Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

МААНАЙ

Маанай – кѳңүлдѳн ылдый турган, убактысы кыйла аз болгон, учурга гана тийиштүү жагдай.

Жакшы маанай менен ишти жасап кетсе абдан жакшы болот.

Маанай 2 түрдүү болот: берчү жана алчу.

Берчү маанайда адам башкаларга караганда бир топ деңгээлге ѳйдѳ болот, күчтүү болот. Алчулардын маанайын «берчү» ѳзүнүн деңгээлине жеткирсе – ѳтѳ күчтүү адамдын бири. Мындай адам ѳтѳ сезгич, акылман, касиеттүү адамдардан болот.

Маанайды шаттык менен кѳтѳргѳн адамдар болот,  жана маанайды билгилик менен кѳтѳргѳн адам болот.  Билгилик менен маанайды кѳтѳргѳн адам кѳңүлдү да таба алат. Шаттык менен кѳтѳргѳн маанай башка.  Билгилик менен кѳтѳргѳн маанай башка.

Маанайы бийиктегенде же тѳмѳндѳгѳндѳ адамдын кан басымы ѳзгѳрѳт. Ѳтѳ бийиктегенде (күлгѳндѳ) кандагы туура эмес заттар акырын жоюлуп кеткенге шарт түзүлѳт экен. Түшкѳндѳ (чѳккѳндѳ) – дем кысылгансып кан тамырлар ичкерип кетет экен. Бийиктеген учур менен түшкѳн учур жай келиш керек. Маанай көтөрүлүп турган кезде кескин түрдө маанайды түшүрбөш керек.  Андай учурда адам жабыр тартышы мүмкүн.

Ар дайым  жаркын маанайда турган адамда кан коюланбайт. Кан оору, кѳбүнчѳ кѳңүл оору. Такай маанайды кѳтѳрүп турса, оору жоюлуп кетет. Канды таза кармаса, кѳп оорудан адам арылат. Жаркын маанай тартуулаган адамдын кубаты бат-баттан толукталып турушу зарыл. Сейилдеп, тоо аралап, токой аралап, дем алып, салкын тѳрдѳ, салкын жайда болуп, адамдардан бѳлүнүп ѳзүнчѳ эс алып турушу керек. Анткени анын  курчап турган энергетикасы булганып калат. Чоң күч менен адамдын кѳңүлүн кѳтѳрѳм деп энергиясын (кѳкүрѳктѳгү) коротот. Кайра толуктап туруш керек.

Билгилик менен жакшы маанай тартуулаган адам – акылман адам. Кѳңүлдүн тамырын тапкан адам – акылман.

Кайың, карагай, арча, кыдыр жыгач күч-кубат берчү дарактар.

Кара жыгач, мажүрүм тал энергияны кайра сорот.

Жаңгак адамдын энергиясын түнү сорот, күндүзү күч тартуулайт.

КУБАТ

Кубат – бул, өлчөм. Күчтүн, таасирдин, сезимдин, иштин, жашоонун жана башка ушул сыяктуу негиздердин өлчөмү.

Кубаттуу кыймыл дайыма боло бербейт. Жумшалган күчкө жараша кубат болот же болбосо берилген (чыккан, жумшалган) күч дайыма эле кубатка тете болбойт. Кубаттын өлчөмү көбүнесе күчтөн чоңураак болот.

Адам бүт кубатын жумшап иштеген иш  жашоосунда азыраак болот, көбүнесе адам ѳзүндѳгү бүт  кубатты колдоно бербейт. Бүт кубатын кетирип иштеген иштен кийин адамдардын муун-жүүнү, эс-акылы, деми пастайт. Ошондуктан ал эс алып кубаттануусу зарыл.

Кубатына жараша адамдын күчү болот. Кубаттуу адамдын деми, муун-жүнү кубатсыз адамдан айырмаланып турат. Кубаттуу адамдын көз карашы, кыймыл-аракети салмактуу, ишенимдүү болот.

Кубатты адам өстүрсө болот. Кубаттанган адам чоң тоскоолдорду жеңе алат. Кубаттуу адам үчүн жолунан чыккан тоскоолдуктар өтө кичине. Кубаттуу адам коркунучту билбейт. Кубатты адам чоң демилгеден алса болот, сүйүүдөн (мээримден) алса болот, ишенимден алса болот (адамга чоң күч берчү – бул ишеним. Оболу адам өзүнө ишенимдүү болгону оң). Кубатты адам эс алуудан, тамактан, сөздөн алат. Кубаттуу болуш үчүн карама-каршы нерсени жасабаш керек.

Кубаттын 2 түрү бар: ааламдык кубат жана адамдык кубат.

Ааламдык кубат – бул, адамдын эркинен тышкары ѳзүнүн таасирин берет, тийгизет, өөрчүтөт. Бул кубаттын таасири жерге, жер шартына өзгөрүү киргизет, адамга таасир берет, өркүндөтөт, күчтөйт, дем берет, өстүрөт, жок кылат, кээ бир учурда кыйнайт, пастатат. Бул кубаттын таасири адамдан тышкары жан-жаныбар, өсүмдүк дүйнөлөрүнө таасирин берет. Ааламдык кубат такай бир демде болбойт. Анын ыргагы бирде өйдөлөп, бирде пастап турат. Ошол ыргакка жараша ааламда кубулуштар болуп турат.

