Махмуд Барсханий “Диван-и лугат ат-түрк” китебин буйуртма менен жазган беле?

1055-жылы сельжукид Тогрул бектин жөнөткөн армиясы араптардын өтө чоң аймагын моюн сундуруп алат да, Багдад халифин өз наамын кошуп кутба окууга аргасыз кылат. Халиф ошондо Тогрул бекти “Чыгыш менен батыштын өкүмдары” деп тааныйт! Бул – албан тарыхтын өңүрүнүн бир гана барагы! Багдаддын 26-халифи ал-Каим би-амириллах сельжуктарга көз каранды ошол абалын жеңилдетүү максатында өзүнүн жалгыз уулу Мухаммедге Тогрул бектин кызынын колун сылык-сыпаа суратып, жуучулар тобун жөнөтөт. Тогрул бек ошол таптагы саясий жактан да муну маакул таап, иниси Давуд Чагры бектин Алп Арслан деген уулунун кызын бердиртет. Тогрул бек 1063-жылы өлгөндө мына ушул Алп Арслан сельжуктардын атыккан 2-ханы болуп чыга келет. Ошондуктан да кээ бир изилдөөчүлөр аны Тогрул бектин өз уулу санап жүрүшөт.

Алп Арсландын ошондогу кызынан бу жарык дүйнөгө 1056-жылы Абулкасым Абдулла ибн Мухаммед ал-Муктади төрөлүп, ал кийин 1075-жылдан 1094-жылдын февралында өзү каза тапканга чейин аббасиддердин 27-халифи болуп Багдадда олтурган. Ал 1072-жылдын 25-январында туура эле 15 жашта болуп, Махмуд тилчибиздин китеби ага арналганы китептин дал өзүндө билдирилген.

Фарид ад-дин Аттардын (1220-жылы өлгөн) “Пянд намэ” китебинде бир эски баян жолугат: Түрк, же Афрасияб төрт уулдуу болуп, ошол төрт уулдун атынан түрктөр төрт ири уруудан турат – Тоң, Илак, Чигил, Барсхан. Мунун Барсхан тайпасынан кийин газневид династиясын түптөгөн Себук тегин чыгат. Ошол Себук тегиндин уулу Махмуд газневидди 999-жылы араб халифи “Ямин уд-давла ва амин ул-малла” (Мамлекеттин – Араб халифтигинин, оң колу жана ишеничи) деп тааныган!

Захир ад-дин Нишапуринин “Сельжук намэ” китебинде бул сельжук династиясы байыркы түрк тектүү кыныклы уруусунан, же тайпасынан чыгат! Алар башында Отрар, Яссыдан чыгышы – Ысык-Көлгө чейин жайгашкан!

Мына ушундай жагдайларга караганда саясий тополоңдон жер ооп Багдадга барып калган, сыягы мурда өзү да бир нече жыл мыкты тилчилерден Багдадда билим алып кеткен ханзада Махмудга (Махмуд ибн Хусаин ибн Мухаммед – Ысык-Көлдүн Барскоон айылынын аймагында 1029-1038-жылдар чамасында төрөлгөн) келечекки халифке түп таяке-тайынын үрп-адатын, тилин, тарыхын үйрөтүү максатында окуулук жазып калтыруу тикеден тике (халифзаданын энеси тарабынан?) заказдалган өңдүү!? Ал китепти жердешибиз Махмуд 18 ай ичинде (1072-жылдын 25-январынан 1074-жылдын 10-февралына чейин) өзүнүн жазганын төрт кайталап көчүрүп, түрктөрдүн урууларынын тили тууралуу эң алгачкы энциклопедиялык олчойгон сөздүк-эмгекти түзүп калтырган! Ошол китебинде жер шарынын картасын кошо чийип, ал картада жер ортосу деп ошол чактагы ислам дининин борбору Мекке менен Мединаны, же халиф өзү турган идеологиялык-саясий борбор Багдадды көрсөтпөстөн, азыркы кыргыз жериндеги Ысык-Көлдү белгилеген!

Кабылбек Жумабаев, Нарын облусу, Кочкор айылы,
«
Zaman-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы», 22.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.