Накыл сөздөр

Көлдүн күңгөйүндө (Ысык-Көл району, Корумду айылы, Турдакун уулу Жунушбай кезегинде айыл билермандары аталып, кеп-сөзгө эгедер, мыкты карыялардан болгон. Байбичеси Мария уз, үйүнө эски салттуу нускалар мыкты сакталган). Жунушбай атанын мурунку карыялардан угуп айтаны: “Анжияндык айры сакал сынчы Сынчыбекке Бугунун атактуу манабы Боромбайдын уулу Өмүрзак:
– Кадырман сынчым, бу дүйнөдө эмне жаман? – деген суроо коет.
– Эл-журтту бийлеп жүрүп, ошону билбейсиңби? – деп туруп, сынчы Сынчыбек бармак баштарын жуумп, санай баштайт:
– Эмесе жакшылап угуп тур:
– 1-жаман: Бирдиги жок эл жаман,
– 2-жаман: Энеси жок кыз жаман,
– 3-жаман: Үлгүсүз бычкан иш жаман,
– 4-жаман: Төрөсү жок эл жаман,
– 5-жаман: Уул-кызсыз белгисиз кеткен эр жаман,
– 6-жаман: Кочкору жок кой жаман,
– 7-жаман: Токсонго чыгып тоголонгон чал жаман,
– 8-жаман: Сендей олуттан калган чоң жаман.

Жунушбай карыя карыялардан калган сөз деп адамдардын жаш өзгөчөлүктөрү тууралуу минтип айткан:
Он жаш улак (улакча секирип ойнойсуң).
Жыйырма бычак (өткүрсүң).
Отуз өгөө (кесип түшөсүң).
Кырк кылыч (көрүнгөнгө шилтейсиң).
Элүү найза (токтоо чак).
Алтымыш аркан (айылдан анча узабайсың).
Жетимиш-тушамыш (тушалуу чак).
Сексен чидер (үч буттайсың).
Токсон-тоголок (тоголонуп, буйдалып каласың).
Жүз кумалак (кара жер жаздандың, бүттүң).

“Кыргыз Web” блогунан алынды

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.