Кыргыз этнологиясы: кечээ, бүгүн, эртең

Белгилүү окумуштуу-этнолог, педагог Какен Мамбеталиеванын жаркын элесине арналган эл аралык илимий конференцияда коомчулукту түйшөлткөн маанилүү жана көйгөйлүү маселелер козголду.

“Борбордук Азиядагы этносоциалдык жана этномаданий процесстер: тарых жана азыркы заман” деген темадагы эл аралык илимий конференция үстүбүздөгү жылдан 20-ноябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болду. Конференциянын ишине Борбордук Азия республикаларынын жана Россиянын илимий борборлорунан келишкен жүз он сегиз окумуштуу катышты.

Бул иш чара кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч окумуштуу-этнограф, таланттуу педагог К. Мамбеталиеванын элесине арналган илимпоздордун экинчи жолу чогулушу эле. Мындан үч жыл мурда өткөрүлгөн илимий конференциянын материалдары жыйырма беш басма табактан ашык коомдо жарык көрүп, жалаң эле этнолог же археологдор үчүн эмес, жалпы эле коомдук илимдер боюнча зарыл илимий булактардан болуп калды.

Илимдердин улуттук академиясынын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору, профессор А. Асанкановдун баяндамасы К. Мамбеталиеванын илимий мурасына, методологиясына жана этнология илиминин бүгүнкү абалына токтолуп, окумуштуулар кандай багыттарда изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткандыктарын айтып берди. Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор А. Д. Дөнөнбаевдин этникалык ренессанс жана граждандык окшоштук проблемаларына арналган билдирүүсү терең кызыгууларды жана суроолорду пайда кылды.

Албетте, чет өлкөлөрдөн келген коноктордун илимий баяндамалары чоң кызыгууларды пайда кылары талашсыз. Алардын арасынан, айрыкча, Хакассиядан келген белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор В. Я. Бутанаевдин, Новосибирск университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору, байыркы кыргыз тарыхы боюнча белгилүү окумуштуу С.Ю. Худяковдун, дүйнөгө атагы чыккан археолог, Казахстан илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор Ж.К. Таймагамбетовдун илимий баяндамаларын атап кетсек болот.

Этнология илими коомду таанып билүүдө өтө маанилүү орунда. Анын баркы ааламдаштыруу процесси бүт дүйнөнү аралаганда андан да ой көтөрүлдү. Борбордук Азия шарттарында коопсуздук маселеси-диндик экстремизм, террордук, бангилик, кылмыштуулук ж.б. биринчи орунга чыккандыгы конференциянын катышуучулары баса белгилешти. Илимий билдирүүлөрдүн көпчүлүгү да ушул проблемага арналган. Карапайым элдердин жашоосу кандайча, кайсы багытта өзгөрүп жатат, үй-бүлөнүн, иш коллективдериндеги мамилелер кандай жагдайда, дегеле адам өзү кандай өзгөрүүдө – буларды изилдөө этнологиянын азыркы замандагы негизги милдеттери. Бүгүнкү күндөгү кыргыз этнологиясын жетишкендиктерин чагылдырган баяндамалар секцияларда угулду.

Көйгөйлүү маселелерди көтөргөн билдирүүлөр да болду. Алсак, эгерде тышкы миграция бүгүнкү темпте жана көлөмдө уланып отурса, анда жакынкы жылдарда түштүк кыргыздар этникалык азчылыкты түзүп калышы толук мүмкүн экен. Дагы бир мисал, бул ички миграция маселесине тиешелүү – эгерде мындан ары дагы эле инвестиция региондорго жиберилбей Бишкекте, же болбосо Чүй боорунда кала берсе, чакан жана орто ишканаларды жайгаштыруу маселелери илимий көз карашка шайкеш жүргүзүлбөсө, майда шаарлар менен шаарчалар өнүктүрүлбөсө, анда борбор калаабыз, азыркы замандагы шаарыбыз Бишкек чоң айылга айланары өтө деле алыскы келечектин иши эмес экен…

Мына ушул жана башка кызыктуу илимий баяндамалар илимий конференциянын материалдары катары жакын арада өзүнчө китеп болуп жарык көрмөкчү. Бул көлөмдүү илимий жыйнак К. Мамбеталиева атындагы Коомдук Фондунун каржылоосу аркылуу ишке ашырылат (Төрайымы саясат таануу илимдеринин доктору Гүльмира Мамбеталиева). Эл аралык илимий конференциянын катышуучулары өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын уюштуруучулардын дарегине билдиришип, ушул илимий салттын мындан ары да уланышына өз тилектерин айтышты. Этнология боюнча эмки илимий баарлашуу 2012-жылы өткөрүлмөк болду.

Жумабаев Бектемир, КУУнун тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент,
“Кутбилим”, (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.