Ромео менен Жульетта сахнада

''Ромео жана Жульетта'' спектакли Орусия да коюлду.
''Ромео жана Жульетта'' спектакли Орусия да коюлду.

Ч.Айтматов атындагы орус драма театрынын артисттери У.Шекспирдин чыгармасынын негизинде “Ромео менен Жульетта” спектаклин сахналаштырышты.

Бул оюнду коюу үчүн Өзбекстандан атайын режиссер Вячеслав Бродянский чакырылган. Орус драма театрынын жетекчилигинин айтуусунда Бродянский  буга чейин да аталган театрда эки спектакль сахналаштырган.

Улуу драматург У. Шекспирдин “Ромео менен Жульетта” чыгармасы 400 жылдан бери дүйнө элдеринин сахнасынан түшпөй келет. Автордун көзү тирүү кезинде чыгарма төрт ирет сахнада коюлуп, Лондондогу театралардын өтө мыкты спектаклдеринин катарына кирген. Театр ишмерлери оюнда чагылдырылган, кичинекей шаарчадагы бири-бирине кастыгын артып, дайыма согушуп турган эки үй-бүлөнүн балдарынын махабаты, сүйүүнүн гимни катары баалашат.

Спектаклдин тарыхына кайрылсак бардык учурларда Жульеттанын образын жаратуу үчүн өтө жаш артисттерди тандашкан. Андыктан Вячеслав Бродянский да ал салтты улап, театралдык окуу жайда билим алып жаткан улан-кыздар менен иштөөнү чечкен. Атап айтканда Жульеттанын образын 14 жаштагы Кристина Бордакова, Ромеонун ролун 19 жаштагы Марк Гликман ойнойт. Бул берилген ролдорду тажрыйбасы көп артисттерге да ойногонго кыйынчылык туудурат. Андыктан жаш артисттер менен көбүрөөк иштегенге туура келди деп айтат режиссер Вячеслав Бродянский:

Мен алар менен өзүнчө да даярдыктарды көдүм. Эки жаш аткара турган сценаларын, эпизоддорун өзүнчө бөлүп алып иштедим. Экөө жаш болгонуна карабай мен талап кылган нерселердин баарын аткарышты. Андыктан сүйүүнү жакшы эле даңазалашты деп ойлойм.

Ал эми Жульеттанын образын жараткан жаш актриса Кристина Бордакова менен баарлашканыбызда ал буга чейин да бир катар спектаклдерде башкы образдарды жаратканын кабарлады.

Бул мен үчүн дебюттук роль эмес. Башкача айтканда, буга чейин ар кыл оюндарда, жомоктордо баш каарманды ойногом. Бирок ушундай улуу жазуучунун дүйнөгө атагы чыккан чыгармасында башкы ролду жаратуу мен үчүн чыгармачылыгымда алдыга таштаган чоң кадам деп эсептейм. Андыктан бул роль менин чыгармачылыгымдагы эң кыйын жана эң сүйүктүү образ болуп калмакчы.

Спектаклде эсте калчу эпизоддордун бири – бул бири-бирибизге болгон сүйүү сезимдеринин пайда болушу, деп билдирет Ромеонун ролун ойногон актер Марк Гликман.

Сүйүү деген улуу сезим да, андыктан аны ойноо кыйын болот. Башкача айтканда, ошол сезимди баштан кечириш керек экен. Андыктан ушул сценанын үстүндө көп иштедик. Кыскасын айтканда келген көрүүчүлөргө сүйүү бардык нерсени жеңет деген нерсени далилдеп беребиз.

Спектаклде режиссер ошондой эле эки тараптын чабышуусун көрсөтүү үчүн атайын тажрыйбалуу адистерди чакырган. Бул үчүн Нурбек Болотовдун тобу иштеген. Спектаклде ошондой эле артисттердин кийимдерине өзгөчө көңүл бурулган. Режиссердун айтуусунда көрүүчүлөргө ал костюмдар жана сахнанын жасалгасы 13-кылымды элестетет. Орус драма театрынын жетекчилигинин айтуусунда спектаклди койуу үчүн болжол менен 400 миң сом каражат жумшалган.

Айжан Шаботоева, “Азаттык”, 16.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.