Жазуучунун үч шору: жазыш, басыш, сатыш. Анан да, башка шору тууралуу

Өмүрлүк дагы, кесиптик дагы тагдырым жаш чагымдан китепке, асыресе, кыргыз китебине байланышпаса жана акын-жазуучулардын, айрыкча, соңку мезгилдердеги уу-чуусу, ушак – айыңдары мен иштеген “Нуска” китеп дүкөнүн кыйгап өтсө, бул макаланы убара тартып жазбайт да элем. Чын-чынына келгенде, китеп – адамзатынын ойлоп тапкан кереметтеринин эң башкысы. Баары сөздөн башталганы ырас. Демек, китеп сакталган да, сатылган да жай мечиттей ыйык. Эң маанилүүсү – аларды жазган адамдар абийирлүү жана адилет болушу керек. Алар – тарбиячылар. Тарбиячы адам өзү тарбиялуу болууга тийиш.

Жогоруда акын-жазуучулардын уу-чуусу “Нусканы” кыйгап өтсө, иш башка эле деп бекеринен айтпадым. Китеп дүкөнүнө күн сайын жүздөй болбосо да, 60-70тей адам кирип-чыгат. Ошолордун үчөөсүнүн бири “мынабу жайнаган китептерди жазган жазуучулар куруп эле кетсин! Улам бир төрагасы машинени машине бойдон, курулчу үйдү үй бойдон жутуп, союздун мүчөлөрүн колдоого бөлүнгөн өкмөттүн акчасын жымырып, анан сүттөн ак, суудан таза болуп чыга келишип, гезит бетин бербей актанышып, айыптуусу айыпсызынын бетин тырмап жүргөндөрүнө күйөсүң! Булар жазуучу эмес эле, бири-бирине көр казуучулар турбайбы” деп кобураганын угуп, кээде жылмайып, кээде кулагымды жапырып койчу элем. Кай бирде чыдабай кетип, “эй, айланайын кыргыздар, ушак-пушагыңарды башка жерден айткылачы! Ушундай кобур-собур сөздөрдөн биз да тажап бүттүк” деп кагып койгон учурларым да аз эмес. Кээлери күлөт, кээлери таарынат. Акыркы кезде бу сыяктуу кеп-келечтер аябай күчөп кетти.

Эзелтен рынок, базар экономикасы менен иришкен Батыш өлкөлөрүнүн эли китеп чыгарарда адегенде аны кайда жана кантип сатарына башын оорутат экен. Чыгаруу алар үчүн экинчи, үчүнчү пландагы иш. Биз болсо алгач нускасын жайнатып алып, анан сатууну ойлонобуз.

Мен кантсе да китеп соодасынын, китеп таратуу системасынын казанында эбактан кайнап-бышкан адис катары “прихватташуу” адеп башталганда эле алдыда болчу акыбалыбызды, азыркы таз кейпибизди алдын ала сезип, күйгүлтүккө түшкөм. Республиканын башка район, шаарларындагыларды айтпаганда да, ал жылдарда борбор шаарыбызда 25 китеп дүкөнү болгонун эскерсем, азыркы китепкөй улан-кыздын көздөрү алая түшөт. Алар улам сатыла берип, акырында тогузу калган. Ошолорду биринчи президенттин биринчи ледиси менен анын жан-жөкөрлөрү жайлап тынышты. 1996-жылы баштагы Дзержинский менен Киев көчөлөрүнүн бурчундагы кыргыз китебине адистештирилген “Нуска” аттуу жападан жалгыз дүкөндү кошо сатышып, кызматкерлерин көчөгө айдашканда, болушар бир жан чыккан жок го, чиркин! Кудай акы, айткылачы, азыр төрагалыктын ордуна улам бириңди кудалап, жаштардын колтугуна суу бүркүп, жаамы журтка чуу салып чуркап жүргөн “кыйынбыз” деген акын-жазуучулардан кимиңер ошондо “кокуй, адабиятыбыздын, китебибиздин тагдыры үчүн жалпы аракет кылалы. Улуу урматтуу Аскар Акайычка баралы, сураналы, 9 дүкөндүн жок дегенде бирин сактап калалы!” дедиңер?! “Мен. Биз” деп эч кимиңер айта албайсыңар! Же жалганбы?!

Ошондо айлабыз куруп, амалыбыз түгөнгөндө, катуу ооруп, төшөктө жаткан Түгөлбай Сыдыкбеков абабызга бардык. Кайран гана арбагы ыраазы болгур асыл адам! Муңайып бир кейип алды да: “Садага кетейиндерим, менин акыбалым бул. Кантейин? Унчуккан жазуучу жокпу? Дүкөндөрдү бүт жоюшса, алар китебин куржунга салып сатышабы?” дебедиби. Айтканы айткандай келди белем. Китеп жазгандар баш көтөрмөк түгүл, бүжүңдөп, тааныш-туунуш аким, губернаторлордун, ректор, директорлордун эшигин сагалап, “можно” деп калышпадыбы. Таңуулап, мажбурлап, акелеп-жакелеп сатылган китептер авторлордун гана эмес, жалпы эле көркөм адабияттын, жазуучулук өнөрдүн кадыр-баркын төмөндөтөрүн алиге түшүнбөгөндөр бар. Алар чыгармачылыкты чайкоочулук катары көрүшөт окшойт.

