“Докем “кыргыз” деген жан эле”

Кыргыз кино үйүндө Кыргыз эл артисти, кинорежиссер, акын-жазуучу жана коомдук-саясий ишмер Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси өттү.

Дооронбек Садырбаевди эскерүүгө арналган кече ал тууралу шакирттеринин бири кинорежиссер Айбек Жангазиев жетектеген топ жараткан “Доке” аттуу документалдуу кинофильм менен ачылды.

Тасмада Дооронбек Садырбаевдин киноишмердиги, акындыгы жана Ата-журтка берилген атуулдугу жөнүндө сөз жүрөт. Аталган кинофильмде “Эмнеге сен жүрөгүмө кеч келдиң” аттуу ырын өзү окуган ирмем да катылган:


– Эмнеге сен жүрөгүмө кеч келдиң,
Же күттүрүп кеч келгениң бактымбы,
Ушунча жыл жер кыдырып жолукпай,
Ушу сенден таалайымды таптымбы.
Не болсо да, арманым да арылбас,
Мындай сүйүү экинчи ирет табылбас.

Эскерүүгө арналган кечеде алгач “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, ырларынан мисал тартып окуу менен, Жогорку Кеңеште депутат кезиндеги талаш-тартыштардан эскерип өттү:

Докем кандан-бектен тартпай сүйлөчү эмес беле. Дайыма жүрөгүндөгү чындыкты сүйлөчү кайпактатпай. Бир ирет Парламентте Исабеков болсо керек, “Докем эми артист да” деп койду. Ошондо Докем абдан капаланды. Трибунага чыгып анан: ооба, мен артистмин, жөн эле артист эмес, Эл артистимин, мен катта артистмин – деди.

Ушул жерден Докемдин “Артисттерге” деген ырынан төрт сап окуй кетейин:

– Кайнаган казаныңда камым бирге,
Кан жолдо таап жеген наным бирге,
Кагылам “артист” деген атыңардан,
Кайгыңда, кубанчыңда жаным бирге.

Кечеде Кыргызстандын социал-демократиялык фракциясынын Жогорку Кеңештеги лидери Роза Отунбаева Дооронбек Садырбаевдин өзгөчө Кыргызстандагы демократия үчүн кошкон салымын белгиледи:

Докем Кыргызстанда демократияны курууга абдан чоң салым кошту. Салымы эбегейсиз. Докем трибунага чыгып алып кандай гана жалындуу сөздөрдү сүйлөдү. Мен ойлойм, Докемдин ал сөздөрү Кыргызстандын демократия үчүн күрөш жолунда хрестоматия болуп кала берет.

Ал эми Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун пикиринде – Дооронбек Садырбаев Ата-журт тагдырына, кыргыз элинин тагдырына өтө тынчсыздануу менен күйгөн чыныгы уул, чыныгы инсан эле:

Мына Аксынын киносун көрдүк ээ, тытышып жүрүп. Ким тартты ушуну? Ушуну Түркияга чейин апарбадыбы, тарых болуп калсын, муну дагы бирөө жулуп кетпесин деп. Ыйлатты го баарыбызды. Чыркыраган чындыкты алаканга салып көрсөттү го баарыбызга. “Абийир соту” деп ким жазалат? Бир гана Докем жазды.Докем “кыргыз” деген жан эле.

Биринчи-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров Дооронбек Садырбаевдин жеке демилгеси менен ишке ашкан кыргыз фильмине кыргыз музыкасын жазып жаратуу жаңылыгын белгиледи:

Мен Докемдин бардык чыгармаларын баалайм. Бирок “Махабат дастаны” фильми шедевр. “Арман” фильмичи… Кыргыздар кинофильмге музыка жазалбайт деп турган чакта, Докемдин демилгеси менен акын Аман Токтогуловдун сөзүнө жазылган “Арман”, обончу жана композитор Түгөлбай Казаковдун музыкасы менен жазылбадыбы фильмге.

Дооронбек Садырбаев өмүрлүк жары Сонунбүбү айым менен Фрунзедеги Медициналык институттан таанышкан экен. Рак дартынан эрте эле көз жумган атасынын күйүтүнөн, Дооронбек Садырбаев рактын эмин табар дарыгер болом деп, дарыгерликке тапшырат. Бирок чыгармачылыкка болгон шык-таланты биротоло көркөм дүйнөгө тартып кетет.

Дооронбек Садырбаев 22 жашында ал кезде 18 жаш курактагы жары Сонунбүбү Садырбаевага үйлөнгөн экен. Экөөнүн ортосунда Зарылбек аттуу бир уулу, неберелери бар.

Сонунбүбү Садырбаева жарын төмөнкүчө эскерди:

47 жыл жашаптырбыз, мага бир да жолу же катуу сүйлөп, же “атаңды”, “энеңди” дебеди. Мен да анын көңүлүн оорутпадым. Биз абдан бактылуу өмүр сүрдүк. Бирок Кудайым Зарылбекти бизге кеч берди. Зарылбек төрөлгөндө мен 35 де, ал 39 жашта болчу. Сүйүнгөнүбүз укмуш. Анан ат коердо ата-энелер айтып-дегенинен Картаңбай койсок кантет десем, о, кокуй болбойт, кыздар сүйлөшпөй койбойбу, Картаңбай деген да болчу беле деп, Зарылбек эле коебуз деп, өзү койгон атын.

Эскерүү кечеден кийин Кино үйүндө Дооронбек Садырбаевдин китептеринин жана публицистикалык макалаларынын көргөзмөсү ачылды.

Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы Апыртан айлында туулган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган. Дооронбек Садырбаев 70 тен ашуун документалдуу фильмдердин, “Арман”,”Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм кинотасманын автору. Ошондой эле Садырбаевдин 8 көркөм жыйнагы жана 700 дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.

Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда Бишкекте каза болду.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 17.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.