“Архат” гибрид роман!

Урматтуу Башкы редактор Рыскелди Момбеков!
Үстүбуздөгү жылдын апрель-май айларында К. Акматовдун “Архат” романы боюнча менин окурмандык пикирим ошол кездеги “Ачык саясат” жана “Кыргыз руху” гезиттерине жарыяланган эле. Ошондон бери ушул күнгө чейин аталган китептин автору менен анын редактору (Т.Абдылдабеков) теле, радио (“Азаттык”) жана көптөгөн басылмалар аркылуу өз абройлоруна ылайык келбеген калптарды айтып актанып, оркоюп көрүнүп турган уурулукту жаап-жашырып окурман журтчулугун алдап, алаксытып келет.

Бул аракеттин баары бир беткей, бир тараптуу гана болуп мага сөз берүүдөн УТРК (М.Эшимканов) “Кыргыз туусу”, (К.Молдокасымов) “Кыргыз Руху”(А.Дүйшөмбиев) “Назар”( М. Рахманкулов) ж.б газиттер баш тартышты. Улуттук жазуучулар союзунун мурунку да, кийинки да жетекчилери ( О. Султанов.А. Алымбаев) толук кабардар. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей, мындай уурулукту бүгүн жаап жашырганыбыз менен эртең көркөм адабиятыбыздын тамырына балта чаап албайбызбы? Өсүп келе жаткан жаш таланттарга улуу муундун көрсөткөн үлгүсү ушундай болобу? Бул уурулуктун кабарын билген башка улуттун окурмандарына эмне деп жооп айтабыз? Ушуга окшогон өтө өкүнүчтүү суроолор тынчымды алып, Сиздин гезитке, чыныгы “Эл сөзү!” деп, атына заты жарашат деген үмүттүү ниетте менин жооп макаламды жарыялашын көптөн көп Сизден өтүнөөр элем.

Сизди урматтаарымды дагы бир ирет билдирип,
Саламым менен,
Дүйшеке Дөкөнбаев,
Чолпон-Ата шаары

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы айында Алматы шаарында, бир үйдө, мурда кийин чоң кызматтарда иштеп жүргөн барктуу-нарктуу адамдар менен мейманда болуп калдым. Сөздөн сөз уланып отуруп көркөм адабият жана анын азыркы абалы жөнүндө ар түрлүү пикирлер айтылып калды. Өткөн жылдын акыркы айларында К.Акматовдун “Архат” романын окуп чыгып анын таасиринде жүргөн элем, мактаныч иретинде “Кыргыз-казак адабиятында мындай чыгарма жарала элек, азырынча” -деп айта салдым. Четте отурган жашыраак жигит :
– Ой бай, ал роман Лобсанг Рампанын “Третий глаз” китебинин тикелей көшүрмөсү гой! Ошого карабай ал чыгармага госпремия берилипти – деп калды ай- буйга келбей.
Андай болууга мүмкүн эмес дегенимче төрдө отурган өтө авторитеттүү киши болсо керек, кол шилтеп салды:
-Былай иштер кыргыздарда боло береди гой!
Отургандар жапырт күлүп калышты.
Өзүн кыргызмын деген адам башка улуттардын арасында отуруп, өз элинин беделине шек келтирип, кемсинткен мындай келеке сөз укканда намысына келип ыза болоору турган иш го. Издештирип жүрүп эки айдан кийин “Третий глаз” китебин таптым. Окуп чыгып чынында эле көңүлүмдө иренжүү пайда болду, бир эсе К.Акматовдун ушундай уурулукка барганына таң калдым. Акырында карапайым окурман катары өз пикиримди, окшош салыштырууларды ( текстерди эмес, китептердеги беттерди, абзацтарды) көрсөтүп басылмаларга жазып жибердим.( “Кыргыз руху”, “Ачык саясат”). Ошондон бери ушул күнгө чейин китептин автору менен редактору (К.Акматов. Т.Абдылдабеков) дапдаана көрүнүп турган негиздүү далилдерге карабай ( Ал эми далил деген эч кандай танууга жол бербей турган, көзгө да, керек болсо башка жерге да аеосуз сайган ачуу чындык эмеспи) атайылап эле аларга көңүл бурбай окурмандарды алаксытуу максатында өз абройлоруна ылайык келбеген карандай калптарды шыпыртып актанышып, “Жылжытып койгон кыз жылжытпаган кыздын бетин тытат” дегендей менин адамдык беделиме шек келтирген сөздөрдү айтып, кайра мени мазактап-маскаралаганга өтүштү. Т.Абдылдабеков деген аалым болсо (Кыязы энесинин тарбиясында көбүрөөк болгон окшойт) айылдык аялдардын жаалданган сөздөрү менен кадимкидей эле мени каргап-шилеп, китептин авторуна жасакерленүү менен жооп жазды. Бирок, ал макаласында менин пикиримди, келтирген далилдеримди төгүнгө чыгарган бир дагы даректүү дооматты келтире албаптыр. Болгону аталган романдын 9-бетинде “Третий глазга” карата автордун атайын шилтемеси бар, ошого көңүл бурбай “..ашкере карасанатайлык кылган, күйгүлтүктөнүмүш эткенсийт” – деп жалаа жааптыр. К.Акматов да анын жазган жообун атайы эле демөөр кылып (“..Философ аалым Абдылдабеков жооп берди го”деп), ушул далилди ( 9-беттеги шилтемени) бетине кармап, өзгөчө канааттануу менен ага кайрылган кабарчыларга жүзү кызарбай туруп жооп берип келет. Ачык эле айтып коеюн мунун баары – к а л п! Суу кечпеген карандай калп. Мен Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунан 2007-жылы жарык көргөн, акыркы басылышындагы (расмий документпи же көркөм чыгармабы оңдоп түзөтүлгөн эң акыркы басылышы толук күчкө ээ эмеспи!) “Архат” романынын окуп чыктым. Ал китептин 9-эмес, токсон тогузунчу а түгүл андан башка беттеринде да китептин автору менен редактору жамынып жашынган шилтеме жок! (Ишенбесеңиз аталган романды караңыз!)

