Майра эженин ыры деп айтып өтөр урпактар алтын баш гөргө киргенде…

Кыргыз-казакка таанымал төкмө акыныбыз Майра Керим кызы быйыл жайда биз эмгек өргүүдө жүргөндө узакка созулган катуу оорудан көз жумду. Ооруп жатып да, айыккыс дартка кабылып туруп да айтыш деп, айтыш үчүн машинанын артына жатып барып Нарында акыркы ырларын ырдаган. Шаңшыган үндүү, шайыр жүрүм-турумдуу Майраны жоготуп алганыбыз менен ал тууралуу артында жакшы сөз калды. Анда кезек ошол сөздө.

Кегендеги бир тойдо

Тоолор тоого курашып барып, асманга чыгып кете албай Каркырада жайкалып жатып калат. Бир жагынан кыргызы, бир жагынан кытайы, бир жагынан казагы ошол тоолордо биригет да, ар кимдин тоолору келип кошоктошуп калат. Ошол кең Каркынанын казак капталында Кеген кыштагында үйлөнүү тою өтүп жатты. Кыргыз кыз казак жигитке баш кошкон тойго Астана менен Алматыдан азиз коноктор келип, Кегендин каймактарынын баары каз катар отурушат. Жар-жар айтып, кыздын бетин ачаарда “райондун эл артисти” го, бир жигит алып, “агаларга бир салам”, “жеңелерге бир салам” айтып, иши кылып туугандардын баарын атап, алардын акчасын шыпырып алып, арасында казактарды өйдө коюп кыргыздарга тийишип кетти:

“Манасты” Чокан таанытты,
Одиссейден зор дастан,
Кыргыз-казак биригип,
Токтогул, Жамбыл ырдашкан,
Каракол аттуу жеринен келип конду бир ак куу.

Ушинтип ырдай берди, тамагы да бүтүп калды, анан Майра домбырасын күүлөп, шаңшыган үн менен бирде казак талааларын аралагандай, бирде кыргыз тоолорунун бийигине чыккандай шаңшыды, жамгыр болуп сабалап өттү. Анын обону менен үн тембри айкалышып, мимикасы келишип, казактык дем, бийик көөдөн, ачык-айрым маанай, алабармандык менен обого бүркүтчөсүнөн көтөрүлүп алды:

Сүйүүнүн татып бал даамын,
Сүйгөнүң менен жүргөндө,
Мынабул жалган дүнүйө,
Бүтүн болот бир демде.
Чар этип келип наристе,
Бешигин көрүп киргенде,
Айланайын агалар,
Ал сөзүм алтын билгенге.
Акылыма илгенге,
Азыр баркым билинбес,
Араңда тирүү жүргөндө.
Майра эженин ыры деп,
Айтып өтөр урпактар.
Алтын баш гөргө киргенде.
Мына бул жалган дүнүйө,
Бар болоду бир демде.
Жок болоду бир демде.
Жоктун баркы билинбейт.
Бар колунда жүргөндө.

Ошентип добыранын үнү менен шаңшыган төкмөнүн үнү бир жуп болуп биригип, тойдо отурган казак-кыргызды гана муютпастан, Каркыранын кең ааламына башкача бир ажайып керемет ыраа кылып, ошол үн, ошол сыйкыр добуш Кеген тоолорунан кулап, казак талааларына “төгүлүп” турду. Каркыралык кары-жаш дебей, борбордон не бир казак кыйындарын көргөн мыктысынган интеллигенттер, кыз көчүрүп барган кыргыздар бир заматта тып болду да, сөз күчүнө жеңилип, жараткандын адамга берген керемет үнүнө ыраазы боло көөдөнү дал-далынан сөгүлүп баратты.

Кылым карысын жоктогондо…

Кылымда изи калган алым Кусейин Карасаев акка моюн сунуп, жаамы кыргыз азага чөмүп турганда, Ажо баш болуп өлкө жетекчилери Караколго сый адамдын зыйнатын кылганы жөнөшөт. Уят болуп калбаш үчүн жергиликтүү жетекчилер Майраны алдырышат, “кошок кошуп турасың” дейт. Шаңкылдап ырдаган төкмөнүн шаабайы сууп, алласы ооздон ыргыйт. “Билесиңби, ошондо такыр оозума кошоктун сөзү келбей койду, кошок деген кошок экен, анда күйүттүү күйгүлүк башыңда турбаса өзүңдү миң сабаганың менен кыргыздын керемет ыр-ыйы көкүрөк тээп чыкпайт экен, ошондо өзүмдүн алсыздыгымы сездим го атанын арбагынын алдында” дейт.

