Чыкемдин мекени – Шекер

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов Шекер айылына келгенде көбүнчө аталаш тууганы Керимбеков Жылкыбайдыкына кайрылчу. Жылкыбайдын үйү меники менен катар коңшу. Анын эң жакын жээни, кичинесинен бирге өскөн, ошонукунда бирге жашаган Досалиев Жапарбектикине келүүчү. Жапаш акенин үйү да мага жакын, бир жагы ал киши менен тууган болсом, бир жагы бөлөбүз. Анан менин апам Үрпаян Чыкеңе эже болуп кетет, бир уруудан – Шекер уруусу. Атам Дүйшөбайды Чыкең жезде, Дүйшеке деп сыйлачу.

Күндөрдүн биринде, түш оой, Чыкең Жылкыбай тууганынын үйүнө кишилер менен келип түштү. Ал жерден айтышыптыр, эжең Үрпаян каза болгон дешип. Көп кечикпей Чыкең жашындагы кишилер менен батага келип калышты. Куран айтылып бүткөндөн кийин, мен Чыкеңе үйдөн кантип тамак берүүнүн ылайыгын таппай: – Таяке, Үрпаян апанын арбагына арнап кан чыгарайын, куран айтып кетиңиз – дедим.
Чыкең бир аз ойлонуп туруп, – Мейли, биз азыр Кочкор-Атага барып келебиз, (Кочкор-Ата Манас чокусунун этегинде, Көк-Сай айылынан бир топ жогору , жалгыз карт дарагы бар, эл сыйынчу ыйык жер). Кечкиге Жылкыбай да дайынданып жатат. Эртең менен эрте даяр болсун – деди.

Чыкеңдер кеткенден кийин, айылда Айтпай деген чарба киши бар эле, ошого барып иштин жайын айттым. Мезгил жаз айы болчу. Айтпай аксакал кышкы туут, алдыңкы козусун берди. Козуну союп: баш, шыйрактарын куйкалап жаңы бүткөм. Аңгыча Чыкемдер да Кочкор-Атадан келип эле мени чакыртты.

– Кененбай эмне болду?
– Таяке, эртең мененкиге даярданып койдум.
– Бекер сени убара кылыпмын, эртең Тургунбай (Тургунбай Казакбаев, Россия колхозунун башкармасы эле) чакырып койду эле. мейли, эртең менен эртелет.

Кечинде Жылкыбайдын үйүндө болдук. Көрсө, жанындагылар: Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океевдер экен. М. Ауэзовдун “Көк серек” аңгемесине тартылган “Серый лютыйды” Ташкенге кинофестивалга алып баратышыптыр. Төлөмүш тартып, Сүймөнкул башкы каарман, Чыкең жетектеп дегендей.
Чыкең айыл элинин тегиз аман-эсендигин, көбүнчө согуштан аман келип, колхоздо эмгектенип жатышкандарга чейин тегиз сурап олтурду. Биз Чыкеңдин сыртка чыгып, көрүп билгендеринен кеп урса деген ойдобуз.

Чыкең жакын арада Индияга чоң жыйынга барганын айтты. Дүйнө жазуучуларынын курултайы (чогулушу) болуптур. Чыкең: – мага да сөз беришти – дейт. Ошол өлчөнүү аз эле убакыттын ичинде мен кыргыз элинин “Манас” эпосу жөнүндө сүйлөдүм. Манастын көлөмүн билесиздер: аны укпаган, билбеген элге аз убакытта аны жеткире айтуу, мен эмес, “Манас” айткан чоң залкар манасчылардын да колунан келбейт. Мени кыйнаган ошол болду. Манас – бүтүндөй кыргыз элинин руху. Ошону төгүп, чачып албай айтууга аракет кылдым. Ооба, мен жаңылбаптырмын, дем алыш убагында, Манаска кызыккан жазуучулар суроонун артынан суроо жаадырышты.

Чыкең андан соң, Индияда жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар кооз жасалгаланган пилге минишип, шаар ичин аралап кыдырганын, андай жасалгалуу пил аз санда, андай бакыт, баарынын эле бешенесине келе бербестигин, колунда барлар гана мине тургандыгын сүйлөп отурду.

