Барпынын үнү оболоп…
Абдылла Эрмекбаев Өзгөндүн Мырза-Арык айылынан. Жаш кезинен ырга ышкыбоз өскөн. Дары чөптөр менен да шугулданган жайы бар. 20 жылдан ашык электр тармагында иштесе дагы, баары бир ыр дүйнөсүнө ооп кетти. Адегенде жазып жүрдү, бара-бара ырдаганы элге көрүнө калып, “жакшы сөз жан эритет” дегендей болуп ошол бойдон ачыкка ырдап чыгып кетти. Анын ырлары көбүнчө элдик оозеки адабияттын үлгүсүнө жакын. Ал ырдап жатканда (сөз табияты, албетте, башка)Барпынын үнү оболоп тургандай угулат. Биринчи күндөрү ал жаттап ырдаса, кийин өзүнөн өзү төгүп ырдачу болду. Ошентип түштүк элине таандык комуз коштобогон Барпы акындын обонуна салып кыйла эле ырдап жүрөт. “Эл ичи – өнөр кенчи” деген сөз бар эмеспи. Редакциянын босогосун аттап келген Абдылла аганын айрым ырларын кыскартылган түрүндө окурмандарга сунуш кылууну туура таптык.
Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата төмөнкүдөй саптары бар экен:
Чыңгыздын жазган китеби,
Чет элдерге таркады.
Дүнүйө таанып кыргызды,
Киного дагы тартты аны.
Тарыхта калар сыр болду,
Абдыллада ыр болду.
Бүгүнкүдөй жыйында,
Президент өзү баш болуп,
Чет элден келип меймандар,
Белгилешип турушат.
Акындар келип ыр ырдап,
Чоң концертти курушат.
Сексен жылдык маараке,
Чыңгыздын жылы болду деп,
Атагы кетти дүйнөгө.
Ак калпак кыргыз элим бар,
Ала-Тоо бийик жерим бар.
Эгемендүү жашоонун,
Баркына жете жүрөлү,
Бактылуу өмүр сүрөлү.
“Ар кимдин өз туулган жери мисир” деп айтылат эмеспи. Абдылла аганын “Өзгөнүм” аттуу көлөмдүү ырынан төмөнкү саптар:
Эл ортосу Өзгөнүм,
Жер ортосу Өзгөнүм.
Жол ортосу Өзгөнүм,
Суунун башы Өзгөнүм.
Мунарасы даңаза,
Тарыхта бар Өзгөнүм.
Кылымдарды карытып,
Нечендер өткөн Өзгөнүм.
Алла-Таала жол берген,
Кызыр ата кол берген,
Олуядай керемет,
Аалымдар өткөн Өзгөнүм.
Муса бийдей атактуу,
Сынчылар өткөн Өзгөнүм.
Курандан айткан кырааттап,
Эшендер өткөн Өзгөнүм.
Кыргыз элге таанымал,
Акындар өткөн Өзгөнүм.
Эл-жеримди коргогон,
Баатырлар өткөн Өзгөнүм.
Тарыхта бар Жибек Жол,
Кайрадан жаңы башташты.
Жолоочулар өтүүгө,
Асфальт төшөп ташташты.
Өзгөнүмдүн күрүчү,
Бүт дүйнөгө таанымал.
Жер-жемиш менен кен-байлык,
Не кааласаң баары бар.
Мен жазган ырдын сыры бар,
Аккан суудай сыны бар.
Обону жок ырдасам,
Маанисини билип ал.
Эсендешип ырдаган,
Акындардын салты экен.
Комузу жок ырдаган,
Түштүктөн чыккан Барпы экен.
Тамаша кылган элдерди,
Таң калтырып ырдаган,
Тайирбекти айтамын.
Кудайым ырды бергенде,
Куп келтирип жазамын.
Ушундай менин казалым.
Ыр булагы Апшыр дейт,
Ырды берген таксыр дейт.
Ыклас менен ыр жазсам,
Апшыр жакка баскын дейт.
Апшырдын түбүн изилдеп,
Жете албады канча адам.
Ыр булагы бизде экен,
Ыр жазам деп изденем.
Колумда жок комузум,
Сахнада ырдап турамын,
Барпынын жолун жолдодум,
Барпынын өзү колдосун.
Жазып алган Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.01.2010-ж.