Манасчылардын алпы, калкыбыздын кайра жаралбас таланты

Көк турат баягыдай көңтөрүлүп,
Коо турат бөктөрчүсүн бөктөрүнүп.
Бир гана Саякбайдын жоктугунан,
Ысык Көл калгансыды бөксөрүлүп.
Жалил

20-кылымдын Гомери аталган алп манасчыбыз Саякбай Каралаевдин көзүү тирүү болгондо быйыл 115 жашка чыкмак. Касиеттүү Саякбай 1894-жылы Тоң районундагы Ак-Өлөң кыштагында туулган. 1916-жылкы Үркүндө Кытайга качып барып,1917-жылы мекенине кайтып келген. 1918-1922-жылдары кызыл аскердин катарында совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкө катышкан. Бул күндөрүн өзүнүн “Эстен кетпейт”чыгармасында жазган. 1934-1954-жылдары кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. 1932-1947-жылдары Саякбайдан “Манас” үчилтигинин толук айтылышы кийинки уландылары “Кенен”, “Алымсарык”, “Кулансарык” менен кошо жазылып алынган. Жалпы көлөмү 500558 сапты түзөт. Ал Манас эпосу менен бирге бир кыйла кенже дастандарды билген.Элдик дастандардан башка өзүнүн “Бүркүттүн жомогу”, “Унутулгус күндөр”, “Делдеш баатыр”, “Томор мерген”, “Кара молдо” сыяктуу чыгармалары бар. Саякбай Каралаевдин 115 жылдыгына арналган тегерек үстөл 10-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада болуп өттү. Бул жыйынга Саякбай Каралаевдин күйөө баласы Султангазы Касымов, кичүү кызы Гүлсүн Каралаева, манасчынын келини Азима апа (Саякбай Каралаевдин Сыргак, Чубак аттуу эки уулу болгон, Азима апа Сыргагынын жубайы), андан тышкары адабият, маданияттын өкүлдөрү катышты…

Китепкананын башчысы профессор Жылдыз Бакашева алгач сөз сүйлөп, жыйынды ачты. Экинчи сөздү жыйындын уюштуруучусу, манасчы Талантаалы Бакчиев алды.

Талантаалы Бакчиев, манасчы, жыйындын уюштуруучусу
Бул күндү биз жыйын десек да, көргөзмө десек да, эскерүү кечеси десек да жарашчудай. Ушул күнгө чейин өкмөт тараптан болобу же башка жактан болобу улуу манасчыбыз үчүн, аны эскерүү үчүн былк эткен жан болбоду. Мен Илимдер академиясына кайрылгам, бирок алардын деле мүмкүнчүлүгү чектелүү экен. Мындан он беш жыл мурда Саякбай атабыздын жүз жылдыгы туулган жери Ак-Өлөң айылында өткөн эле. Андан кийин Бишкекте академиялык чөйрөдө белгиленген. 1994-жылы Саякбай Каралаевдин жүз жылдыгына карата эл аралык илимий конференция өткөн. Конференциянын соңунда резолюция кабыл алынган. Ал резолюция он беш пункттан турган. Бирок, өкүнүчтүүсү, ошол он бештин ичинен бешөөсү гана ишке ашканы. Кагаз жүзүндө гана калган онунун ичинен эң орчундуусу болуп, Саякбай Каралаевдин айтканы толук түрдө академиялык басмадан чыкпаганы, экинчи манасчыбыздын аты академиялык болобу, маданий болобу, бир мекемеге берилбегени саналат. Керек болсо Ак-Өлөң айылына Саякбайдын атын берсек, кыргыздын бир жери бөксөрүп калмак эмес. Дагы бир орчундуусу Саякбай атабыздын айткан “Манасы” башка тилге которулган эмес. Эң өкүнүчтүүсү, биз кыргыздар өзүбүздүн каймактарыбызды унутуп коюп жатканыбыз. Бир жолу кытайлык кыргыз, профессор Макелек Өмүрбай менен сүйлөшүп отуруп, “Эмне сиз Манасыбызды кытай менен кыргыздын ортосунда талашка түшүрүп жатасыз?” десем ал айтат, “Силер Манасты жаш балача эркелетесиңер, бирок баланы баккандай бакпайсыңар”-деп. Анын сыңарындай биз Манаска дагы, аны айткан манасчыларга дагы кылган мамилебиз ушундай экени эң эле өкүнүчтүү – деп айтып, сөздү Калканбай Ашымбаевге берди.

Калканбай Ашымбаев, жазуучу:
Гомердин көөдөнүндө жети кудайдын башы болсо, Саякбай атабыздын көөдөнү бүткүл ааламды батырып турат. Ал Манасты уккулуктуу дабыш менен айтчу. Мындай улуу инсандарды унутпай эскерип, изилдеп турушубуз зарыл.

Бүгүнкү күндөгү Манас изил-дөөчүлөрдүн алпы эле Мундук Мамыров болуп калды. Бул кишиге профессор, академик деген наам ыйгарыш керек эле. Ал чындыкты бетке айтканы үчүн бул сыйлыктардан куру калып жатат. Мундук Мамыровдун айтуусу боюнча 40 манасчы чыккан экен. Алардын көбү касиеттүү көлдөн чыккан. Ошолордун алпы эле Саякбай Каралаев болгон.

