Даярдан! Мыкты манасчыга 1 млн.сом.

Үстүбүздөгү жылдын мурастарга ыйгарылышы улуттун мекенчил уулдарын шыктантып койгону ырас. Бийлик өзү жарыялаган “мурастар жылын” кантип баштап, кантип аяктайт билбейм, бирок эл ичинен бул жылдын алкагында кыргыздын улуттук намысын ойгото турган тарых-таржымалын өз ордуна коюуга аракет жасагандар чыгып жатканы кубандырат. Биз мындай түйшүктү башына үйгөндөрдүн бири, тележурналист Шайырбек АБДЫРАХМАНга кайрылып, баштаган ишинен маалымат алдык.

– Шаке, XXI кылымдын манасчысын тандоо идеясы кантип жаралып калды?
Президент бул жылды “Мурастар жылы” деп жарыялагандан кийин менде кыргыз үчүн эмне эң башкы мурас болуш керек деген ой пайда болду. Албетте, кыргызды манасы жок элестетүүгө болбойт. Кыргыз мурасынын туу чокусу манас да. Андыктан бул жылы улуу эпосубузду ар тараптан көтөрүп алышыбыз парз. Албетте, эң биринчи бул өнөрдү элге жеткирүүчүлөрдү колдошубуз зарыл. XXI кылымдын манасчысын тандоо боюнча идеямды “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз, “Манас-Мурас” коомдук фондунун уюштуруучусу Баткен Шер-Нияз жана “Замандаш” ассоциациясынын президенти Мухтар Өмүракунов колдоп, уюштурууга жана демөөрчүлүккө салымдарын кошорун билдирди. Алар бөлө турган каражатты санай келсек биринчи орунга чыккан манасчыга 1 млн. сом байге койсок болот экен. Менимче, бул манасчыларды шыктанта турган эле сумма. Анан Кудай колдо деп ишибизди баштадык.

Сынактын жол-жобосу кандай?
Жобо учурда иштелип жатат. Негизинен эрежебиз кагазга түшө элек болгону менен даяр деп айтсак болот. Себеби, биз буга чейин айтыш өнөрү боюнча бир нече сынактарды өткөрүп келбедикпи. Тактап айтканда, бул сынак 30-апрелге таяп өткөрүлөт. Ага чейин жер-жерлерден келген манасчылар тарых музейинде каалашынча күч сынашып, калыстар алардын ичинен беш манасчыны тандап алат. Мына ушулар апрелдин аягында жалпы элдин жана калыстар тобунун алдында өз өнөрлөрүн көрсөтүп, беш манасчынын бири XXI кылымдын манасчысы наамын алат.

Сөзсүз беш манасчы тандалыш керекпи?
Жок, тандоо бөлүгүнө алтымыш манасчы катышса да андан калыстар тобу нукура манасчыларды гана тандаш керек. Мейли, алар экөө же үчөө болсун. Бирок бештен ашпайт. Эми бир доордо XXI кылымдын манасчылыгына талапкерлер андан ашык болушу мүмкүн эмес да. XX кылымдын гомери Саякбай Каралаев деле жалгыз болуп жатпайбы.

Манасчылар кандай критерийлер менен тандалат?
Биринчиден, ал улуу эпостун баарын билиш керек. Калыстар сынакка катышкандарды берилген тема боюнча айттырат. Экинчиден, албетте, мындай жарышка жаттама манасчылар катыша албайт, бирок төкмө манасчылардын саптарындагы көркөмдүүлүккө көңүл бурулат. Башкача айтканда, маркум агайыбыз Салижан Жигитов айткандай, убактым узун болсун деп эпоско шылдыраган суу кошпош керек. Менимче бул өнөр аян менен келгендиктен ким нагыз манасчы, ким жөнөкөй манасчы экенин аныктоо анчалык деле кыйынга турбаса керек.

“Агым” гезити мындан ары да XXI кылымдын манасчысын тандоо сынагы боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип турмакчы.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.