Демек, мурунку макаламдагы “Третий глаз” китеби жөнүндө (автор) эки ооз сөз айта кеткенде ак сөз, адилеттик өз калыбынан бузулмак эмес экен, аттиң…” – деп калыстык менен өкүнгөн сөзүм өз күчүндө кала берерин дагы бир ирет айтып коеюн.

К. Акматов кабарчыларга берген жоопторунда “..ошо киши өзү жасаганы чын болсо.., айткан менен түшүнө койбостур.., бул атайы уюшулган кутумдардын иши, Дөкөнбаев деген фамилияны тим эле жазып койгон…”-дейт. Сөз болбосоң кое кал! Уурулугун жашыруу учун ушундай сөздөрдү да ойлоп табууга болот экен ээ, тобо! Деги бул маселеге кымындай тиешеси жок адамдардын күнөөсүн кантип моюнуна алат? Же соттошобузбу, актыгыбызды далилдеш үчүн?

Ошентсе да жооп бере кетейин. “Эки кыргыз болсо бири жамакчы, жетөө болсо бири санатчы” дегендей кудайга шүгүр ырга, сөзгө жакын, нарк сактаган сөз баалаган шыктуу элбиз. Мен дагы акыл-эсим ордунда, сүйлөсөм айтаар сөзүм оозумда дегендей кырк жылдан ашык убак айыл чарбасында жетекчи кызматтарда иштеп келсем да, жаш кезимден бери көркөм адабиятты аваз кылып, өз мүмкүнчүлүгүмө жараша ага аралашып жүргөн ( жарык көргөн повесттерим, көптөгөн аңгеме макалаларым бар. Өткөн жылы М.Кашгаринин 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн аңгеме-конкурста жеңүүчүлөрдүн бири болгом) жетимиштен ашкан кишимин. Негизинен айыл жергесинде жашап, борбордогу белгилүү, аттуу баштуу адамдар менен шынаарлашкан тааныштыгым деле жок.

Демек, Казаттын “кутум” деген сөзү анын өзүнүн аброюна ылайык келбесе Кудай алдында андай иштен менин абийирим таза. Ал эми “..түшүнө койбостур…” дегенине кошулам, анткени борбордон алыспыз, чыны көп нерсеге түшүнбөйбүз, К. Акматовго окшоп асмандын жетинчи катмарындагы информациялык пояс менен кабарлашып турууга биздин мээнин даремети жетишпейт чыны. ( “Азаттыктын” кабарчысына К.Акматов “Мен романдагы маалыматты асмандын жетинчи кабатынан алдым” деп жооп бериптир. 14.07. 2009-ж. А чынында материалды кайдан алганын төмөндө келтирилген салыштырууларды окуп көрүп, өзүңүздөр тийиштүү жыйынтык чыгарарсыздар)