Адамдык кубат дайыма өнүгүүдө боло бербейт. Адамдын кубатка толгон учуру 40-50 жаш, кээ бир адамдардыкы 60ка чейин. Бул учур – адамдын толук жетишкен учуру: акылга, жашоо тажрыйбасына, дүйнө жана дүнүйө байлыктарына. Андан кийин адамдын кубаты солгундап, өсүү токтоп, кубат кемий баштайт. Бирок, топтолгон кубат өзүнүн жарыгын адамдын өмүрү өткөнчө берет.

КУБАТ АЛУУ

Адамдык кубаттын 3 түрү болот:

– дене кубаты;

– акыл кубаты;

– сезим кубаты.

Төптүккө жеткен адам (үчөөнү төп кармаган адам) – кыраакы, даанышман адам.

 Дене кубатын асырап, күчкө толтуруп, ал күчтү көпкө кармаган адам – акылман адам. Ал адам өзүн башкара билет, туя билет, тыя билет, сезе билет, бага билет жана жаратылыштын тереңин билет, колдоно билет, бага билет.

Акыл кубаты. Акыл – бул кудай берген баалуу белек. Акылдын тереңдиги, кубаты, тутуму ар бир адамга өзгөчө тийиштүү, кайталангыс белек. Адам жыл өткөн сайын акылды топтоп, кубаттап, азык берип, өркүндөтүп, өстүрүп, тереңдетип жашаганы зарыл. Ар бир учурга өзгөчө мөөнөт берилет. Ошол учурду пайдаланып, тийиштүү алкакты кубаттаганы оң.

Сезим кубаты. Ар бир адамдын сезим кубаты түпкүрдөн келаткан багыттуу күч менен башкарылат.

Түпкүрдөн келаткан багыттуу күч чоң таасирге учурап калса (чоң коркунуч, запкы, илдет ж.б.у.с.), таасирлер түпкүрдө келаткан күчкө залакасын тийгизип коет.
Түпкүрдөн келаткан күч адамдын акылына сыйбайт, башкартпайт, күч менен жоюлбайт. Түпкүрдөн келаткан күч адамдын сезим кубатын ээлеп өнсө, ал адам сезими терең, күчтүү, таза, тунук болот.

Мисалы: адам сезими менен кубатты башкара билип, аны азыктандыра алат. Кубатты азыктандырган адам башка адамдын сезимин туя билет. Кээ бир адамда түпкүрдөн келаткан күч өнө бербейт. Бирок ал адам ошол күчтү улантуучу жол катары өткөргүч болуп өтөт.

ЭС ТУТУМ

Эс тутуму жогорку деңгээлдеги адамдар көп жетишкендикке жетет. Эс тутуму төмөн деңгээлдеги адамдар турмушта көп запкы тартат.

Турмуштун ирээтин, турмуштун жагдайын, турмуштагы өзгөрүүлөрдүн себебин талдоо эс тутумга байланыштуу. Эс тутумга көп маани бербесе адамдын убарасы көбөйөт, жетишкендиги азаят, жемиши майда болот. Адамдын акылы менен эс тутумдун байланышы ажырым болсо, ой-толгоосу начарлайт, жан дүйнөсү азап чегет, жашоосу оордойт. Адамдын ыйы менен күлкүсү тең боло баштайт. Адамдын ыйы дайым эле көз жаш менен ченелбейт. Адамдын ыйы – бул адамдын жүрөгүнүн оорусу, көңүлүнүн бүрү соолуганы, жан дүйнөсүнүн азабы, кандын кайнаганы, жандын ачыганы .ж.б.у.с. Буга себеп: эс тутум менен акылдын дал келбөөсү.

Эс тутум адамдын жан дүйнөсүнүн бейкуттугун кармоочу касиетке ээ. Эс тутумду багуу зарыл. Аны өнүктүрүү адамдын өзүнөн. Эс тутум адамдын жашоосунда чоң орунду ээлөөсү калетсиз, бирок, адам эс тутумга ошончо зор көңүл бөлбөйт. Эс тутум начарлаганда же аны жоготкондо гана маани берип, көңүл бура башташат.

Эс тутумга 2 түрдүү көңүл бурулат. Бирөө – үстүртөн. Бирөө – тереңинен. Адамдардын көбү үстүртөн көңүл бөлөт.

Эс тутумга тереңинен кѳңүл бѳлгѳн адамдар жокко эсе.

Үстүртѳн кѳңүл буруу – бул, эске тутуу жѳндѳмү мурдагыга караганда начарлаганын байкаганында, бирок ага иликтѳѳ салбайт.

Тереңинен кѳңүл буруу – мурда билгенине, эс тутумунда бар нерсеге иликтѳѳ жүргүзүү, ошол иликтѳѳдѳ 3 тараптуу иш болсо: бала чагы, чоңойгондогусу, акыркысы.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144-820; 0552 853-555

«Көк асаба», 30.01.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.