“Аалам аралаган өмүр” Ата Журтка алынды

Мындан 15 жыл мурда төрөлгөн наристе жашоосун эми гана баштаптыр десек ишенээр белеңиз? Албетте, жок. Бирок, кыргыз киностудиясынын тарыхында мына ушундай деп айтууга боло турган зор окуя болду. Анткени, алар буга чейин жаңыдан тартылып, эч ким көрө элек жаңы кинолордун бет ачарын өткөрүп келишкен болсо, мындан эки-үч күн мурун 15 жыл илгери, тактап айтканда 1994-жылы тартылып бүткөн документалдык фильмдин бет ачар аземин белгилешти.

Бул фильм 1994-жылы ак таңдай акын Барпы Алыкуловдун 110 жылдыгына карата тартылып, бирок 15 жылга чейин фильмдин теле аркылуу көрөрмандарга бир да жолу сунушталбаганы жана бет ачары болбогонунун себеби, дал ошол 110 жылдык мааракеде Барпы атындагы коомдук фонддун өкүлдөрү: “Бул фильм биз үчүн абдан керек. Бизге бергиле. Өзүбүз сактап, керек болгондо колдонуп, элге көрсөтүп туралы”, – деп сурап алышып, киноплёнкага суу тийгизип жарактан чыгарып алышкан экен. “Аны ошол замат калыбына келтирип, башкача айтканда Алматыга барып, фильмдин түп нускасын алып келүү, биз үчүн абдан кымбатка турган. Мүмкүнчүлүгүбүз да болгон эмес. Анүстүнө ошол маалда кино пленкалардын баасы да өсүп кеткен эле”, – дейт “Аалам аралаган өмүрдү” тарткан режиссёр Тилек Мураталиев.

Анын айтуусу боюнча документалдык фильм 1994-жылы түстүү киноплёнкага тартылып, бирок аны Кыргызстанда чыгаруу мүмкүн болбогондуктан, “Казакфильм” киностудиясына барып жуудуруп келүүгө туура келген. Ошондо мааракеге карата жетишип калуу үчүн кинонун бир нускасын чыгарып, түп нуска Алматыда кала берген.

– Биз башка өлкөдө калып кеткен бай мурасыбызды өзүбүзгө кайтарып алдык. Биринчиден, ушунча жылдан бери жоготпой сактап келген боордош казак туугандарыбызга ырахмат айтышыбыз керек. Муну өзүбүзгө алып келүү үчүн 2 жылга жакын убакыт кетти. Ошондой эле, баш-аягы 30 миң сомдой каражат жумшадык. Албетте, алар мындан да көп суммадагы акчаны сурашса деле жарашмак. Бирок, казак-кыргыз бир тууган эл эмеспи. Экинчи жагынан, кесиптеш болгондуктан, ар тараптуу тыгыз байланыштарыбыздын негизинде ал жактан бул жакка алып келүүбүз арзанга түштү десем болот, – дейт Кыргызкино департаментинин директору Абибилла Пазылов.

Ал эми кинонун мазмунуна токтоло турган болсок, негизинен акын Барпы Алыкуловдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу. Сценарийди режиссёр Тилек Мураталиев менен жазуучу Кубатбек Жусубалиев жазган. Кинону тартууда Барпыны эң жакшы билген адабиятчы Кадыркул Даутовдун да эмгеги өтө зор экенин белгилеп коюу зарыл. Анткени, баштан-аяк өзүнүн билгенин билгендей айтып, кеңешин аяган эмес экен.

Эми түп нускасы менен кошо көчүрүлүп келген фильм дисктерге чыгарылып жалпы коомчулукка, ошондой эле Барпы айылындагыларга да көрсөтүлмөкчү.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.