Кыргыздын “манасчылык” өнөрүнө дүйнө кызыгууда

Кийинки кездерде батыш өкүлдөрү, анын ичинде Орусия мамлекети да кыргыз элинин  “манасчылык” феноменине өзгөчө көңүл арта баштагандыгы байкалат. Бул туурасында 11-мартта «КАБАР» агенттигине филология илимдеринин кандидаты, «Айгине» илимий-изилдөө борборунун кызматкери Аида Эгембердиева билдирди.

Анын айтымында, акыркы кездерде «Манас» дастанынын тегерегинде болуп жаткан талаш-тартыш маселелер КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрүн, анын ичинде орус калкынын да кызыгуусун жараткандыгын белгилеп кетүү керек. Мисалга, «Литературная газета» басылмасынын үстүбүздөгү жылдын 23-февралындагы санында «Ключ от Манаса» жана ар-апталык «Литературная Россия» гезитинин (2009-жыл, №48) беттеринде «Манасчи из племени Бугу» сыяктуу кызыктуу макалалар орун алган. Анда орус журналисттери манасчы Талантаалы Бакчиевден манасчылык өнөр кандай адамга тартууланат, учурдагы мегаполистерде бул феномендин жаралуусу мүмкүнбү, мамлекет тарабынан бул өнөрдү сактоо жана жайылтуу боюнча кандай кам көрүлөт-деген суроолор көтөрүлөт.

Мындан сырткары батыш илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү да “Манаска” көбүрөөк кайрыла баштады. Жакын арада эле Голландияда социологиялык антропология илиминде Ниенке Ван дер Хейде “Манас эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы” деген темадагы докторлук диссертациясын  англис тилинде коргогон. Ал изилдөө иштерин белгилүү манасчылар Шаабай Азизов, Кааба Атабков, Талантаалы Бакчиевдин өнөрканаларнын негизинде жүргүзгөн. Натыйжада ал монография катарында жарык көрүп, аталган дастан тууралуу англис тилдүүлөргө маалымат берүүчү катары кызмат аткарууда.

А.Мураталиева, «Кабар» МА, 11.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.