«Шамчырак» тасмасы автордук фильмдердин мыктысы аталды

Кыргыз режиссеру Элнура Осмоналиеванын «Шамчырак» тасмасы Ысык-Көлдө өткөн автордук кыска метраждуу фильмдердин мыктысы деп аталды. Бул туурасында 28-августта «КАБАР» агенттигине Кинематографияны өнүктүрүү фондунун продюсери Улан Исакбеков билдирди.

Сынак жеңүүчүсү Кинематографияны өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, кыргыз жана коңшу өлкөлөрдөн келген кино ишмерлери тарабынан жабык добуш берүү аркылуу аныкталды. Сынакка катышуу үчүн 8 фильм тандалган, жеңүүчү уюштуруучулардын колдоосу аркасында жаңы кыска метраждуу тасма тартууга мүмкүнчүлүк алат.

Экинчи орунду «Топошчу» тасмасын тарткан «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин бүтүрүүчүсү алды. Байкоочу кеңештин мүчөсү Төлөндү Тойчубаев ага өз колу менен жаңы фильм жаратуу үчүн сертификатты тапшырды.

А.Бенгард, МА, “Кабар” МА, 28.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.