Султангазы Касымов, манасчынын күйөө баласы:
– Менин байбичем Батийка, аксакалдын улуу кызы эле, ал кишинин да өткөн жылы көзү өтүп кетти. Кайсы бир жылы кыргыздын орустарга кошулушунун жүз жылдыгына даярданып калдык. Анда райкомдун 1-секретары Абдиев чакырып калды. Барсам, бул киши Байдылда экөө олтурган экен, Абдиев, бул киши атаң турбайбы- деди. Атам- дедим. “Анда эмнеге жашырып жүрдүң эле”- деп собол узатып, бул киши Каралаев болсо, мен Касымов болсом анан кайдан билет элеңер дедим. Оо барбайган- деп каткырып күлгөн эле.
Бул киши 1971-жылы каза болду. Он үч жыл эстелиги коюлбай калды. Байбичеси ыйлап калар эле, балам сенин колуңдан келет бирдеме кыл- деп. Мен Тургунбай Садыковго барсам, Саякбай Каралаевдин жети баш кеби (бюст) бар деди. Бирок алың жетпейт го, материалы кымбат деди. Бирок жакшы кылып кебин чийип берди, мен 1.5 тонна кызыл таш алдыртып келдим, Садыков эстелигин жасап берди. Ошентип, азыркы Ала-Арча көрүстөнүндөгү эстелиги коюлган.

Омор Султанов, акын:
Бул киши менен чогуу көп жүрдүм. Саякбай Каралаев түгөнбөгөн казына болчу. Казактын көп чыгармасын билээр эле. Менин өкүнгөнүм ошол чыгармаларды кагазга түшүрүп калбаганым. Бүгүнкү күндө бул киши жөнүндө китеп жазсамбы деп жүрөм. “Ала-Тоо” журналынын башкы редактору Касым Каимов болчу. Мен манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө үч беттен турган сценарий жазып барып, үч жүз сом утуп алгам. Ал сценарийим калган. Бир жылдан кийин бир кара бала келип орусчалап, “кино тартайын дегем, сизде жакшы сценарий бар экен”- деди. Көрсө, ал Төлөн Шамшиевдин баласы Болот Шамшиев экен. Ал дипломдук ишин даярдап жүргөн тура. Сүйлөшүп макул болуп, Оттукка жөнөдүк. Жолдон бирди алып алгам “Столичный” дегенден. Барсак ал киши үйүндө экен, сүйлөшүп бир аз олтургандан кийин “бул бала ким”- деди. Ал Төлөн Шамшиевдин баласы, сизди киного тартам деп келди десем эле, кереги жок, түшпөйм деп корс этти. Мен удаа-удаа тигинден куюп, азыр түшпөсөң анан качан түшөсүң, эртең өлүп калсаң ким эстейт, деп көндүргөнгө аракет кылдым. Унчукпай олтурду да, анан эртең келсин деди. Биз ошенткенине сүйүнүп эле кеттик. Мен эртеси шаарда жумушум чыгып кетип калгам. Бир жумадан кийин Болот келди, агай бул менин дипломдук ишим эле деп, жалгыз автор болоюн дегендей мааниде. Ой мейли дедим. Кийин күздө кайра келиптир, аксакал болбой жатат, бульвардан жубайы экөөнү бастырып тартыш керек болуп жатат, көндүрүп бериңиз деди. Кайра бардык, барсак Болотту көрүп эле, кимдин колуна салып бердиң эле -деп урушуп кирди. Көрсө ат мингизип, чаптыртып, бүркүт салдыртып, муздак сууну кечтирип тарткан экен, кары киши кыйналып калган тура. Көнбөй койду. Бирок, биз дагы көшөрүп жатып, бир жумадан кийин Чүй көчөсүнөн Саякбай Каралаев байбичеси менен жана Түгөлбай Сыдыкбеков байбичеси болуп басып баратканын тарттык. Бул киши касиеттүү адам эле. Азыр анын бакырайган жүзү беш жүз сомдун бетинде турат. Ошол кезде беш жүз сом алып көргөн эмес, болгону эки жүз же үч жүз сом гана алчу.

Уркаш Мамбеталиев, манасчы:
-Саякбай атаны көрүп калдым. Бир жыйында Осмон деген киши Саякбай аба,бул сиздин жолуңузду жолдоп жүрөт Уркаш деген иниңиз, “Манас” айтып берсин угуп коюңуз”- деди. Анан мен Манасты жаттап айтып жүргөм, жаттаганымды айттым. Ошондо Осмон: “Караңызчы жолборстун жанында көк күчүктүн тайманбай айтканын, эми батаңызды бериңиз деди. Саякбай ата, Уркаш келечекте чоң Манасчы болот”- деп өз колу менен беш бармактан оозума салган. “Кудайым алп манасчынын колу менен кошо мага “Манас” айтуучу касиетти берип койгон”- деп ишенип келем. Бул мен үчүн чоң бакыт болчу.

Балбай Алагушев, музыка таануучу:
Саякбайды студияга киргизип, айтыңыз десек, мүдүрүлүп, айта албай кыйналып жатканда биз тегерегине чогуу иштешкен кызматкерлерди алып келип, алар сүрөп олтурганда гана “Манасты” күпүлдөп айтып кирген. Кыргызстандагы эң узун радио тасма болуп “Манас” эпосу саналат. “Манас”, “Манас”- деп бакырабыз, бирок эмне үчүн музейибиз жок. Манас музейин ачып койсок, Саякбайдын сүрөттөрү, “Манас” китептер чачылбай ошол жерде турат эле го. Акырында Калканбай Ашымбаев, “көрдөгүнү кеп кылсаң, тирилгенге тете, ооруганды сурасаң айыкканга тете, төрдөгүнү эстебесең өлгөнгө тете”- дейт. Ушундай эскерүү менен улуу арбактар тирилип турсун, Саякбай атабыздын арбагы калкыбызды колдоп жүрсүн! Ала -Тообузга кут келсин!- деп батасын берди.

Гүлмира Шаршеева, «Эл сөзү» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.