Кыргыз профессионал музыкасы колдоого муктаж

Адистердин айтымында – өкмөт тарабынан Кыргыз музыкасына деңгээлинде көңүл бурулбай, өзгөчө айлык маянанын аздыгынан музыка адистери чет жактарга кетип жана жаш таланттар окууларын ташташууда.

Учурда Кыргызстанда жаш кезинен музыкалык багытта билим алып келген көп таланттуу жаштар окууларын таштап, башка кесиптерге өтүшүүдө же окуп бүткөндөрдүн көпчүлүгү жана ошондой эле музыкалык атайын билими бар көп адистер чет өлкөлөргө иш издеп кетишүүдө.

Кечээ жакында Кыргыз мамлекеттик консерваториясында “Кыргыз профессионал музыкасынын  проблемалары” деп аталган жыйын өтүп,  аталган окуу жайдын проректору Екатерина Лузанова бул маселеге карата өз пикирин төмөнкүчө билдирди:

Эң башкы маселе – бала бакчадан тартып жогорку окуу жайларына чейинки үзгүлтүксүз музыкалык билим берүүнү сактап калуу болуп жатат. Музыкалык билимге ээ болуу көп жылды талап кылат. Биз Кыргызстандын атагын алыска чыгарган чыныгы таланттарды өстүрүп чыгарышыбыз керек.

Мисалы кийинки жылдарда музыкалык мектепти бүткөндөр музыкалык орто окуу жайларына, аны бүткөндөр Консерваторияга барбай жатышат. Ортодон башка кесиптерге өтүп кетишүүдө. Биздин максат – аларды музыкага кайтаруу. Себеби аларды окутуу үчүн өкмөт акча коротуп жатат. Эмнеге ата-энелер мындайга жол берүүдө?

Ушул жерден баласын музыкалык мектептен окуткан Асыл айымдын оюн угуп көрөлү:

– Музыкалык мектепке мен баламды бекер окутуп жатканым жок. Ай сайын мугалимге акча төлөп турам. Комузун, кийим-кечелерин өзүм сатып берем албетте. Ал эми музыка мугалимдеринин айлык маянасы өтө аз. Мынча айлык менен жан багуу мүмкүн эмес бүгүнкү күндө. Өкмөт тарабынан музыкага, көркөм өнөргө ушундай мамиле боло берсе,  мен деле баламды чоңойгондо башка кесипке тарбиялайм. Ал эми баланын музыкага жакын болушу – баланын жан дүйнөсүн байытат. Мен ошон үчүн музыкага окутуп жатам баламды.

Адистердин айтымында көркөм өнөр өкүлдөрүнүн Кыргызстандан чет өлкөлөргө кетишинин же өз кесибин таштап соодага же дагы башка жумуштарга кетүүсүнүн бирден бир эле себеби – айлык маянанын аздыгы.

Балдардын “Шаттык” бий ансамблинин жетекчиси Сырга Жапарова өз үйбүлөсүнөн мындай мисал тартты:

– Менин бир тууган иним бий боюнча музыкалык окуу жайды бүткөн. Кыргызстанда айлык маянанын аздыгынан, бийчилик кесиби менен Казакстанда иштеп жатат. Музыкалык жогорку билими бар бир сиңдим Арабияда иштеп жатат. Дагы бир сиңдим соода менен Москвада. Баары эле айлыктын аздыгынан чет жактарга кетишти. Алар айтышат: Кыргызстанда музыкалык билим менен айына 2000 сомго жетпеген айлык алсак, чет жерде биз 1000 доллардан ашык алып жатабыз. Айырмасы барбы-жокпу” – дешет.

Малдыбаев атындагы мамлекеттик опера жана балет театрынын директору Болот Осмоновдун айтымында – совет учурунда талантсыздар да искусство тармагына ыктап турчу. Себеби ал кезде көркөм өнөр мамлекет тарабынан жакшы колдоого алынып, көркөм өнөр адистери жакшы акча тапчу.

Албетте азыр маданият кызматкерлеринин көпчүлүгүнүн материалдык абалы жакшы эмес:

Совет учурунда кандай эле? Көркөм өнөр ээлери – жакшы айлык алчу, жакшы гонорар тапчу. “Маданият ишмери”, “Эл артисти” дегендер эч нерседен кем эмес эле. Үй-жайлары камсыз болчу. Азырчы? Эгемен жылдарда маданият “жабыркоого” туш болду. Музыкалык шаймандар эскирди. Таланттар көп бааланбай калды. Айлык аз. Таланттуулар да жакшы жашагысы келет. Анан ушинтип же чет жактарга кетип жатышат же кесиптерин таштап кетишүүдө.

Фатима Абдалова, «Азаттык», 21.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.