Бейшенбек АБДЫРАСАКОВ, “Ак Жол” фракциясынан ЖК депутаты: “Атаңар Ленин деп окуткан, Манас экенин унуттуруп…”

ЮНЕСКОнун тизмесине “Манас” эпосубуздун кытайлар тарабынан киргизилгенине көпчүлүктүн нааразычылыгы күн санап күч алууда. Ушундай нерсеге эмне себеп болду деп ойлойсуз?
– Кыргыздын мурасын кытайлар менчиктеп алып атса анан нааразычылык күч алат да. Биздин “Манастан” башка байлыгыбыз жок. Эң чоң байлыгыбыз кытай аркалуу ЮНЕСКОго өтүп атканы өкүнүчтүү болуп атпайбы. “Манас” кыргыздын байлыгы гана эмес, элибиздин азыгы, бүтүндөй тарыхы. “Манасыбызды” алдырып жиберсек эмне деген жакшылык болот билбейм. Азыркы журналисттер, “Айтыш” фондундагы төкмөлөр, башка да тармактагы инсандар көтөрүлүп, нааразычылыгын ачыкка чыгарып аткандары туура. Бүгүн “Манасыбызды” кытайга, калпагыбызды казакка, бүрсүгүнү комузубузду өзбектерге, андан кийин боз үйүбүздү монголдорго тарттырып ийсек, эртең келечек муунга, балдарыбызга эмнени мурас кылып калтырабыз? Ошондуктан эмитеден ушул нерсеге олуттуу көңүл буруп, өзүбүздүн улуттук мурасыбызды сактап калуубуз зарыл. Мейли кытайда жашаган кыргыздар “Манасты” дүйнөгө таанытып, ЮНЕСКОго киргизгенине ыраазыбыз, бирок, алар кытайдагы кыргыздар Кыргызстандын атынан киргизиши керек эле да. Себеби биз өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп туруп, өзүбүз киргизе албай атканда алардын жасап аткан ишин карагыла. Эң өкүнүчтүүсү, ушул маселе ушул темпте кала турган болсо келечекте жүз жылдан кийин “Манас” эпосу кытайдыкы, Манас кытайдан чыккан делип тарыхта калып калуу коркунучу бар. Ушундай абалда калып калбаш үчүн эмитеден ЮНЕСКО менен барып сүйлөшүп, кыргыздыкы экенин тактап, өзүбөздүн өлкөнүн атынан кайрадан киргизгенибиз оң.
– Парламентте “көчмөн кыргыз элине тиешелүү бардык маданий, руханий байлыктарды энчилеп койбосо, кыргыздар барынан кол жууп калат” деген жакшы пикир айттыңыз. Патент алганда эле маселе чечилип кетет деп ишенесизби?
– Менин пикиримде ушундай абалга такалбаш үчүн мурда эле ЮНЕСКОдон өткөрүп коюшубуз керек эле. Ошондо мындай чатак болбойт болчу. Эми жогоруда айткан калпак, комуз, боз үй сыяктуу улуттук байлыктарыбызга патент алып койбосок акчасы бар башка улуттар биздин улуттук менчиктерибизди тартып ала берет. Мисалы, казактар көчмөндөр жөнүндө тасма тартпадыбы, ошондогу айтылган сөз казактардыкы эмес, кыргыздын сөзү. Алтай, Эне-Сай казактын эмес, кыргыздын жери болгон. Калмактарды да кыргыздар чапкан. Анан казактар келип алып, “калмактарды биз чапканбыз” деп кино тартып атышат. Бирок, акчасы көп болсо эле кыргыздардын байлыгын тартып алууга болбойт да. Мунун барысы тарыхта жазылып калган. Биз мындай нерсени жөн карап жата бербестен, аракет кылышыбыз керек. Биз улуттук байлыктарыбызды экиге бөлүп алганыбыз оң. ЮНЕСКОго кире тургандары Сулайман тоо, “Манас”, Ысык-Көл, Арсланбап жаңгагы. Грек жаңгагы деп айтып атпайбызбы, ал грек жаңгагы эмес, накта кыргыз жаңгагы. Гректер биздин жерди басып алып, жаңгактарды