Жаркынай Темирбаева, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: Жаркынай эже жана Жаныбек казы

“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кокту барбы кыргыз башы жатпаган”- демекчи, ырайымсыз тагдырдын запкысын далай жолу башынан кечирген кыргыз калкы канча жолу чачылып, канча жолу чабылды? Саргайган тарых барактарында ошондой тагдырга туш болгон кыргыздын дагы бир чыгаан уулу Жаныбек казы жөнүндө “Азаттык” үн алгысынын журналисти, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер Жаркынай Темирбаева маек куруп берди.

– Сиздин Пакистанга баруу максатыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
– Мен Пакистан, Кытайга атайын маанилүү маалымат топтоюн деп баргам. Азыр өзүмдүн көкүрөгүм уктабай турган кези, көп маалымат чогултуп, маалыматтарды алмаштырып, жаңыртып турсам – деп максат кылган болчумун. Мен азыр кыргыздын атактуулары жөнүндө китеп даярдап жаткандыктан, Пакистандагы Жаныбек Казынын урук тукумдарынан, ал жөнүндө толук маалыматтарды чогултайын деп келгем, көптөн бери ойлоп жүргөн максаттарымды ишке ашырдым – десем болот.

-Жаныбек казы жөнүндө маалыматтарды жыйнай алдыңызбы?
– Жаныбек казы Совет бийлиги жаңыдан орной баштаган мезгилде басмачы катары куугунтукталып, өз Мекенинен алыс качууга аргасыз болгон. Биз окуп жүргөндө аны адабияттардан басмачы – деп окуганбыз. Эгемендүүлүк алганга чейин тарыхчылар, адабиятчылар Жаныбек казыны басмачы катары сүрөттөп келишкендиктерин буга чеийнки окуган адабияттардан да билебиз.

Ал убакта идеология өзү ушундай болгонбу, ошентип жазышчу экен.. Анан “Азаттыктын” мектеби мени ойлоонууга түрткү берди. Дал ушул “Азаттык” үн алгысында “Адам жана тагдыр” аттуу рубриканы да алып барып калганым, бул инсан жөнүндө тереңирээк маалымат чогултууга түрткү болду. Эмне үчүн бул киши канчалык басмачы болсо дагы, анын ысымы эл оозунда азыркыга чейин айтылып келет?-деген суроолор мени кызыктырып туруп алды. Раматылык Салижан Жигитов да айтып калчу эле:”Эгер сен Жаныбек казы жөнүндө толук маалымат алгың келсе, Кытайга, анан Пакистанга барып келишиң керек “-деп. Анан ой жүгүртүп ойлонуп көрсөң, басмачы- деген “адамды” жок кылып коюш оңой эле иш болчу да. Анын үстүнө “басмачы” деген аты бар адамды кытайлар сактап калышмак эмес да. Демек, анын акылдуулугу, идеясы, амалкөйлүгү элге жаккан. Ал басып алуучулардын өз элин коргоп, каны-жанын аябай, бардык дитин элге арнап койгон чыныгы патриот инсан болгон. Болгону анын идеясы ошол кездеги бийликке жаккан эмес. Биз Жаныбек казы- деп эле билген бул улуу инсанды Сауд Аравия, Кытай, Пакистан, Англия жана башка мамлекеттерде жашаган урпактары: “Жаныбек казы бул-абдан акылдуу, шариятты сактаган, адам укугун коргогон адам болгон. Биз аны “Олуя” катары тааныйбыз” – деп, жогору сый менен баалап-баркташат экен. Ал алгач Пакистанга качып барганда, “Былпылдак” деген жеринде отурукташып калган. Бул жер аты айтып тургандай эле 5-6 метр аралыгында жер аймагы былпылдап, жумшак болуп турат экен. Ушуга карабастан, бул жердеги калк өмүрүн тобокелге салып, карыш жылбай ушул күнгө чейин жашап келишет. Учурунда Жаныбек казы дагы урпактарына: “Ушул жерди таза кармагыла, бул жердин батасын алганбыз”-деп осуятын калтырган экен. Жаныбек казы учурунда жашап кеткен Үрүмчүдөгү, Түркстан аймагындагы элдердин айтуусу боюнча, ал мыкаачы, кан төккүч эмес, адам укугу үчүн күрөшкөн чыныгы эл адамы болгон. Жаныбек Казынын урпактары өмүр бою чет жерде, чет элде өмүр сүрүшсө дагы кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылып жаткандыктары бизди абдан сүйүнттү.

