Агындылар

СТАЛИНДЕН КЕЛГЕН КИШИ

Согуш жылдары эле дейт. Кыбыр эткендин баары фронтко деп тытынып аткан кез. Бир күнү эле галифе шым, тик жака кител, кителине өңдөш фуражка кийген, тартардай болгон узун бойлуу арык киши кош айдоо кызуу жүрүп аткан маалда Кочкорго келип түшүп, колун аркасына алган бойдон жолдун жээгинде аркы-терки басып турду дейт. Агезде мындай кийимди борбордо иштеген чоңдор гана кийбесе, колу жука кишилер кийчү эмес. Техника жок. Колдо болгон аттар менен жер айдатып жүргөн башкарма: «Дагы эмне балээ болуп кетти? Бөөдө тил укпагайлем» деп тердеп-кургап жетип келип, колхоздун башкармасы экенин айтып саламдашат. Салкын учурашкан галифе шым башкарманы дароо эле каптап кирет:

– Фронтко ат жетпей жатса, бул эмне деген акмакчылык, чорту басими!

– Аксакал?

–  Аттарды тезинен чогултуп, бул жерге апкел? Азыр айдап кетем?

– Болгон атыбыз ушул. Кош айдоону бүткөрө коёлу деп жанталашып аттык эле аксакал!

– Эй! Алдыңда ким турганын билесиңби? Чорту басими! Же силер, галифе шым колун Батыш жакка жаңсады, тиякты да тоготпой калгансыңарбы, ыя?

Ал анан атынын канжыгасындагы кара телефонду шарт чечип алды да аттап-буттап барып чубалган проводун айдоого сая салып, тегеретеп-тегеретип туруп трубканы кулагына көтөрдү:

– Ал-о, Кремлби? Сталин бекен? А, бул мен эле, Тилеш. Жолдош Сталин фронтко ат керек дегениңизден келсем Кочкордун башкармасымын дейт, кажылдаган ит экен, аттын баарын кош айдоого салып алып бербей атат. Өзүбү? Өзү жанымда турат. Атып салайынбы? Жарайт, жолдош Сталин!

Галифе шым проводу чубалган телефонун сол колуна кармап, оң колу менен оң капталындагы тапанчанын кабы салаңдаган жамбашын сыйпалап киргенде эле башкарма таман алдына кулап түштү.

– Айланып кетейин аксакал, жан соога? Бир ачууңузду мага бериңиз, кагылайын, аксакал! Жаш балдарым, карыган ата-энем бар эле, аяңыз. Аттарды азыр эле айдатып келем. Баары сиз айткандай болот, ата көрбөңүз, аксакал! – ыйлап, жалынып жиберди.

– Тур өйдө! Чорту басими! Карыган ата-энең үчүн гана жаныңды кечтим, болбосо ит аткандай атып салат элем. Сталин сураса эмне дейм, акмак?

– Атып салдым! – деп коюңуз аксакал?

– Бол, аттарды апкел! Убакыт тар. Ырбачыга тезирээк жетип, поюзга салып, аттарды пронтко жөнөтүшүм керек! – деп күпүлдөдү Чорту Басими.

Коштон чыгартылган он чакты ат заматта чогулду. Тилеш шашылыш аттанып, башкарманын «чай-пай ичип кетиңиз» дегенине болбой, аттарды алдына салган бойдон Ырбачыны көздөй айдап жөнөдү.

Бир аздан кийин окуя болгон жерге райкомдун катчысы келип, иштин жайын уккандан кийин күйбөгөн жери күл болуп башкарманы тилдеп коё берди.

– Мээң иштейби, ия? Аттарды эмнеге бердиң дейм?!

– Сталиндин өзү менен сүйлөштү, аксакал. «Бербейм» десем атып сала жаздады.

– О мээңдурайын! Сталин кыргызча билет бекен?

Ошентип колхоздун жалгыз полуторка машинасын айдатып алып артынан кууп барышса Тилеш Ырбачынын башына жетип калган экен дейт, кууп келатканын көрөрү менен аттарды таштай качып жоголгон экен.

