Мамлекеттик орус драма театрында Ыйык Валентин күнүнө карата “Ромео жана Жульетта” спектакли коюлат

Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында У.Шекспирдин “Ромео жана Жульетта”  пьесасы боюнча жаңы спектаклди даярдоо башталды. Бул туурасында 11-январда “Кабар” агенттигине театрдын басма сөз кызматынын жетекчиси Владимир Трофимов билдирген.

Премьераны режиссер, Өзбекстан маданиятынын эмгек сиңирген кызматкери Вячеслав Бродянский даярдоодо.

Кайра жаралуу доорунун залкар драматургу Уильям Шекспирдин “Ромео жана Жульетта ” пьесасы 400 жылдан ашуун дүйнөнүн бардык театрларынын сахнасынан түшпөй келатат.

В.Бродянский театр мектеп-студьясынын студенттеринин жаңы спектаклинде Жульеттанын ролуна 14 жаштагы Кристина Бардакованы, Ромеонун ролуна  19 жаштагы Марк Гликманды дайындады. Спектаклде актерлордун эң күчтүү курамы ойнойт. Ролдорду республиканын эл артистери Т.Стрельцова, А.Адали, С.Борисов жана В.Москалев, республиканын эмгек сиңирген артисти М.Козукеев жана башка актерлор аткарышат.

Премьера сүйүшкөндөрдүн майрамына – Ыйык Валентин күнүнө, 13-14-февралга туш келтирилген.

МА «Zpress.kg», 11.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.