Англияга барганда Санжарды ээрчитип алгам. Англиянын эс алуу паркы дүйнө жүзүндөгү эң эле кооз парктардан. Укмуштай сулуу, ар кандай тоту куштар ошол жерде, жаныңда бош жүрүшөт, чочулоо деген жок, жем берсең колуңан келип жейт. Санжарга куртка алып берейин деп магазинге кирип, деги эле ылайыктуусу табылбайт. Аңгыча биздин сөздү угуп калса керек, оногу жигит орустун арагын иче берип, абдан семирип кетиптир деп магазинчинин бири чала-була орусча өздөрүнчө сүйлөшүп калды. Санжар 14 жашта экенин түшүндүргүм келген жок. Мен жөн эле куртка болсо балама алып берейин эле дедим. Алар складдан Санжарга туура келген куртка таап беришти. Кесибим зоотехник болгондон кийин, Голландия ар бир уйдан 5 миң литр сүт өндүрүп, дүйнөдө биринчи орунду ээлегенден кийин, ошону көрө кетейин деп андан ары бардым. Мени фермердин фермасына алып барышты. Эки жүз чакты уй экен. Кенен короо жасап, уйларды ичине кое берет, жерлери болсо, Чыкең жолду көрсөтүп, мына ушундай тегиз деди. Чөбү тизеден. Жайыт түгөнгөндө, короосун жаңы конушка обуштуруп турат. Саан маалында уйлар да көнүп калышкан, саан аппаратка өздөрү эле келе беришет. Сүттүн аппараттан өтүп жатканы көрүнүп турат да, баары чогулуп агып барып бир цистернага куят. Сүттү ошо боюнча башка бир сүт заводдун ээси сатып алып кетет. Фермер болсо, ошол заводго барып кайра өзү сүт, май быштагын сатып алат экен – деди Чыкем.

Чыкем башты Сүймөнкулга, жамбашты Төлөмүшкө узатты, силер меймансыңар деп.

Казан бир кайнап калган, Чыкем да эрте туруптур. Чыкем: – Кандай эс алдыңар? – деп сурады.
– Чыке, сиз сурабаңыз, биз айтпай эле коелу – дешти тигилер бир ооздон. Түн бир оокумга чейин меймандарды конок каадасы кылып, “до отказа” сыйлаган элем. Эртең менен жаңы эле турушкан. Чыкемдин келгенин угушуп, бир топ айыл аксакалдары да келип калышты.

Жалпы үйгө кирдик. Тамак тартыла баштады. Алгач, баш, жамбаш, куйрук Чыкем, Сүймөнкул, Төлөмүшкө тартылды. Калгандарына толук тартыла электе эле, Чыке алыңыз, Чыке келиңиз деген сөздөр жаап кетти. Чыкең үн-сөзсүз унчукпай отурду. Тамак баарына тегиз коюлуп бүткөндөн кийин гана: – Ызыке (Ызырайыл айылдын молдосу) Үрпаян эжемдин атын атап, арбагына куран окуңузчу – деди. Төбөм көккө жетип, апам тирилгендей болдум. Менин күткөнүм да ушул эле. ана пайгамбар кишинин айтканы.

Биздикинде башты Төлөмүшкө, жамбашты Сүймөнкулга койду да, өзү үйдө отургандарга куйруктан кесип берип, баарын ооз тийгизди. Күндөрдүн биринде Чыкең Досалиев Жапарбектикине келип түштү. Анда да Чыкени уккан урук-тууган, айыл аксакалдары келип, Чыкем менен ал-жай сурашып олтурушту. Сөздөн сөз уланып, сөз жайлоо эле жөнүндө болуп кетти. Чыкем балалык күнүндө жайлоого мал менен чыгып турганын, Ой-Кайың деген жайлоо, Уу-Саз деген керемет конуш жөнүндө кеп салып отурду. – Мен бээлерди саанга айдап келгени кеттим эле. Жылкычылар ары чапкылашып, бери чапкылашып, колхоздун зоот айгыры бар эле, ошол өлүп калып, эмне кылар айласын табышпай, орус веттехник бар эле ошону таап келишиптир.