 

* * *

Буга окшогондорду кийин да көп көрдүк. Студент кезибизде колуна кызыл портфель көтөргөн сайгактай узун киши: -Мен Байдылдамын, – деп студенттер стипендия алган күндөрү Байдыкенин «Эшек дептериндеги» ырларын окуп берип, бекер вино алдырып ичип жүрдү. Бир ирет ошогездеги «Салтанат» кафесинде олтурган биздин үстөлгө келип Байдылда боло баштады эле:

– Жалал-Абад, Ош деген ырыңызды окуп коюңузчу? Зина жеңебизге жазган ырыңызды окуп коюңузчу? «Кыргыз жигиттерине» деген ырыңызды окуп коюңузчу? – деп айласын кетиргенде, бирин да окуй албай, качып жоголгонун жакшы биллем.

Бу кишиге филфактын студенттеринен башка окуу жайлардын балдарынын баары алданган.

 

* * *

«Айылга келген бөз арзан, астыга келген сөз арзан» дегендей, кыргыздын сөз баркын билген мыкты азаматтарынын бири Алмаз Акматалиев. А дегенде Алмаздын оозунан чыгып, анан эл аралап, андан кийин аныкы болбойле «элдики» болуп кеткен анекдоттор арбын. Анда ошолордон угалы.

 

БИЗДЕ РТР МЕНЕН ЭЛЕ КТР ТАРТАТ

Эсеп палатасынын ревизору Ат-Башыдагы бир мекемеге текшерүүгө барат. Мекеменин деректири сыйлап коёюн деп тигини кечинде үйүнө чакырат. Текшерүүчү жолго аттанарда мурдагы ревизорлордун бири: «Ат-Башылыктар тай союп коноктойт, уча жейсиң» деп коюп, мейман да: «уча жейт болушум керек» деп олтурган экен. Бирок конокко тай эмес, кой союлуп, жамбаш тартылат. Буга бир аз ыза болуп калган мейман эт тарткан баланы чакырып алып:

– Бу силерде уча тартпайбы? – дептир.

– Байке, бизде РТР менен эле КТР тартат, уча тартпайт, – деген экен.

 

КЕМПИРЛЕР

Арыктагы түнү бою уктабай агып чыккан суулары, анын жээгиндеги жапжашыл болуп албырган чөбү, күпкөдөн чыгар замат үзүлгөнчө тамды айлана чуркап, таажысын тамылжытып керкейип баскан корозунун жанында кык тыткылап жүргөн тооктору, коё берсе эле урап түшө тургансып жаман бастырмаларынын этегине жабышып алып, жыл өткөн сайын эскирип, түгөнүп бараткан бозала дубалдары, ойлонулбай тигилген бака теректери менен өмүрү таралбаган чачка окшоп тытышкан талдары, «дүр» этип уча качып кайра конуп, короодо «оттоп» жүргөн таранчылары, деги эле «мунусу болбой калыптыр» деп ыргытып жибере турган кенедей да артыкбаш эч нерсеси жок айылдын эмнеси болсо ошонусунун баары мага кымбат сезиле берет.

 

* * *

Айылдын ар бир үйүндө түйдөктөй болгон кемпир болор эле. Уул-келиндери колхоздун жумушуна кеткенден кийинки үйдүн турмушу жалаң ушулардын колу менен бүтчү.

– О, кокуй белим! – деп коюп, томолонуп арыктын жээгине торпок аркандап, короодогу уйдун жампасын жайып, келини таңатпай саап, бышырып кеткен сүттү айран кылып уютуп, чоң таштекке суу куюп алып, кечээ кырккан койдун жүнүн шакмарынан арылтып чылап, ал арада неберелеринин улам сийген колготкисин улам жууп жайып, анан «күн түш болгончо уктаган» балдарын ойготуп, самоор жагып, келини иштен келгенче үйгө баш-көз болуп олтурган кемпирлерисиз айылдын ырыс-кешиги менен бактысын толук элестетүү деги эле мүмкүн эмес болчу.

 

* * *

Дүйнөгө Пушкинди, Толстойду, Есенинди, Чехов менен Бунинди берген орус кемпирлердин карыганда калтылдап басалбай, балтырларын Бишкектин тротуарындагы асфальтты жарып чыккан бактын бутагындай болгон варикоз басып, жөлөр-таяры, багар-көрөрү жок жалгыз калып, мусапыр болуп, абийирсиз замандын түрткүнчүгүнө айланып карыганын көргөндө айлам куруп, «улуу калкпыз» деген орустун кайсы уулун каргарымды билбей кетем.

