«Менин сырым сен билесиң, булутум…»

Көз кубантып, дил толкуткан сулуулукка кимдер баш ийбеген. Кылымдын өчпөс жылдызы Таттыбүбү Турсунбаеванын каза болгонуна быйыл 30 жылга аяк басат. Дарегине жакшы да, жаман да кептер айтылды. Ошого карабай өз баасынан бөксөрбөй да, кемибей, эл оозунда айтылып келет. Ошол сулуулуктун символу биздин сүрөт баянда.

ТАТТЫБҮБҮ КИМ?

Учкан жылдыз! Батыштан чыгышка же чыгыштан батышка бир укмуштай алоосу жанып, кайып учкан жылдыз.

Ал табышмак! Ким экенин көрүп эле турасың, билип эле турасың, бирок жандырмагын тил менен айтып берүүгө болбогон табышмак.

Таттыбүбү ким? Ыр! Кайсы акындын тилинде кандай үнгө салсаң да миң кубулжуп көркүнө чыгып турат.

Таттыбүбү ким? Миң эркектин жүрөгүн жаралаган… Миң эркектин карегинде катып калган… Миң эркектин эч кимге айтпас эсил сыры, миң эркектин көз жашы!

Таттыбүбү ким? Ушак! Көрбөгөндөр көргөндөй айтат. Укпагандар уккандай айтат.

Таттыбүбү ким? Чындык! Анткени ал пенде. Миңдеген адамдардын катарында пенделик милдетин өтөгөн. Баланын энеси, күйөөнүн жубайы.

Таттыбүбү ким? Жомок! Уламыш! Миңдеген таланттардын дүрмөт отун тутандырар очок, бүтпөгөн поэма, чоң искусство.

Нуржамал Жийдебаева, “Супер-инфо”, №444, 06-12.0.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.