Кыргыздын, кыргыз тилинин жана Манастын феномендүүлүгү эмнеде?

Бул макаламда төмөндөгү чалкеш маселелерди окурман журтчулугунун назарына бургум келди.

1. Манастын жана “Манас” эпосунун феномендүүлүгү жөнүндө көп сөз айтылат, бирок жеткиликтүү түшүндүрүлбөйт, негизделбейт. Манас феному кыргыздын феномендүүлүгү менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан биз адегенде кыргыз деген ким экенин түшүнүшүбүз керек.

Ар кандай элдердин адабияттарында Адам-Ева жөнүндө берилген баяндамалар бар. Мындай баяндамалар ойдон чыгарылган немеби же болгон чындыктуу окуянын баяндамасыбы деген суроо туулат. Кыргыздын азыркы сөздүгүндө “адам” термини бул араб тилиники имиш. Мен адистигим информатик катары, бул терминди кыргыз тилинин термини деймин. Башканыкы дегендер, мисалы, мага кыргыздын “кишимин деп мактанбай, адам болдум деп мактан” дегенди эле башка тилге которуп беришсин. Андыктан Адам-Еванын баяны ойдон чыгарылган уламыш десек дагы, ал кыргыздын уламышы деймин. Азырынча аны башкалар өзүнүкү кылып мактанып жүрүшөт. Эгерде ал болгон окуянын баяны болсо, анда ал дагы кыргыз менен гана байланышкан окуя деймин. Адам-атага (Евага – кыргызча Обого) ысымдар кыргыз тилинде берилген, ошондуктан алар кыргыз жана алардын тукумдары да кыргыз.

2. Азыркы кыргызча сөздүктө көп сөздөр башка элдики болуп жүрөт. Бул жалган! Бул атайын жүргүзүлгөн саясаттын кесепети жана кыргыздын тукумдарынын башка элдерге тийгизген тарыхый таасирин кыргыз өзү билбегендиктен (М.Аджи. Тюрки и мир, М., 2004). Дагы Х.Карасаевдин эскерүүсү боюнча (радио берүү), Юдахиндин сөздүгүнө көп кыргыз сөздөрү киргизилген эмес. Себеби алар мындай сөздөргө тийиштүү орусча сөздөрдү таба алыша албай коюшкан. Жаңы сөздүктү түзүү учурдун маселеси.

3. Дүйнө элдердин ичинен жалгыз гана кыргызда эки тил колдонулат: табигый тил жана оюм-чийим тили. (М.В.Рындин. Киргизский национальный узор. Л., 1948.) Кыргыздын оюм-чийим ыкмасынан чыгыштык иероглиф жазмалары жаралган. Кыргыздын экинчи тили менен дагы философиянын мыйзамдары толугу менен сүрөттөлүп баяндалат. Азыркы кыргыз бул тилди түшүнбөй калган манкурттук абалда.

4. Кыргыздын тили Адам-ата менен кошо жаралган тил жана ал алгачкы деңгээлдеги системалуу илим-билимдин тили! Башка тилдер ушундай мүнөздөмөгө ээ боло алабы? Элдердин алгачкы билими системалуу болгону белгилүү (www.hf.msiu.ru/nauka 1-8.htm). Кыргыздын да билими башынан системалуу болуп “Теңирчилик” деген системалуу дүйнөтаанымын түзгөн. Мындай тааным Куранда айтылган Адам-атага берилген илим-билимден жаралган. Ал кыргыздын макал-ылакаптарында, Санжыра санаттарында камтылган.

5. Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымдан дүйнөдө саясатка жараша бурмаланган башка таанымдар, философиялар, диндер жаралган (М.Аджи. Тюрки и мир, Мыйзам. 2004). Ошондуктан атайын саясаттын негизинде азыркы дүйнөтааным, илим-билим жана окутуу алигиче системалуу абалына келе элек (Аблеев С.Р. Несколько философских штрихов к новой научной картине мира). Муну системалуу эмес билим алган кыргыздар билишпейт. Ошондуктан “Теңир – деп сүйлөгөндү жок кылуу керек” дегенди жана Теңирчиликти жеригенди кыргыз токтотушу керек. Учурдун проблемасы – бул тагыраак жаңы илимий дүйнөтаанымды жаратып, жалпы адамзатты туура акыл-эске, чыныгы дилге келтирүү менен ага тийиштүү кылып азыркы билим берүүнү жана жашоо тиричиликтин амалдарын оңдоо, баардыгына системалуу мамиле кылуу маданияттыгын калыптандыруу.