– Ал жактагы мекендештерибиздин жашоосу жөнүндө айтып бербейсизби?
– Негизи алардын жашоосу ислам дининин шарттары менен кадимки эле мусулман өлкөсүндөгүдөй. Бизчилеп эки күндө тапканын бир күндө чачып салышпайт экен.

– Алардын ата-бабасы жердеген тарыхый мекенине кайтып келели деген ойлору бар бекен?
– Жаныбек казы тирүү кезинде балдарына Кыргызстандан орустар кеткенден кийин кандай падыша бийликке келген күндө да, өз мекениңерге кайтып барасыңар, бир мезгил келет, мен кайра жаралам, кыргыздарга жол ачылат, ошондо барасың, сөзсүз барасың. Менин атымдан жерди өөп кой”-деген осуятын калтырган экен. Ошентип, 90-жылы Совет бийлиги кулаган соң, Жаныбек казынын Маматибрайым деген баласы Кыргызстанга кайтып келген. Жаныбек казынын эки аялы болгон, бирөөсү кыргыз, экинчиси өзбек улутунда. Кыргыз аялынан калган тукумдары бул жакта калса, ал эми өзбек аялын илгери Кытай өкмөтү аркылуу өзүнө алдырып алган экен.

Ошол баласы Кыргызстанга кайтып келип, ата керээзин орундатууну каалаган, ой-мүдөөсү баягы эле бийликтин мыкчыгер-бюрократтарынын айынан орундалбай, үч жылдай биякта жүргөн соң, качандыр бир убакта өз мекенин айласыз таштап кеткен атасына окшоп, кайрадан экинчи ата-журту Пакистанга кайтууга аргасыз болгон.

– Жаныбек казынын атынан түштүк жакта бир шаарча аталган эле. Ушуга кененирээк токтоло кетсеңиз?
– Жаныбек казы менин чоң апамдын бир тууганы болгон. Мен советтик тарыхта аты аталбай калган бул улуу инсандын тууганы болгондуктан гана эмес, кыргыз эли үчүн эмгеги чоң бул адамдын тарыхый ордун аныктоо максатында “Жаныбек казы” атындагы коом түзгөн элем. Бул коом советтик идеологиянын аркасында Жаныбек казыга окшоп эл үчүн өмүрүн аябай күрөшүп, бирок тарыхтан татыктуу баасын албай келаткан улуу инсандарыбызды элге таанытууну, элге жеткирүүнү максат кылат.

Бул коомдун эң алгачкы жемиши катары Өзгөн шаарынын бир кичи районуна Жаныбек казынын ысымын берүү болду. Мен алгач Өзгөн шаарынын мэри Атажанов аттуу өзбек жигитке анчалык деле чоң үмүт артпай, “Ушундай бир инсан бар эле, ошонун атынан бир көчөнү, же бир сейилбакты атап койсок кандай болот”-деп жөн гана сунуш кийирип койгон элем. Ал жергиликтүү калк менен шаардык депутаттар менен кеңешип, Өзгөндөгү Черемушкина атындагы кичи районго анын атын ыйгаруу чечимин кабыл алышыптыр. Алгач укканда кадимкидей толкунданып, мэрге рахматымды айтсам “Ой, эжеке Жаныбек казынын уулун мен жаш кезде көрүп калгам, аны Кыргызстанга жайгаштыра албай, ошондо чоң уят болдук элек. Бул сунушту мен кубаттап, колдойм. Жаныбек казы атындагы бул кичирайон ар жагынан өзбек туугандар келсе, бер жагынан кыргыздар келип, эки элдин ортосундагы данакер көпүрө аймак болсун “-деген жылуу сөздөрүн айтты.

– Сиздин мындай иштериңизге бийлик тарабынан жардам берилдиби?
– Бир нерсени кылууга каалооң күчөп турса, бирөө-жарым каржылайт деген түшүнүк такыр болбош керек. Эгер жүрөк буйруп турса, аны сөзсүз аткарыш керек. Мен өзүмдү өзүм каржылап, ал гана эмес оператордун да Пакистанга барыш-келишине өз каражатымды жумшадым. Албетте, карыздап, бирөөлөрдөн убактылуу алып турууга да туура келди.

Кайыргүл Молдалиева, “Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 07.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.