ушул жерден алып кетип, анан дүйнө жүзүнө таркаткан. Андан сырткары Саймалуу-Таш, Бурана, Өзгөн буранасы, Таш-Рабат деген жерлерибизге, комуз, калпак, боз үй сыяктуу улуттук буюмдарыбызды да ЮНЕСКОго киргизишибиз зарыл. Калган байлыктарыбызга, улуттук кийимдер, улуттук оюндар, ат жабдыктарыбыз, каада-салтыбыз ж. б. патент алып коюшубуз керек. Ооз комузду аябай жакшылап өткөрүп коюшубуз абзел. Себеби, ооз комузду көп мамлекеттердин өкүлдөрү ойношот. Өткөндө теледен көрдүм, африкада да ооз комузда ойногондор бар экен. Ошондуктан ар бир музыкалык аспаптарыбызды кыргыздыкы деп каттатып, тамак ашыбызга, кымыз, бозо суусундуктарына да патент алганыбыз оң. Себеби, бул суусундуктарды башка улуттар дагы жасап жүрүшөт. Африкада бир улут бозо жасашат экен. Ал эми кымызды кытайлар, монголдор, казактар жасап жүрүшпөйбү. Беш бармакты Үрүмчүгө барсак казактардыкы деп тартып атышат. Мына тамак-ашыбызга чейин патент албасак, эртең башка улуттар энчилеп, өздөрүнүкү кылып аларынан шек жок. Ушул нерселдердин барысын менчиктеп, келечек муунга калтырбасак, кийин келечек муун кыргыздын байлыгы эмне экенин билбей да калышы мүмкүн.
– Ушул айткандардын барысын ишке ашыруу максатында окумуштуу, илимпоз, археолог, тарыхчылардан турган комиссия түзүү керектигин айттыңыз эле, колдоого алынып, ишке ашчудайбы?
– Туура айтасыз, жакында эле өкмөткө протоколдук тапшырма бердим. Ушул ишти өкмөт чечип берсин деген ой бар. Менимче муну өкмөт деле чечип бере албаса керек, бирок, жанагы айтылган тарыхчы, илимпоз, окумуштуу, археологдон турган комиссия түзүлсө жакшы болот эле. Анан булар менен тарыхыбызды иликтеп, керек болсо археологиялык изилдөөлөрдү казып чыгып, кынтыксыз кылып жаздырып алуу керек. Себеби эч ким талашпай тургудай фактыларды келтирип, экинчи мындай ишке барбай тургудай кылганыбыз туура деп ойлойм. Бул жалпы кыргыз журтчулугубуздун парзы.
– Кыргыз элинде дагы бир көйгөйлүү маселе тил маселеси болуп атпайбы. Өткөндө парламентте тил маселесин көтөрүп чыгып бир оп “киргиздердин” кыжырына тийдиңиз окшойт…
– Чынында ар кандай адамдардын патриоттук сезими да ар кандай болот экен. Кыргыз тилин кыргыздардан башка ким колдомок эле, кыргыз тилин Кыргызстандан башка өлкөдө сүйлөшпөйт. Кытайдай болуп 1,5 миллиард элибиз турса, орустардай же англис тилиндей тилибиз дүйнөгө таркап кетсе мен коркпойт элем. БУУнун изилдөөсүнө таянсак, жүз жылдын ичинде жоголуп кете турган жүз улут бар. Анын арасына биз да киргенбиз. Экинчиден географиялык жайгашкан жерибиз бир жагыбызда 1,5 миллиард кытай, бир тарабыбызда 150 миллион орус турат. Кыргыздар океандагы бир тамчы суудай эле калк. Эртең жок болуп кетүү коркунучу бар. Андан сырткары миграция деп, көпчүлүк кыргыздар чет өлкөдө. Ал жакта айрымдары жарандыгын алып атса, кай бирлери ошол жактан үйлөнүп, жайланып отурукташып калышууда. Сибирде соода-сатык кылып жүргөн эжелерибиз, кыздарыбыз ден соолугу жабыр тартып, келечекте эне болуу бактысынан ажырашат. Ушул