоно” кафесине кайрылсаңыздар болот.
Байланыш телефондору:
(0773) 40-19-60;
(0773) 63-60-37;
(0555) 00-17-18;
(0312) 44-98-19.

«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.