Газетанын көлөмүн эске алуу менен айрым беттерди, сүйлөмдөрдү кыскарттык

“Третий глаз” китебинин башкы каарманы Лобсанг Рампа, “Архат” романынын башкы каарманы Адилет монастырдын дарбазасынын алдына келип үч күн отурушат
– ” Третий глаз” китеби ( 1956-ж. жарык көрүп, 1991-ж орус тилине которулган. К.Акматов 1931-ж чыккан дейт. Бул сөзү да калп) 41-бет, аяккы абзац:
“Сделай сорок шагов назад и сиди на земле в позе созерцателя до нового распоряжения. Берегись если шелохнешся”
– “Архат” романы (“2007-ж б.а “Третий глаздан” жарым кылымдан кийин жарык көргөн) 39-бет аяккы абзац:
“Дарбазадан ары кырк кадам аттап барып малдаш уруп “Лотос” порумунда храмды карап жерге отургунуң. Былк этпей күнү-түнү отур”
– “Третий глаз” китеби, 44-бет, акыркы абзац:
“Хорошо было бы умерет сегодня ночью – подумалось мне. Я больше не вынесу” “..Я попытался встать, но не смог – мои ноги затекли и я ткнулся носом в землю”
– “Архат” романы 43-бет, үчүнчү абзац:
“Күн батып күүгүм кирген ченде Адилет кунарсыз ойго батып а түгүл “бүгүн түнү өлүп каламбы” деп шектене баштады. Адилет сүйүнүп кетип обдулду эле малдаш урган буттары кыймылдабай тоңкосунан кетип, эки колу менен жер таянып калды”
– “Третий глаз” китеби, 49-бет, экинчи абзац:
“Высунув язык, Там-Шо принялся за работу. Ножницы были изрядно тупыми. ..Помощник принес миску с такой горячей водой, что когда выплеснул ее мне на голову то я от боли опять подскочил.”
– “Архат” романы 52-бети, экинчи абзац:
“Нетух тилин сунуп алып, чоң кара кайчы менен кой кырккансып ишке киришти. Кайчысы мокок экен, улам чачын жулган сайын Адилет онтоп ийип башын качырат. Нетух баланын башына ысык суудан жаба куйду эле, Адилет чаңырып ийе жаздады.
– “Третий глаз” китеби 73-бети, экинчи абзац:
“Он приставил зубчатый конец инструмента к середине лба и начал вращать ручку.
Время остановилось.Инструмент прошел кожу и вошел в мягкие ткани, не вызвав особой боли… Вдруг послышался треск-кончик инструмента прошел кость”
– “Архат” романы 119-бет, экинчи абзац:
“Дрелге окшогон жалтырак көзөк өспүрүмдүн чекесине кадалып иштей баштады. Мани Ясого (Адилетке) убакыт токтоп калгансыды. Мынакей көзөк териден өттү. …Аңгыча көзөк жумшак чемирчекти өтүп, сөөккө урунгансыды. ..Аңгыча тырс эткен жумшак үн угулуп ошол замат электроаспап үнүн токтотту”
– “Третий глаз” китеби 185-бет, экинчи абзац:
“Мы приблизились к одной стене, на которой было нарисовано “Колесо жизни”. В мерцающем свете казалось, что оно вращается само по себе. У меня закружилась голова ”
– “Архат” романы 249-бет, экинчи абзац:
“Аңгычакты бир жарчанын бетинде “Өмүр айлампасынын” тегерек символу тартылып турганын көрдү Мани Ясо (Адилет) … Саамга Мани Ясонун башы тегерене түшүп, “Өмүр айлампасынын” символу да кошо айланып кеткенсиди”
– “Третий глаз” китеби 186-бет экинчи абзац:
“Три обнаженных тела, покрытых золотом, лежали передо мной. Двое мужчини одна женщина… Женщина была более трех метров. А более рослый из мужчин- не менее пяти метров.”
– “Архат” романы 249-бет, бешинчи абзац:
“Болгондо да эки эркек, бир аялдын беттери ачык, а денелери алтын кабыр менен капталган, Эркектердин боюнун узундугу беш, ал эми аялдардыкы үч чарчыдан кем эмес” .
– “Третий глаз” китеби 187-бет, шилтеме:
” См. Библия. Книга Бытия 1.4. “В то время были на земле исполины, особенно же того времени, как сыны божии стали ходить к дочерям человеческим и они стали рождать им. Это сильные, издревле, славные люди”
– “Архат” романы 249-бет, шилтеме:
“Доолор (Исполины) – Библияда. Бытия китебинде 1-бөлүм, 4-параграфта мындай делет: “Ал кезде жерде исполиндер жашаган. Өзгөчө Кудайдын уулдары, адамдардын кыздарына жөлөгөн күндөн баштап, алар исполиндерди төрөй башташты. Алар аска бойлуу, алп денелүү, даңктуу адамдар эле”
– “Третий глаз” китеби 190-акыркы бети, диалог:
“-Я решил, что ты отправишься в Китай…”
– “Архат” романы 262-бети, диалог:
” – А эгер баргыңыз келсе мына, биринчи Кытайдан баштаңыз”