Доктор айгырдын ичин жарып көрүп, жылкычыларга бирдемелерди айтып эле жатат. Же орус жылкычыларды түшүнбөйт, же жылкычылар орусту түшүнүшпөйт. Аңгыча жылкычылар: – Чыңгыз келди, кел, келе кой айланайын, доктур эмне деп жатат? бизге которуп берчи. Эсибиз эки болду дешти чурулдашып. Көрсө, айгыр уу чөп жеп алыптыр. Айгыр ууланган, тээ төрдө уу чөп бар, азырынча чөп кайтканча малды ал жакка жайбагыла, чөп кайтканда эч нерсе болбойт – деп айтып жатыптыр. Мен которуп бердим. Чабандар баш ийкешип, тамак жеп отурганда башты мага узатышты. Сен болбосоң, бизге ким которуп, тилмеч болуп берет эле, өркөнүң өссүн! – деп батасын беришкен. Ошол менин биринчи гонорарым эле – деп Чыкең күлүп калды.

Уу-Саз деген конуш ошол боюнча ушул күнгө чейин Уу-Саз болуп аталып калды. Чыкеңдин “Асма-Көпүрө” деген аңгемеси да ошол жайлоодо жүргөндүн таасири болсо керек. Ой-Кайың суусунда асма көпүрө болгон.
Анда Андроповдун закону эле арак да келип, сөз арак жөнүндө болуп кетти. Чыкең: – Бу айылда, арак маселеси кандай чечилүүдө? – деп калды.

Ар ким эле сөз айтып жатышты. Талон, бир жанга 2 шишеден уруксат дешип.

Өткөндө, Ташкентте, Союз боюнча жазуучулардын жалпы жыйыны болуп калды. чогулуштан кийин, өзбек туугандар чай беришти. Мыйзам баарына бир. Өзбектер да мыйзамга баш ийип, чайнекке коньяктан куюп, пияланы берип коюшту. Көк чай деп коньяктан куюп ичип жатабыз. Тээ бир оокумда орус досторум орундарынан тура, чайнекти колдоруна кармашып, чайнекти чайнекке кагыштырып ичип калыптыр деп күлдүрдү.

Чыкең менен Ашым Жакыпбековдун айылга бирге келген учурун билбейт экем. Чыкеңдин аталаш жакын эжеси Күлайым апа кайтыш болгон. Күлайым апанын эркек баласы жок, күйөө баласы Мамбеткулов Токтогул, кызы Рыскүл экөөнүн колунда жүрчү. Мамбеткулов Токтогул өмүр бою мектепте мугалим болуп жүрүп өттү. Балдар-кыздарынын баарын жогорку окууга окутуп, эң сонун тарбия, таалим берген киши болуучу. Адабиятка шыктуу, жакшы ырдачу. Күлайым апаны түбөлүк жайына узатууга, пенделик кылып, топурак салуу парзына Чыкең келген, Ашыкең да бар. Ашыкем айылга көбүнчө тээ студент күндөрүндө Омор Султанов, Бексултан Жакиевдер менен көп келишер эле.

Кара кызды ак кылган, кара ташты камырдай жууруган акын, жазуучу, драматургдардын эки сөзүнүн бири күлкү менен тамаша болуучу. Алар келгенде Токтогул агай сөз жок үйүнө чакырып, малын союп, дасторкон жайып сыйлачу, мен шаарга барганда жазуучулар аябай күтүштү, үйлөрүнө тоскону аз келгенсип, ресторанга киргизип деп. Көрсө, акын жазуучулардын өзүнчө секрети бар экен. Аны биз уккан эмеспиз. Токоң өзү да билбейт… Кайдан, жайдан, ким жеткизген Чыкең билет экен…

Өткөн кеткендин ортосунда Чыкең:
– Ашым, Чыңгыздын чыгармаларын “мусулман” кылып жүрөм. Омор Тосордон болсо, мен Шекерден болом, Чыңгыз менин Шекерлик жердешим деп жүрөсүң, аның чын. Ошол Шекердин оор жүгүн экөөбүз көтөрө алар бекенбиз. Эми, Токтогул шаарга барганда кандай күтчүңөр эле, ошону айтчы?

