“Аян” миңдеген кино тасмаларды артка таштады

Бул жылы Ирандын борборунда өтө турган Тегеран Эл аралык кинофестивалында Кыргызстандын атынан “Айтыш фильм” киностудиясында тартылган, режиссер Садык Шер-Нияздын “Аян” фильми катышмакчы.

Кино дүйнөсүндө чоң абройлуу Тегеран кыскаметраждуу тасмалардын фестивалы, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында аталган шаарда өтөт. Ал жерде ааламга белгилүү режиссерлор, актерлор жана башка кино ишмерлеринен турган Эл аралык калыстар тобунун сынына 70 жаңы фильм сунушталмакчы. Дүйнөнүн төрт тарабынан келген миңдеген фильмдердин ичинен тандалып алынып, чоң байге талашуу-га катыша турган тасмалардын сабында режиссер Садык Шер-Нияздын “Аян” фильми да бар экендигин уюштуруучулар тасманын жаратуучуларына жиберген чакырууда кабарлашкан.

“Аян” фильми ар улуттан чогулган көпчүлүктүн көңүлүн таап, кызуу колдоого ээ болду. Кинотасманын кыскача мазмуну “жылдыз” турмушунун даамын татып калган жаш ырчы жөнүндө болмокчу. Ал ырчыга “Манас” айтууга чакырык келе баштайт. Шатыра-шатман кооз турмуштан ажырагысы келбеген поп ырчы үчүн манасчылыктын келечеги, тагдыры ары түшүнүксүз, ары жупуну. Антсе да канындагы бир күч ал тарапты эңсетип, ага карай үгүттөп тургандай… Фильмдеги арсар ойдо турган баш каармандын образын калкка белгилүү болуп калган жаш ырчы Съездбек Искеналиев жараткан. Манасчынын авазы төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин аткаруусунда берилип, фильмде залкар Манас айтуучу Саякбай Каралаевдин документалдык кадрлары да колдонулган.

Айта кетүүчү жагдай, бул окуя “Айтыш фильмдин” тасмаларынын Тегеран фестивалындагы алгачкы ийгилиги эмес. 2007-жылы режиссер Темир Бирназаров “Парз” фильми менен калыстардын атайын сыйлыгын жеңип алса, бир жылдан соң, тактап айтканда 2008-жылы жаш режиссер Акжол Бекболотовдун “Кам санабаңыз” кыскаметраждуу фильми жюрилердин атайын сыйлыгына жана 3000 евро өлчөмүндө акчалай байгеге арзыган.

Маалымат:
“Айтыш фильм” киностудиясы кыргыз киносун өнүктүрүү максатында түзүлгөн жана негизги үч: көркөм кино, документалдык фильмдер жана анимациялык фильмдер багыттарында иштейт.

“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.