Кытайда кыргыз маданиятына өмүр берген Жусуп Мамай туурасында кызыктуу 7 факты

Кытайда туулуп, жашап өткөн XX кылымдын экинчи жарымы – XXI кылымдын башындагы улуу манасчы, дастанчы, коомдук ишмер, КРдин Баатыры Жусуп Мамай туурасындагы жети фактыга токтолобуз.

Бизге бул жаатта Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Назгүл Турдубаева жардамчы болду.

 

Чоочун жерде кыргыз маданиятын сактап келген адам.

Жусуп Мамай кыргыздардын Манас баштаган улуу маданиятын чоочун элде сактап, өнүктүрүп, экинчи өмүр берип келген улуу инсан. Маалыматтарда ал 1918-жылы азыркы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо деп аталган аймакта жарык дүйнөгө келген.

 

Манасты бир нече муунуна чейин айткан.

Жусуп Мамай “Манас” эпосунун сегиз муунуна чейин айтат. Алар — “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек” жана “Чигитей”. Андан калган таберик — эпостун жазылып алынган 250 миң сабы. Булар араб тамгасында китеп болуп чыккан.

 

Ырамандын ырчы уулу берген аян.

Башка манасчылардай эле Жусуп Мамайды “Манастын” касиетине түшүндө берилген аян жетелеп келгендиги айтылат. Ал өзү эң алгачкы ирет он жашында Ырамандын Ырчы уулу аркылуу аян келгенин эскерген. Түшүндө Манас, Алмамбет менен Чубак, Сыргак баатырларды, Бакай карыяны көргөндүгүн айтып берген.

 

Булактын көзүн Балбай агасы ачкан.

Манасчы анын улуу эпосту өзү эле эмес, агасы Балбай да чет жакта сакталып калууга салым кошконун өзүнүн макаласында белгилеген жайы бар. “Балбай агам 1934-жылы өзүнүн куржунундагы жети булгары китепти алдыма коюп, буга чейин ар бир томун өзүнчө берип жүрдүм эле, эми жети томун дагы берип жатам, мына ушуну жакшылап окуп, үйрөнүп ал деп мага берген. Бирок, китеп кийин кандайдыр бир себеп менен жоголуп кетти. Балбай агам 46 жашында түрмөдөн каза болгондон кийин, жети китептеги Манасты окугандагы эсимде калгандарын бардыгын кагаздын бетине түшүрдүм”, — деп айтканы бар.

 

70тен жаштан ашканга чейинки ырдалган “Манас”.

Анын өзгөчөлүгү – эпосту айтып гана чектелип калбастан, Манасты урпактары менен бүтүндөй кагаз бетине түшүргөндүгү. Бир топ куракка, 72 жашына чейин эпосту аткарып келгендиги. Бул туурасында тарыхчы Кыяс Молдокасымов белгилеген.

 

Кечиккен Жарлык.

Президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы 30-апрелде “Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө” деген Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык өкмөт 2013–2017-жж. “Манас” эпосун сактоо, иликтөө, кеңири таанытуу боюнча Улуттук программа кабыл алып, манасчы Жусуп Мамай жана анын айтуусундагы “Манасты” Кыргызстанда бастырып чыгаруу, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу иштери башталган. 2014-жылдын май айында ага Кыргыз Республикасынын Баатыры ыйгарылат. Бирок, бир жыл аралыгында ал киши кайтыш болуп кетти…

 

Кылым жашаган манасчы.

Жусуп Мамай 2014-жылы жай айында, 1-июнда өмүр бою жашаган Ак-Чий кыштагында көз жуумп, сөөгү эртеси, 2-июнда жерге берилген. Жусуп аксакал улуу эпостон тышкары ” ЭрТөштүк”, “Мамаке Шопок”, “Көбөөн”, “Толтой”, “Ажыбек баатыр”, “Курманбек”, “Багыш”, “Толтой” сыяктуу чакан дастандарды айтып, алар да басмадан чыгартылган.

Манасчынын 2015-жылы өткөн ашына Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кызматкерлери барган. Тилчилер менен адабиятчылар манасчынын кичи мекенинен анын чыгармачылыгын, айтып, жазып калтырган эпостордун тилдик өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө бир топ материал топтоп кайтышкан.

Sputnik Кыргызстан, 16.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.