6. Кыргыздын системалуу дүйнөтаанымынын (Теңирчиликтин) термини менен айтканда, Жараткан адам артык болсун деп, акыл менен тил берсе дагы, бирок андан дагы амал, өнөр, дилге ээ кылып коюп, анын адил жүрөөрүнөн ал өзү күмөн санаган. Ошондуктан туура акыл-эс менен өнүгө албагандарга Жараткан менен өнүгүү программада Акыр Замандын болушу да болжолдолгон (“Дүйнөлүк топон суу”, “Загадки Древнего Египта”, Н.Тесли жана Э.Кейсли жөнүндөгү телефильмдер). Себеби ал кишилерди туура акыл-эске келтирүүнүн акыркы мүмкүнчүлүгү болгон. Сабатсыз, бирок Теңирчилик системалуу билимин жогото элек Калыгул кыргыздын тиричилиги адамгерчиликтүү болбой, кишичиликтүүгө ооп кеткендиктен, эки жүз жыл мурда эле көзү менен көрүп тургандай, Акыр Заман андай болоорун баяндап кеткен. (Акылман Калыгул. Бишкек, 2000.) Бирок жетекчилик саясат аны эске алдыбы? Албады. Ошондуктан “караңгы” делген кыргыздын айтканы ишке ашырылган жагдайдабыз азыр. Ошондой эле бир мезгилде кыргыздар – Адам-атанын тукумдары “Манас” эпосунда баяндалгандай абалдарга да келген.

7. “Манас” эпосунда баяндалгандай абалдарга кыргыздар келгенде Жараткан Манасты жаратып, ага “ыдырагандарды чогултуп бир эл кылуу” миссиясы тапшырылган. Себеби Жараткан менен жаралган эл кырылып жок болбошу керек эле! Ушул себептен, мындай эл “кырылгыс-кыргыс кыргыз” атка конгон. Адабияттагы мунун маңызсыз ар башкача жорулуштары адаштыргандык эле. Ал эми Миссиясы аткарылгандан кийин Манас эрте өлтүрүлүп, кыргыз эли өкүнүчтө, арманда калган. Бирок мындай элдин башынан өткөрүлгөн окуяларын, жашоо тиричилигин, билгендерин башкаларга сабак катарында санжыра кылып айтып жүрүш үчүн Жараткан өзүнүн кыргыз элине гана аян алуу менен Манас-кыргыз окуяларын оозеки айтып жүрүү касиетин ыйгарган. Дүйнө элдердин ичинен жалгыз кыргызда гана чоң дастандардын жана “Манас” эпосунун жатталбай оозеки айтылып калышынын чыныгы себеби ушул. Ал эми Манас окуяларын жомокко айланткандар адаштырылгандар. Себеби Манас окуясы адамдар азыркылар жоготкон, билбей калган касиеттерге ээ болгон мезгилде болгон. Ошондуктан “Манас” эпосуна миң жыл болду” деген дагы адашкандык.

8. Аталган ойлордун негизделиши логикалык ыкма менен эле болушу мүмкүн.

Себеби Теңирчиликтин санаты “Кудайды акыл менен гана тааныйт” – дейт. Чындыгында, мындан башка илимий айла да жок. Аталган ойлордун негизделиши “Уңгу тил (кыргыз тил) системалуу илим-билимдин жана ага негизделген ыймандуу маданияттын тили (Кутбилим, 13-20, 27-июнь 2008-ж.)” деген макалада жана автордун “Кыргыз ким?” (Бишкек, 2007-ж.) китебинде мүмкүн болушунча берилген.

Деги кыргыз ким экениңди тактап билчи, бирөөнү туурап адашып маңкурт болбой, өз акыл-эсиңе, дилиңе келчи! Ошондо, кыргыз сөзүнүн төркүнүн терең жана туура түшүнгөн Сабыр Иптаров жазгандай (“Кыргыз тили” – гезити, 18-февраль, 2009) “өзүңдүн рухуң, тилиң, акылың, өнөрүң менен өзгөлөрдү тамшанткан, таңданткан, суктанткан кыргыз адамы (кишиси эмес) болуу дегенге” келбейсиңби. Ошондо өзгөчө “бул эл үчүн тилден өткөн бийик дөөлөт – дил дөөлөтү бар. Ошондуктан буларды ушундай эл кылган рухий башаттан мен да азыктанып, мен да ушулардай айкөл, асыл, аруу (арий) адам болушум керек деген ички дымак, изги мүдөө имерип туруусу керек” болмок!

Сатылган Жорупбеков, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразия инновациялык технологиялар институтунун доценти.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.