Н. Султанмуратова дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадада жеңүүчү болду

Кыргызстандын тогузкоргоол боюнча чебери Нурия Султанмуратова Пардубицада (Чехия) өткөн дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиаданын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине дене-тарбия жана спорт боюнча агенттиктин басма сөз катчысы Шабдан Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, эркектер арасында күмүш медалды кыргыз спорт чебери Камчыбек Касымов утту, ал эми Мирлан Кудайбергенов менен Нурбек Имакеев төртүнчү жана бешинчи орундарга ээ болушту.

Олимпиадага катышкан 5 команданын ичинен Кыргызстан баардыгы 16 упай топтоп биринчи орунду утуп алышты.Экинчи орунду Казакстан (15упай), үчүнчүнү Чехия алды.

Ал эми аталган дүйнөлүк олимпиаданын турнирлеринде Азербайджан, Германия, Казахстан, Кыргызстан, Латвия, Россия, Словакия, США, Украина жана Чехиянын спортсмендери катышышкан.

Зарина Сагынбек кызы, “Кабар” МА, 24.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.