ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ жана кино

Мистикалык ишеними күч адамдар: Мезгили, Доору, жашаган өлкөсү дал келгенде гана улуу адамдар жаралаарын айтышат. Мүмкүн, Чынгыз Айтматов ошондой адамдардын биридир?!.. Кандай болгон күндө да, мезгили – 60 жылдардагы совет мезгилинин гүлдөп – өсө баштаган кезине, өкмөт менен партиянын идиректүү жаштарды абдан колдоп аткан дооруна туш келди. Ал, али эч кимге ачыла элек, белгисиз кыргыз элин кызыктуу китептери менен гана эмес, кинотасмалары менен да дүйнөгө даңазалай алды. Бүгүнкү, биздин, бардык нерсеге кайдыгер караган мезгилибизден айырмаланып, ал кезде, талант-шыгы бар, эмгекчил, аракетчил жаштарды көз жаздымда калтырбай, укмуштуудай көңүл бурууларга көмүлүп турган учур эле.

1961-ж. Фрунзедеги кичинекей киностудия “Кыргызфильм” аталар менен Ч. Айтматовдун чыгармалары дароо эле кинорежиссерлордун көңүл буруусуна арзып, алгач, “Кызыл жоолук делбирим” повести боюнча “Ашуу” аттуу кинотасманы режиссер А. Сахаров тарткан. Бул фильм анча ийгиликтүү жаралбаса да, көч башы катары акжолтой болгон көрүнөт; кийинки тасмалар андагы жаш кинорежиссерлорду – устаттарга, фильмдердин өзүн – советтик киноклассикаларга айлантты.

Алар: Москвадагы кинематографисттер институтун (ВГИК) бүткөн таланттуу жаш кинорежиссерлор Лариса Шепитько, 1963-ж. “Аптап” фильмин жаратса, Андрей Михалков-Кончаловский, 1965-ж. “Биринчи мугалимди”, Ирина Поплавская, 1968-ж. “Жамиланы”, 1973-ж. “Мен Тянь-Шань” фильмдерин куйрук улаш тартышып, Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз тасмаларынын дүйнөгө карай жолун даңгырата баштап беришкен.

Бул – советтик киноискусствонун дүйнөлүк жетишкендиктеринен эле. Ошондой эле, Чынгыз Айтматовдун да адабияттагы дүйнөлүк ордун түбөлүк бекемдеди.

Ал эми, улуттук жаш киноискусствобуз дал ушул тасмаларда иштөөдөн алган иш тажрыйбасынын, чыгармачылык таасирлеринин арты менен калыптанды. Анткени, алардын киногруппаларынын экинчи составын, б.а. жардамчы тобун кыргызстандын киностудиясында иштегендер түзүшүп, чоң көркөм тасмада кантип иштөө боюнча алгачкы иш тажрыйбаларын топтошуп, өз мектебин түзүштү.

“Аптап” фильминен, келечектеги жаш кыргыз кинорежиссерлор: Болот Шамшиевди, башкы ролдогу-Кемел аркылуу, Клара Жусупжанованы – Калипа аркылуу, келечектеги белгилүү киноактер – Болот Бейшеналиевди “Биринчи мугалимдеги” – Дүйшөн аркылуу – кыргыз эли эле эмес, бүт дүйнө тааныды.

Дал ушундай зор ийгиликтерден соң, Чынгыз Айтматов, кыргыз кинорежиссерлорунун пайда болуусуна да түздөн-түз салым кошо баштады. Кыргыз кинорежуссурасынын өнүгүп-өсүшүн көргүсү келди. Москвадагы кинематографисттердин институтунан (ВГИК) 5-курстун студенти Геннадий Базаровго жолукту. Натыйжада, 1967-ж. “Саманчынын жолу” жаралды. Андан соң, 1974-ж. Болот Шамшиев: “Сүйүү жаңырыгы”, 1976-ж. “Ак кеме”, 1979- ж. “Эрте жаздагы турналар”, 1987-ж. “Фудзиямадагы кадыр түн” тасмаларын; Төлөмүш Океев 1975-ж. “Кызыл алма” тасмасын тартты. Алар – дүйнөгө дүңгүрөгөн “Кыргыз кереметинин” жаратуучуларынан, кыргыз кинематографиясынын улуу устаттарынын бүтүндөй бир муундарынан болуп калышты!..

Бул тасмалардын ар бири көптөгөн эл аралык жана союздук кинофестивалдардан алдыңкы орундарды алышып, кыргыз киносунун керемети эле аталбастан, улам кийинки муундарга үлгү катары, кыргыз киноклассикасына да айланышты!..

“Классика” деген сөздүн өзү – латынчада байыртадан эле “эң үлгүлүү” дегенди билдирет эмеспи!..

Чынгыз Айтматовдун чыгармалары менен кыргыз кинорежиссерлорунун бүтүндөй экинчи, үчүнчү муундары да өсүп чыкты. Алар: Э. Орозбаев, 1972-ж. “Атадан калган туяк” тасмасын; Тынчтыкбек Раззаков, 1976-ж. “Сыпайчы”; Дооронбек Садырбаев, 1978-ж. “Арман”, 1984-ж. “Махабат дастаны”, 1988-ж. “Акбаранын көз жашы”; Бакыт Карагулов, 1991-ж. “Куш өмүр”, 1995-ж. “Бороондуу бекет”, 1996-ж. “Саманчынын жолу”, 2005-ж. “Маңкурт” тасмаларын ийгиликтүү жаратышып, “кыргыз кереметинин” жолун улашты.

Ошентип, кыргыз киносун, пайда болгондон баштап Чынгыз Айтматовсуз элестетүү эч мүмкүн эмес. Кыргыз киносунун атагы алыска кетип, өнүгүп-өсүүсүнө зор салымын кошкон айтматовдук чыгармалар кыргыз киносунун бүтүндөй бир доорун өзүнө камтып турат. Анын өткөнү менен бүгүнкүсүн чагылдырып турат.

Кыргыз искусствосу менен маданиятынын, адабиятынын дүйнөлүк мурастагы алтын барагы болуп түбөлүк жашай берет!..

Акын, кино жана театр драматургу Алтынай Темирова,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.