 

* * *

Орустун кемпирлери ушинтип карып болуп карыса кыргыздын кемпирлери балпайып, бадырактай болуп, жүздөрүнөн наары, берекеси төгүлүп, үй менен толтура болуп карыйт экен.

 

* * *

Зейне мени дароо эле эки кайненелүү кылды. Булардын да бир кезде байманасы ашып-ташып турган тукумун теңсиздик, куугун-сүргүн, кекчил заман, жетпеген өп-чап турмуш каптап өтүп, баласы өлүп, баласынын балдары жесир келин менен жетим кемпирдин колунда калган болчу. Ушул үй-бүлөнү кармап турган чоң кайненем Жамыйла абдан нускалуу, акылдуу, сонун киши эле.

Кезинде бардар турмушта жашап, Жумгалдын манаптары Чоюбек, Байзак, Көкүмбай дегендерди жат билген, өзү да үзөңгүлүү үй-бүлөнүн келини болгон кайненем өмүрү карандай чай ичип көрбөгөнүн көп айтчу:

– Аттын сийдигиндей кылып эле… Көргөн-баккандары ушул… Ошол да тамакпы… Жүрү кагылайын, жарма ичип ал, – деп өзү турган үйгө ээрчитип жөнөчү. «Жарма» дегени – бозо. Көбүртүп-жабыртып, такай бозо салар эле жарыктык. Экөөбүз ээрчишип алып, кирип-чыгып иче берчүбүз.

– Ич, ичегой, ырас өзүмдөй ачкылды ичкен күйөө балалуу болбодумбу, «Жүрү жарма ичебиз десем эле унчукпай ээрчип жөнөйт барбайып», – дей берчү мага жетиналбай.

 

* * *

Ошол чоң кайненем өлөргө жакын:

– Кудай жүгүртүп жүрүп, мүдүрүлтүп алгай эле, көк муштум кылып, силерди кыйнап кышында өлбөй, жаан-жакшылыкта, ак жайдын күнү өлсөм экен, – дей берчү.

Көп өтпөй жер тартып жатып калды. Ачкылды жакшы көргөн жаны, өлөрүнө жакын бозосун ичпей койду. Жалаң кайнак суу ичип туруп алды. Сурагандарга:

– Кудай алдына суудай таза барайын айланайындар. Тазаланып атам. Мен эми силерден бөлүндүм, жолума даярданайын, куш жаздыкты катуу деп тандаган баш, эми таш жазданып жатарын билсин, – деди.

 

* * *

Акылдуу киши чын эле суу ичип тазаланып аткан экен. Ошентип, оозуна сала бергендей июнь айында дүйнө салды. 85 деп койдук. Өлгөндөн кийин молдо келип сандыгын ачты. Өзүнүн боюна ченеп бычылган кепини, алтургай сууга аларда жууй турган самыны менен жыпар жыт чөбүнөн бери камдап алганын айтты. Сарамжалын көргөн кишилер бир чети таң калып, бир чети ыраазы болуп, «акылман кемпир экен» деп кеп кылышты.

 

* * *

Бирок бир таарынган кишисине өмүр бою агарбаган көктүгү да өз башы менен кошо кетти. Тун кызынын Канттагы кайненеси, кудагыйы каза болгондон кийин куран окутпай койгондугу үчүн жападан жалгыз жатындаш эжеси Турусбүбүнү кечирбей койду. Өлөрүнө эки күн калганда жөө-жалаңдап тоодон түшүп келип, башына олтуруп:

– Э, Жамыйла, кагылайын кандайсың? Мен келдим, – деди эле, эжесинин үнүн угары менен тескери бурулуп кетти да, ошол бойдон бери карабай да, сүйлөбөй да койду.

 

* * *

Кичүү кайненем Бүбүадис жаштайынан жесир калып, беш баланы багып чоңойтуш үчүн тартпаган түйшүктү тарткан, оокат-тиричиликтен башканы билбеген, кой оозунан чөп албаган момун жан эле. Кокус алдынан чыга калсам, кайда качарын билбей калдаңдап калчу.

Анын да көзү өтүп кетти бейиши болгур!

(Уландысы кийинки санда)

Шайлобек Дүйшеев, “Де-факто”, 07.08.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.