Бул салыштыруулардан тышкары эки китептин тең каармандарынын (ортодон жарым кылым убакыт өтсө да) сүкүттө отургандары, балдар менен мушташкандары, ата-энелерине жолугуп кайра кетип калгандары, окугандары экзамен бергендери, Тибеттин борборундагы көргөн билгендери, үчүнчү көзү ачылгандан кийин көз караштары дээрлик бирдей, жалпысынан бир мазмунда. Ал эми Тянь-Шань тоолорундагы ысык суу (гейзер), киши кийик (ийети), Тибеттин жер алдындагы байлыктары, аерде жаткан эбегейсиз зор кишилер жөнүндө баяндоолор дагы окурманга бирдей түшүнүк калтырат. Кыскасы “Третий глаз” китеби “Архат” романынын (Роман 350 беттен турса, “Третий глаз”.190 бет. К.Акматов аны кичинекей китепче дейт) үчтөн эки бөлүгүн түзөт. Албетте, эки китептин тең көркөмдүгү, көтөргөн проблемалары эки башка, маани – маңызы да бөлөк, бирок мазмуну, сүрөттөө -баяндоолору бир биринен аз эле айырмаланат.

Романдын автору “Третий глаз” китебинен пайдаланган материалдар чыгарманын “…он чакты бетинде айтылган” – дейт. Бул сөзү да калп экенине өзүңүз күбө!

Дагы. Эки китептин каармандары Лобсанг Рампа менен Адилет (Маниясо) “…чогуу окуган..” дейт автор. Бул адашуу башка материалды көбүрөөк пайдалануунун жыйынтыгы болсо керек же асман жаңылыш кабар жибергенби, Казат мырзага?

Жыйынтыктап айтканда К.Акматовдун аталган чыгарма боюнча уурулугу жогоруда келтирилген далилдерден айкын көрүнүп турбайбы. ( Уурунун өз айыбын моюнуна алышы анын сыйыртмакты моюнга салышы дешет экен, куруп кеткен юристтер.)

Китептин редактору Т.Абдылдабеков “Третий глаз” китебин жөн гана “…биографиялык хронологиялык” чыгарма – деп атайт.

Учурунда Лобсанг Рампанын (Кайрил Генри Хоскин 1910-1981-жж. Ал 21 китеп жазган, аларда эзотерка, мистика, оккультизм, метафизика, телепатия, левитация, астралдык учуулар, ж.б. жөнүндө айтылат) чыгармалары Батышта болуп көрбөгөндөй чуу жаратып, (түшүнүктүү болсун үчүн ал жөнүндө айтылгандардын үзүндүсүн орусча келтирели):
“…-стали настольными произведениями десятки миллионов его последователей. Тысячи школ йоги преподают его ученье, сотни тысяч учеников поклоняются его идеям и искренне считают, что проникли (или находятся на пути постижения ) тайн мироздания”
(Кандай күчтүү чыгарма экенин мына ушундан эле байкаса болот.)

Алматылык казак жигиттин “Скандал болуу мүмкүн!” деген сөзүнөн улам кооптуу ой келет. “Архат” романынын негизги өзөгүн (Баалуу, өтө маанилүү проблемаларды көтөргөнүнө карабастан) Т. Лобсанг Рампанын “Третий глаз” китебинин мазмуну түзүп турганын баамдаган К.Г. Хоскиндин өлөрман-күйөрмандары эртең эле чуу көтөрүп чыгышпайбы? Дегдээринен саркытын сатып, сызыгын сыгып ичип, жок жерден акча тапканга маш Батыштын ишкерлери мындай оңтойлуу мүмкүнчүлүктү пайдаланбайт деп кепил болчулар табылабы, азыркы жандооч-жасакерлердин арасынан?

Жөнөкөйлөтүп техникалык сөз менен айтып түшүндүргөндө англиялык машинанын остовуна (негизги бөлүгүнө) жаңы, өзгөчө көркөмдүү кузов орнотуп даяр машина жасап алганга окшоп турат деген кеп, “Архат” романы.

Олчойгон остов эмес бир эле тетиктин окшоштугун Эл аралык эксперттер далилдеп чыкса (эгер ал тетик патенттик жактан корголгон болсо) анда анын чыныгы ээсинин руксааты жок пайдаланганы (же жасап алганы) үчүн экинчи тарап абдан чоң айыпка жыгылган учурлар дүйнөлүк практикада көп эле кездешет.(Бул боюнча тийиштүү адистерден кеңеш алса болот) Мени туура түшүнгүлө, кимдир бирөөлөрдү коркутуп, чочутайын деген ниет жок. Азыр башка заман, байлык үчүн башын канжыгага байлап койгон пайдакечтер дүйнө жүзүндө толо. Ылайым ошондой Эл аралык алабарандан сактасын! Андайга караганда биздин талашып-тартышканыбыз үйдөгү кийиздин чаңын күбүгөндөй эле иш…

“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.