Ашыкең күлдү. Көрсө, жазуучулар Токоңду ушинтип сыйлашчу экен.

Токоң жумушу чыкканда балдары да окууда болуучу, шаарга кам-чому менен барып келчү. Колу ачык киши, акчадан мол алып, бул саам утулбайм, деги эле силердиби? – деп ичинен кайрып. Ашыкеңдин үйүндө чеке тердеп, чай ичип отурганда Токоң: – Ашым, чакыр досторуңду – деп оозун жыйгыча, Омор, Бексултандар салам айтып кирип келишет. Ашыкең аларга мурда эле звандап койгон. Аман-эсендик сурашып, “оттуу суудан” ашказандарын жылыткандан кийин, кана баштайлыбы дешет. Ал убакта карта ойношуп, тамашалашып отурушчу экен.

Токоң келгенде, жазуучулар карта ойноп отурганга атайын бир бөлмө даярдап коюшчу. Кой бул жерде бала-чака бар. Биз бөлөк отуралы дешип, Токоңдун колтугуна кош жаздык, олтурганга кош төшөк салышып, орчундуу жерге олтургузушат. Аны жазуучулар акылдашып алышкан, Токоң олтурган жерде арт жагында дайыма чоң күзгү болот. Карта ойноп жатканда Токоңдун колундагы карталар күзгүдөн бет маңдайында олтурган кишиге бүт көрүнүп турган. Жазуучулардын сүйлөшкөнү боюнча алардан да бир-экөөсү утулумуш болушат.

Токоң канча аракет кылса да, бет маңдайда отурганы баарын шыпырып утуп алат. Токоң: – Эй, сен эмне чыгарма жазбай эле карта чыгарган жерде иштейсиңби? Эмки келгенде көрөм силерди? – деп өзүнө өзү дем берет. Анда утулгандардын бири: – Токо, көрдүңүз го, мен да утулдум, эрдик кылсаң сүрө кыл дейт. Мынча болду эртең баарыңарды каалаган ресторанга барып күтөм дейт.
– Чыке, биз Токоңдун акчасын утуп алганыбыз менен өзүнүн акчасына ресторанга киргизип, өзүн кайра сыйлачык – деп Ашыкең мойнуна алды.

Бир жолу биздин айылдан он чакырымдай алыс Крупская айылында чоң той болуп, көк бөрү тартылды. Эл көп, бир райондун улакчылары, казак боордоштордон да келишкен.

Чыкең ошондо Көк жоргону минип улакка барган. Көк жорго, мүчөсү келишкен, кайып жорго болучу. Аны Жылкыбай тууганы Чыкеңе арнап, жайы-кышы эч жанга мингизбей алпештеп багып жүрчү, Чыкең келгенде өзүнө гана мингизчү.

Ошондо аттын үстүндө элдин кумурскадай агылып, Чыкеңе кол бергени моюн созгондорун көрүп ал, аттарын колтукка теминишип… Көрсө, Чыкең ошол кезде “Гүлсарат” повестин жазып жүргөн кези болсо керек…

20-кылымда Айтматовдун Едигейин, Казангапты, Эне-бейитке алып барып коюшту.
21-кылымда асман айрылгандай, жер жарылгандай кайгы менен кабыргасы кайышкан калың кыргыз элинин, туусу түшүп, бир ууч топурагын алып, Чыкеңди Ата-Бейитке алып барып коюшту. Бул кыргыз элинин рухий трагедиясы, Чыкең азыр Манас атанын кырк чоросу менен бирге 18 миң ааламды кыдырып, Кыргыз элине көз салып жүргөн чагыдыр.

Кененбай Мырзанаев, Кара-Буура району,Шекер айылы,
“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.