Эрмек менен тамашалуу айтышканда…

Эрмек деген казактын таанымал төкмөсү бар. Бир жолу акындык сынактардын биринде ошол Эрмек Майранын шаштын алат “ай чыкканда тилегиң – мен болоюн, Майрашым” деп кеп келебин чубап барат, биздин келин кайсыл сөзүнөн кармасам экен деп аңдып турат, аңгыча Эрмек “жездем соксо жаныңда мен болоюн” деп ийет, ошондо анан Майра:

Эрмектай, жай калсаңчы, жай калсаңчы,
Манастын тоюна келдиң, байге алсаңчы,
Жездеңдин сокконун сен не кыласың,
Майра апаңдын башына бак орноткон,
Жездеңдин шол “балагынан” айлансаңчы, – деп оппонентинин оозун Ошту каратат.

Ой, бай, ой, мен ушундай сөздү угуп бердим,
Эстегенде деги чыдап туруп бердим,
Апыке деп сени мактап отурсам,
Келип бир кыргыздын “балагына” жыгып бердиң”, – деп Эрмек таарынычын айтса, Майрам кайра:

Сен дагы капысынан капталымдан уруп төктүң,
Мен бирак жездекеңдин “балагына” жыгып кетсем,
Кулагынан уштагын да, туруп кеткин, – деп тамашаны жайгарат, кепти башка нукка бурат:

Бар дейт го, Эрмек сенин жалгыз кызың,
Сону мен Акжолтой деген уулума кошсом деймин,-дегенде, Эрмек ырчы:

Казактын кыргызга берген бир Майрасы аз болгондой,
Апыке коймоксуңбу акеси менен баласын бажа кылып, – деп жооп берет.

Кеген таңы

Кегендеги тойдо таң эртең Майра экөөбүз айылдын күн чыгыш жагына барып бадага бараткан уйларды карап сүйлөшүп отурганбыз. Кегенге Күн казак талааларынан чыгат. Бул кез айтып бүткүс керемет кез. Дал ошол таңда – аппак, ажайып таңда казак кыйырларын карап ал мага секелек кыз кезинде далай жолу ушул райондун борбору Кегенге каттаганын, анан бактысын кыргыз жигит Канат ачканын, күйөөсү казак тилин, алардын дилин кыйын билерин, өзү болсо кыргыздашып калганын, а түгүл Ысык-Көл университетинде кыргыз тили боюнча билим алып атканын айтып отурду. Арыда бөксө тоолор, андан ары чексизге созулган казак талаалары ичиндеги бугун чыгарып, балалык күндөрүнө кайтарып баргансыган… Андан бери бир топ жылдар өтүп, Майра обончу, төкмө катары жалпы элге жакшы таанылды…

Майра Керим кызынын чыгармачылыгындагы бир артыкчылык

Ал эки элдин – казак менен кыргыздын өнөр үлгүлөрүн өзүнө сиңирип алган. Анын философиялык өмүрү – өлүм, жашоонун максаты жөнүндө дастандарын уксаң бир баштаганын аягына чейин бир дем менен угасың, чалкыган кеңдикти, адамдык аруулукту, айкөлдүктү туясың, адамды арбаган жөнөкөйлүк бар, кыргыз ырларын аткарганда келиштире кештелеп кадимки эле биз күндө угуп жүргөн ырларга казактык боёк сүртө коёт, анысы тим эле ырдын ажарын ачып ийет.

Тоолордо топ гүлдөрдөй жайнап өскөн,
Туптунук он сегиз жаш кайда кеткен?
Жылышып жыл артынан айлар өткөн,
Жылмайган жыйырма беш жаш кайда кеткен?
Ойлосом ал күндөрдү айла кеткен,
Ойлонтуп отуз беш жаш кайда кеткен?
Кылактап кыз-келиндер бала тосуп,
Кыр ашып кырк беш жашым кайда кеткен?
Ээрчитип сезимдердин желегине,
Эр орто элүү жашым кайда кеткен?
Акырын андан кийин “мыш” келбейби,
Адамдар карылыкка туш келбейби?
Артынан аксакалдуу кыш келбейби?..

Абдыкерим Муратов, “Заман-Кыргызстан”, 12.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.