Адам бөөдө жерден ыза тартканда кайраты артыла түшөт деген чын. Экинчиден, “Нуска” деген акжолтой аты томсоруп, заты жоголгонуна, анан ошол атты өздөрү энчилеп койгон, кийин көздөрү өтүп кеткен аксакал акын-жазуучулардын арбагы алдында карыздар экениме чыйрала түштүм да, Кыргыз энциклопедиясынын редакциясынын жетекчилеринен “биринчи кабаттагы 3-4 кабинеттин араларын кошуп, кыргыз китеп дүкөнүн ачсакчы?..” деп өтүндүм. Оюма тилектеш болуп, сунушумду дароо колдогон агайларыма ар качан ыраазымын. Ошентип, өлгөн тирилгендей, жоголгон табылгандай болду. Энциклопедия редакциясында иштеген элпек жигиттерди ээрчитип барып, “Нуска” деген көрнөктү жулуп келип, жаңы дүкөндүн маңдайына кададык. Андан бери 13 жыл өтүптүр. “Нускадан” башка бир да кыргыз китебин сатуучу дүкөн ачылбады. Кыйналып-кысталып кыйла ишти аткардык. Бирок, көп ой-тилек ишке ашпаган бойдон келатканына бир маал өзүмчө кейийм. Бүт республика үчүн иштеген бул дүкөн учурда аянтынын тардыгына байланыштуу китеп фондун кеңейтмек турсун, авторлордун жыйнактарын албоого мажбур боло баштады. Китеп жазгандар буга капа болуп жатышат. Айла канча? Тагдырдын тамашасын көрүп ал. Китеп дүкөндөрү кыйырсын ургандай биринен сала бири капчыктууларга сатылып, окурмандар дүкөндөрдөн биротоло куржалак калып жатканда, бийликтин майлуу-жайлуу жерлеринде отурган кыргыздын бакыйган жигиттери бүгүн жазган китептерин таңгактап көтөрүп, көчүк айланбаган “Нускага” жылып кирип келишет. Албетте, түштөн кийин өкүнгөн менен азыр алардын колунан эч нерсе келбейт. Купуя уялгандарына да ыракмат. Ч.Айтматовдой, “Манастай” дүйнөлүк даражадагы асыл дөөлөттөрү деле жок казак, өзбек элинин борбор шаарларындагы залдары жаркыраган, көз тайгылткан текчелерге тирелген китептери мол улуттук китеп дүкөндөрүн көргөндө, сыйлык-наамдарын кереги бар жерде да, кереги жок жерде да көтөрө чаап, көкүрөгүн койгулаган бу биздин акын-жазуучуларыбыз кайда деген ойго түшөт экенсиң. Жазуучунун, тактап айтканда, кыргыз жазуучуларынын үч гана шору эмес, төртүнчү да шору бар экен. Ал – бирин-бири көрө албастык, ичи тардык жана көйрөңдүк. Менимче, баарынан жаманы ушул төртүнчүсү. “Өнөр алды – кызыл тил” дегенди кээ бир жазуучулар “кызыл кекиртектик” деп түшүнүп алышкандай. Какшанып сүйлөп эле жатканы. Шүгүрчүлүк, соңку кезде борбор шаарыбыз кыйла өзгөрдү. Жөө баскың келет, кыдыргың келет. 15 жылча мурда китеп дүкөндөрү болуп, эл аягы үзүлбөй турган ошол имарат- жайларды оозубуздан оңой эле жулдуруп, азыр алар эмерек, кийим-кече, арак-шарап саткан дүкөндөргө айланып кеткенин көргөндө ичиң ачышат экен. Алсыздыгыбызга, бечаралыгыбызга ызаланат экенсиң.

Учурда Кыргызстан деп аталган санжыргалуу Ата Журтубузда ынтымак курултайы өткөнү жатат. Ал баарыбыздын жүрөгүбүздү жылытып, маңдайыбызды жаркыта турган улуу үмүттүн урааны. Ушундай күндөрдө руханий дүйнөнү тазартып, сөзү менен, жүрүш-турушу менен окурмандарына өрнөк, үлгү болууга чакырылган көркөм сөз ээлеринин жоопкерчилиги эки эсе. Бул парзды алар эч жерде, эч убакта эстеринен чыгарбашы керек.

Анаркан Садыкулова, Бишкектеги “Нуска” кыргыз китеп дүкөнүнүн башчысы,
“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.