Баткен: Мугалимдин маянасы жаңыча эсептелет

Жаңы окуу жылынан тарта кирип жаткан мугалимдерге окуучунун санына жараша айлык төлөө ыкмасы кошумча түйшүк жаратышы мүмкүндүгү айтылууда.

Быйылкы окуу жылында сыналуучу аймак катары Баткен мектептеринде киргизилип жаткан “Жан башына каржылоо” ыкмасы кээ бир сабактарды кыскартып, билимкананын каржысын башкаруу мектеп жетекчилигине жүктөлөт. Жаңы долбоор боюнча мугалимдер өткөн сабагына карап эмес, окуткан балдардын санына жараша эмгек акы алышат.

Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитовдун айтымында, азырынча айылдагы аз окуучусу бар мектептерди каржылоо маселеси чечиле элек:

– Өзгөчөлүгү – каржылоонун такыр башкача формасы кирип жатат. Мурда мугалим окуткан сабагына жараша айлык алып келсе эми мындан ары окуткан баланын санына жараша эмгек акы алат. Ал эми аз окуучусу бар мектептерди каржылоо маселеси азырынча чечиле элек. Бирок каржы министрлигинен сентябрь айында бизге келип семинар өткөрөт, ал ошондо дайын болот. Билишибизге караганда, бул долбоордон эч бир мектеп жабыр тартпайт.

Баткендеги орто мектеп директору Уларбек Арапов болсо жаңы ыкманын кириши бир топ жактан жакшы болушу мүмкүн, бирок ишке кандай ашат муну убакыт көрсөтөт дейт:

-Эң биринчи өзгөчөлүгү бизде окуу программалары кыскарууда. Бул жакшы. Анктени бизде 10 жаштагы бала бир жыл ичинде бир миң үч жүздөй саат окуйт. Ал эми Европада болсо ушул эле жаштагы бала тогуз жүздөй саат окуйт. Жыйынтык көрсөткөндөй бизде билимдин сапаты анча жогору болбой калууда. Демек ушул багытта тажрыйбага көңүл буруу керек экен деп түшүндүк. Андан сырткары класстан тышкары иштерге каражат төлөнчү эмес, азыр мындайларга төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ал эми 3 окуучунун атасы Салимбек Муратов бул ыкманы аймактын бир мектебинде сынап көрүп анан жылпыга сунушташ керек болчу, ансыз да айыл мектептеринде мугалим жетишпей жатканда “жан башына каржылоо” аймактын шартында ийгиликсиз болуп калып, калган окутуучулардан да кур калбасак деп тынчсызданат:

– Мен ойлойм, булл тажрыйбаны бир мектепте сынап көрүп анан облуска жайылтыш керек болчу. Биздин шартта бул кандай болот? Анктени бизде айылдарда окуучунун саны аз мектептер көп. Каржылоо аз болуп, айылда ансыз да мугалим жетишпей жатканда алар да кетип калышпаса болду.

Жеңиш Айдаров, “Азаттык”, 27.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.