Ташбоо ЖУМАГУЛОВ, Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы: “Киргиздерди камап, ата албайбыз”

1989-жылы 23-сентябрда легендарлуу парламент мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алган. Ошол чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тил деп кыргыз тили жарыяланган. Андан бери 20 жылдын жүзү болду. 20 жыл ичиндеги өзгөрүүлөрүн, дегеле мамлекеттик тилибиздин абалы тууралуу Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагуловго кайрылдык.

– Ташбоо Рахманбердиевич, мамлекеттик тил мыйзамына 20 жыл толду. Ушул убакыттын ичинде улуттук тилибизде эмне өзгөрүүлөр болду, тил майрамына арналган салтанатты кандай өткөрүп атасыздар?
– 20 жыл убакыттын ичинде бир топ эле алгылыктуу иштерди жасадык. Бирок, чыныгы мамлекеттик тилге мамлекеттик мамиле март революциясынан кийин гана башталды. Чоң кыймыл, жандуу иштер акыркы төрт жылдын ичинде байкалып атты. Биздин иштерибиз, ММКлар аркылуу калайык калкка кеңири маалым. Акыркы төрт жылдын ичинде бир топ иш чаралар өткөрүлдү, укук борборлор ачылды. Көрнөк, жарнактар калыбына келтирилди. Эң негизгиси бузулган орфографиябыз, жазуу эрежебиз мыйзам түрүндө оңдолуп, эрежеси элге таркатылды жана 30 жылдан бери чыга элек, курамы 80 миң сөздөн турган кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү беш миң нуска менен кайрадан жарык көрдү. Буйруса ушул жылдын аягына чейин кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү басылганы турат. Ал да отуз жылдан бери чыга элек болчу. Бүтүндөй республикабызды кыдырган тил кербени уюштурулду. Ал эми мамлекеттик тилдин жыйырма жылдык чоң салтанатын белгилөө үчүн мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен 1-сентябрдан 1-декабрга чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыяладык. Кыргызстандын болгон аймагында кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүп, аны даңазалоо, кыргыз атуулу болгондон кийин мамлекеттик тилди билүүсү зарыл экенин тастыктоо акциясы өткөрүлө баштады.

– “Көчөдөгү көрнөк, жарнактар калыбына келтирилди” дедиңиз, бирок айрым көрнөктөр дагы деле орус тилинде, кыргызчага которулса да туура эмес болуп калууда. Сын-пикирлер да көп айтылып келет. Буга кандай чара көрүүдөсүздөр?
– Төрт жыл мурун көрнөк, жарнактар таптакыр которулбай орус тилинде жазылчу. Буга бир да кыргыз унчуккпай, башын жерге салып жүрө берген. Биз оңдоп, кыргызчалагандан кийин сындап, котормолорубузга асылгандар көбөйдү. Негизи кыргыздар бүткөн ишти сындаганды, акыл үйрөткөндү жакшы көрөт эмеспизби. Бирок, шаарыбыз чоң болгондуктан 10 миңге жакын көрнөктөр бар. Барысын көзөмөлдөө кыйын болгон үчүн элден жардам күтөбүз. Эгер бирөө “ушул жерде ушундай жарнак туура эмес которулган же которулган эмес” десе дароо балдар барып ээсин таап, катасын оңдоп коюшат.

– “Мамлекеттик тилде алдыга жылуу өзгөрүүлөр болду, мамлекет жакшы мамиле кылып калды” дегениңиз менен карапайым калк катмарын айтпай эле коелу, эл башкарган саясатчыларыбыздын дээрлик көбү “киргиз” болуп бүтүштү. Мындай абалдан кантип арылуу керек?
– Саясатчыларыбыздын барысы “киргиз” болуп бүтсө аларды камап сала албайбыз. Атып салууга да болбойт. Конституциябызга орус тили расмий тил жөнүндө мыйзам киргизилген. “Кыргызча сүйлө” деп бирөөгө айтып көр, “менин укугумду чектөөгө акыңыз жок” деп жооп кайтарышат. Андыктан мамлекеттик тилди таңуулоого акыбыз жок. Дүйнөдө жападан жалгыз кыргыздар гана өзүнүн тилине кошуп туруп, расмий тилге бийик даража берген. Мындан арылуунун бир гана жолу “киргиздер” намысына келип, жети атасынын арбагын сыйлап, кыргызча сүйлөгөнгө өтүшү керек. Мыйзам жолунда ушул нерсени ишке ашырсакпы деп мыйзамга түзөтүү киргизип, Жогорку Кеңешке долбоорун тапшырдык. “Мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы мамлекеттик тилде сүйлөшү керек, билбесе кызматка олтурбасын” деп атабыз. Депутаттар муну колдоп береби билбейбиз.

– Учурда өкмөт башчы Игорь Чудиновго кыргыз тилин үйрөтүп атасыздар. Муну менен бирге кыргыз болуп туруп өз тилинде сүйлөй албагандарга да сабак өтсөңүздөр кандай болот?…
– “Эне тилин чангандар, элдин келечегин тангандар” демекчи тилди чангандарга отуз жолу чогулуш өтүп, кыргыз тилин үйрөнүүсүн сурандык. Арасынан чанда гана саясатчылар келип окуп атат. Барысын зордоп окута албайбыз да, эң биринчи адамда каалоо болуусу зарыл. Мына эмгек жана социалдык өнүгүү министри Назгүл Ташпаева тил үйрөнүүнү каалады эле азыр сиз экөөбүздөй эле мамлекеттик тилде эркин сүйлөп калды. Башка “киргиздер” да каалап, тил үйрөнүүгө далалат кылса окутуудан качпайбыз.

– Эми кыргыз тилинин мындан аркы таскагы кандай болот?
– Пессимистерге кошулбайм. Акыр заман жөнүндө ойлогон Асан кайгыларга аралашпайм. Кыргыз тили эч убакта жоголбойт. Мурда кыргыз тили бөксөргөнү менен бүгүн күндөн-күнгө толуп атат. 10 жылдан кийин кыргыз тилин билбесең “сен сабатсыз, маданиятсыз адам турбайсыңбы” деген түшүнүк пайда болот деп ишендире алам. Буга толук көзүм жетет.

Бурул МУСАБЕКОВА, “Айат пресс” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.