Тилим-дилим: Мыйзамсыздык тилден башталабы?

Быйыл 23-сентябрда Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгы өлкө башчысынын катышуусу менен салтанаттуу белгиленген.

Экономикалык, юридикалык же медициналык терминдерди кыргызчалатуу, же иш кагаздарын кыргызча жүргүзүү ошол тармактагы айрым бир адамдардын жеке аракеттеринен ары кыр ашалбай келе жатат.

Композитор ТурдубекЧокиев музыка чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилдин абалына көңүл бурайын деген жан калбай калганын айтат. Консерваторияда же Б. Бейшеналиева атындагы көркөм окуу жайында, же музыкалык орто окуу жайлары менен музыкалык мектептерде баягы эле баш оору – окуу китептери жетишпейт. Өлкөнүн кечээ эле маданият министрлиги болуп туруп бүгүн агенттикке айланып кеткен маданий мекемеси 50 жылдан бери комуз боюнча жазылып, алтургай терилип даяр турган жалгыз окуу китебин чыгарып койгонго жараган жок.

Композитор Турдубек Чокиев бул боюнча мындай дейт:

– Тээ 60-жылдары терминдердин сөздүгүн белгилүү музыка изилдөөчү Балбай Алагушев түзгөн болчу. Бирок орус тили үстөмдүк кылып тургандыктан ал сөздүк деле жетикиликтүү деңгээлде иштелген эмес. Эгемендик келгенден кийин бул багытта жакшы жылыштар болот деп ойлогонбуз. Бирок андай болгон жок. Алтургай Чыналиев аттуу көзү өтүп кеткен аксакалыбыздын комуз боюнча жазып кеткен китебин Маданият министрлиги чыгарып койгонго жарабады. Китеп терилип, басмага даярдалып тургандыгына карабастан 50 жылдан бери чыкпай келет. Анан кайдагы терминдердин сөздүгү жөнүндө кеп кылабыз. Эми министрлик агенттикке айланды. Иш жакшырарына көзүм жетпейт. Анткени ушунча жылдан бери музыкалык окуу жайлары орусча, французча, немисче окуу китептерин жыртылганына карабай окуп келатат. Бир да окуу куралы кайра басылган жок.

Азаттык”: – Мен билгенден тил комиссиясында музыка таануучулардан эч ким жок.

Т. Чокиев: – Биз тараптан чын эле эч ким чакырылган эмес.

Азаттык”: – Музыкалык терминдердин сөздүгүн түзүү иши менен кимдер алектенет? Улуттук Илимдер Академиясыбы же Кыргыз Билим берүү академиясыбы? Же Кыргыз композиторлор союзубу?

Т. Чокиев: – Мен билгенден бул тармак системага салынган эмес. Балбай Алагушев өзүнчө энциклопедия түзүп, өзүнчө аракеттенип жүрсө, Субаналиев өзүнчө аракет кылууда, Баары чаржайыт кеткен. Музыкалык илим боюнча музыка иликтөөчүлөрдүн башын бириктирген мекеме жок. Болгону консерваторияда илим изилдеп жүргөндөр бар, бирок алар да орус тилдүү. Ушундай абалда жашап калдык.

Ысык-Көлдө абал кандай?

Кыргыз тил мыйзамынын 20 жылдыгы президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда улуттук филармонияда белгиленген менен Ысык- Көл дубаны бул иш-чараны такыр эле көңүл сыртында калтырды. Эмне үчүн? Анда түрмөккө жардам берип аткан кесиптешиме сөз тизгинин берейин.

Рита Нурмамбет кызы: – Кыргыз тилинин 20 жылдыгы мамлекеттик тил катары Ысык-Көлдө расмий белгиленген жок. Тил күнү аталган 23-сентябрь район менен шаарларда гана эске алынбаса, облус бийлиги Ысык-Көлдүн 70 жылдыгын өткөрүү менен алек болду. Баарынан кызыгы так ошол күнү мамлекеттик тилдин басмырланганынан 19 адамдын сот иши үзгүлтүккө учурады.

Кабарчыбыз андан ары саясый камактагы 19 адамдын жактоочусу Асантур Молдогазиев соттук териштирүү залда олтургандарга түшүнүктүү болсун үчүн кыргызча котормочу сураганда сот Болот Дүйшембиев котормочу табууга танапис жарыялаганын, айыпталып жаткандардын баары айылдык кыргыздар болгондуктан тергөөчүлөрдүн жазгандарын түшүнбөй эле кол койо бергендерин, соттун бул жолку жүрүшүндө ушулар теришитирилгенин баяндап: “айыпталуучулар Балыкчы шаарынын мэриясына кирүүгө аракет кылган” деген сөздү “кирди” деп которуп салышканын мисал келтирген. Тилекке каршы сот кызматында кыргыз тилин жакшы билген бир дагы адис жок. Ал эми мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адис, облустук акимчиликте иштеп аткан Гүлжан Жангазиеваны сөзгө тартканда ал деле ынандырарлык жооп бере алган эмес.

Кабарчыбыз Рита Нурмамбет кызынын баяндамасына түшүндүрмө берүү үчүн юрист жана журналист Жыргалбек Турдукожоевди сөзгө тартканыбызда, юридикалык терминдерди кыргызчалатуу бузулбай жаткан дың бойдон калып келатканын, Кыргызстанда мыйзамдардын баары же кыргызча эмес, же орусча эмес, сабатсыз жазыларын, ушундан улам мыйзамдар да бузулуп жаткандыгын баса белгиледи. Эксперттин оюнча, сабатсыз жазылган мыйзамдар жалпы укуктук сабатсыздыкка алып келет жана соттук териштирүүлөрдө бурмалоолорго оңой жол ачат. Ж. Турдукожоев Кыргызстанда соттук иштердин бир гана орус тилинде жүргүзүлүп келаткандыгы ал тилди билбеген жарандардын жарандык укуктарын да одоно бузгандык болуп эсептелээрин белгилейт.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 17.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.