Испаниядагы “Сүмөлөк”

baibekova_i_sanchesУлам жакында келаткан Нооруз майрамында көпчүлүк сүмөлөктү күтөт. Бул ирет мындай жаз азыгы менен катар, ушул эле аталышта журнал да, болгондо да испан тилинде, жарык көрө баштайт.

Бул долбоордун башкы демилгечилеринин бири Алтынай Байбекова менен телефондон Жаңыл Жусубжан маектешти. Мадриддик Алтынай алды менен “Сүмөлөк” уюмундагы иштер тууралуу баяндады.

Алтынай: Кыргыз-испан «Сүмөлөк» уюмун түзгөнүбүзгө беш жылча болуп калды. Испандар биздин элибиз, жерибиз жөнүндө такыр эле билбейт. «Сүмөлөктүн» максаты – кыргыздын маданиятын, каада-салтын испан элине тааныштыруу. Кыргыз тилинен интернет аркылуу сабак беребиз, жолдошум Луис Санчез экөөбүз «Манас» эпосун испан тилине которуп баштадык. Экспозицияларга катышабыз, шырдак, жер төшөк жана башка улуттук уюмдардын көрсөтмөлөрүн уюштуруп турабыз.

Жаңыл Жусупжан: Жолдошуңар Луис Санчес учурда докторлук ишин жазып жатыптыр, ал «Сүмөлөк» журналынын башкы редактору да экен.

Ага чейин Кыргызстанда бир нече жыл Беловодскиде жана Токмокто жетимдер үйлөрүнө жардам берген экенсиңер. Азыр эми Мадридге отурукташып калгандан кийин, бул багытта ишти кандайча улантасыңар?

Алтынай: Испаниялык өкмөттүк эмес «Адали» деген уюм аркылуу Луис экөөбүз 10 жыл Кыргызстандагы 2-3 интернатка, оорулуу балдарга жардам берип, ар кандай долбоорлордо иштедик. Азыр бул уюмда долбоорлор аз болуп жатат, себеби Испанияда азыр кризис, каражат жок. Ошондуктан, биз «Сүмөлөк» аркылуу Кыргызстандагы долбоорлорду ара жолдо калтырбай, интернаттарга жардам берүүнү улантсак дейбиз. Луис улуту испан болгону менен, кыргызды сыйлайт, урматтайт.

Жаңыл Жусупжан: Бүгүнкү кыргыз-испан алакаларына кандай баа бересиңер?

Алтынай: Кыргыз-испан мамилелери жакшы эле деп айтаар элем, бирок бул жаатта кыймыл-аракет жетишсиз, бир себеби Испанияда кыргыздар аз.

Биздин уюм түзгөнүбүз деле ошол эки улутту жакындатыш болду. Испаниядагы азганактай, 60-70 чакты кыргыздын башын бириктирип, өзүбүздү испандарга тааныштырсак.

Нооруз майрамы келатат, кыргыздар эле эмес, орто азиялык башка жердештерди да чогултуп, бирге майрамдайлы деп жатабыз.

Кыска маалымат.

Дүйнө жүзүндө 400 миллиондой киши испан тилинде сүйлөйт.

“Сүмөлөктүн” интернеттеги адреси: http://sumalak.wordpress.com

Алтынай Байбекованы Facebook.com сайтынан Altishka Baibekova деген ысмы менен таба аласыз.

Жаңыл Жусубжан, «Азаттык», 11.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.