сыяктуу адамды чындап ойлонто турган маселелер бар. Ошон үчүн кыргыз эли бирдикте улуттун жоголуп кетпеси үчүн кам көрүшүбүз керек. Тилекке каршы бул пикирди кыргыздардын барысы колдобойт, айрымдар колдомок турсун “ушулар жоголуп кетсе экен” деп тилешет. Кыргыз тилин сыйлабагандар канча? Айрыкча интелегенция жааты, Ак үй, өкмөт, дегеле чоң кызматтагылардын дээрлик көпчүлүгү орусча сүйлөшөт. Алардын балдары таптакыр орус болуп калган. Керек болсо чет өлкөгө кетип, ошол жактарга отурукташып алышкан. Кыргыздарда “кой оозунан чөп албаган” жооштугубуз абдан күч алган. Ошол улуттук өзгөчөлүгүбүз башыбызга таяк болуп тийип атпайбы. Мисалы, миң чеченден миң чечен чыгат. Ал эми миң кыргыздан бир эле чечен чыгат. Жалгыз ошол кыргыз деп күйүп, улуттун ар намысы үчүн кам көрөт. Мына, акыркы жыйырма жылда көп адамдар улуттук байлыкты, руханий дүйнөнү материалдык байлык менен алмаштырып алышты. Байлык десе эле завод-фабриканы элестетишет. А жан дүйнө байлыгы сыртта калып калууда. Менимче кыргыздын каада-салтын, улуттук намысын сактап калуудан өткөн байлык жок. Ошондуктан дайыма “акчага, долларга миллионер болбой, ыйманга миллионер бололу” деп айтып келем. Кыргыздын өсүп келаткан жаштарын да ушул нерсеге үндөйм. Анткени, акыркы отуз жылда кыргыз эли абдан өзгөрдү. Ааламдашуу болуп, компьютердин заманында жашап атканыбыз, чет өлкөнүн тарбиясы начар, фантазия менен тартылган тасмалары жаштарыбыздын аң-сезимине терс таасирин тийгизүүдө. Отуз жыл мурда кыргыз менен азыркы кыргыздын айырмасы асман менен жердей. Отуз жыл мурда кыргыздар атасын карылар үйүнө таштап, же денесин сатып, көчөгө баласын таштаган эмес. Азыр кыргыздар кандай абалда калганын көрүп, билип атпайбызбы. Москвада 260 кыргыз кызы төрөп, балдарын таштап кеткендиктен, төрөт үйүндө 260 кыргыз балдары жатат. Ушуну укканда төбө чачың тик турат да. Ушундай окуялардан улам кыргыздар ойлонуп, акыл-эсибизге келишибиз керек. Дин маселесинде да чоң көйгөй жатат. Бүгүнкү күндө 120 миң кыргыз баптист динине өтүп кеткен. Бул да келечегибизге балта чабылганы. Болуптур, кандай тил болбосун үйрөнүп алуу ашыкча болбойт, бирок, эң алгач эне тилди билиш керек экенин унутуп атпайбызбы. Ушул жагдайлардын барысы келечекте кыргыз эли таптакыр жок болуп кетүүсүнө түрткү берүүдө. Азыртадан терең ойлонуп, келечек үчүн күрөшпөсөк болбойт. Мына тарыхый китептерди чыгарып, “Манасты” кайра бастырып атабыз. Мунун барысы жакшы. Ушул жолдон артка кетпешибиз зарыл. Жетимиштеги аксакалдар орусча сүйлөсө, аларды кыргызча сүйлө деп айта албайбыз. Андан көрө жети жаштагы балдарыбызга эне тилибизди үйрөтсөк, биздин келечегибиз ошолордун колунда. Бизге союз доорунда атаңар Ленин деп окуткан. Атабыз Манас экенин отуз жылдан кийин билдик. Ошондуктан жаңы муунга жаңы алиппе чыгарып, биринчи бетине Манас атабыздын сүрөтүн тарттырып, балдарга “атаңар Манас” деп үйрөтүшүбүз керек.

Бегимай МААДАБАЕВА, «Арт.kg» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.