ЖОЛУ КАТУУ КЫРГЫЗ

“Бакдөөлөт” коомдук фондунун демилгеси менен филармониянын жыйындар залында эки күн элибиздин өнөр дүйнөсү даңазаланды. Бул өнөр аземге ураан кылып “Элибиздин келечеги – касиетинде” деген сөз алыныптыр. Дал ушундай ураандын турмушубузда биринчи жолу оозго алынып аткандыгы, менимче, бекеринен эмес. Бул – “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” дегендей сөз эмес. Бул – Гүлнур кызыбызга ааламдан туюм-сезим аркылуу берилген уюткулуу, ар бир кыргыз адамынын көкүрөгүнөн түнөк тапчу касиеттүү сөз. Кыргыздын касиети сөзүндө, баары сөздө уюган. Гүлнурдун кесиби – жогорку билимдүү экономист. Мектептен баштап, ошол кездеги заман шартына жараша орусча окуса да, Гүлнурдагы сөз – кудуретте. Элибиздин эне тилиндеги сөз – таамайлык таасын. Бул – сырдуу касиет. Байыркы бабаларыбыздагы улуулуктар азыркы XXI кылым кыргыздарынын көкүрөгүн тунуктап, көңүлүн түздөй турган замандын илеби келе баштагандай сезилет.

Публицист, акын, окумуштуу-педагог, профессор Советбек Байгазиев “Ата мекендик жана дүйнөлүк этика” аттуу китебинде Талып Молдонун ошол замандагы кыргыздардын адамгерчилик касиетин мүнөздөп айткандарын мисал кылып келтирген экен. Ошону бир аз кыскачалап, сөз учугун улайын: “Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыямат кылуу, убадасын бузуу, бузукулук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жаман иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес… Айла-алдоо не экенин билбеген. А эгер бир кишиден жогорку айтылгандагыдай сапаттардан бир кемчилик көрсө, жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбеген…”

Талып Молдо бабабыз баяндаган тарыхый кыргыздар менен азыркы кыргыздардын адеп-ахлактык айырмасын салыштыра келсек, өзөккө тап кетип, өзүбүздү өзүбүз өгөйлөп, кылымдар бою кыргызды кыргыз бойдон сактап келген касиеттердин улам биринен ажырап, жандүйнөбүздүн жабыркап аткандыгы, ким элек, ким болдук деген маселе бычактын мизи болуп кадалып атпайбы, ар бир кыргызга.

Америкадагы индей урууларында калп айтуу, алдоо – киши өлтүргөнгө тете кылмышкерлик делип эсептелет экен. Бул жагынан биздин ата-бабаларыбыздагы “Уят – өлүмдөн катуу”, “Сөзүң өлгөндөн көрө өзүңдүн өлгөнүң артык”, “Эл караган бетим жер карабасын” деген нарк-насилинде тутуп атпайбы, элибиздин элдик келечеги.

Адамзат тарыхында, дүйнөдөгү элдердин бардыгында эл башчылык – эң ыйык жоопкерчилик. Бийлик бийигиндеги адамдын элине айтар сөзү, иштер иши – элдин элегинде. Эгерде ал адамда элинин элдик касиетин, нарк-насилин, мүдөөсүн, келечегин туя билген, көрө билген көсөмдүк, тереңдик, даанышмандык касиет болсо, ошонун өзү – элге бакыт, ошого карап эл түздөнөт, сыймыктанат, таасирленет, тазаланат. Баары эл башчылык дааналык, иш дааналык, сөз дааналык аркылуу.

Ал эми бийлик башчы элинин жандүйнөсүн туя албаса, сөзүнө тура албаса, калыс, адилет болбосо, жакшылыгынан жамандыгы, тескерилиги көп болсо, элин айла-амал менен башкаргысы келсе, алдаса, анда ал – элдин шору. Бул жерде айтылгандын экөөнө тең дүйнөдө мисал көп. Аларды тизмелеп айтып, сөздү узартуунун зарылчылыгы жоктур. Түшүнгүсү келгендер ансыз деле түшүнөр.

Түркиянын мурдагы президенти, ыраматылык Тургун Озал элине: мынабул иштер аткарылды, бүткөрүлдү, а булардын оңу келбей, орундала элек деп өлкөдөгү абалды, келечекте иштелчү иштерди, ой-максаттарды маалымдоо каражаттары аркылуу байма-бай айтып турчу экен. Бир эле ушунун өзү жалпы элдик биргеликти, эл менен бийлик ортосундагы бир бүтүндүктү жаратпай койбойт. Орус элинен чыккан ойчул Михаил Бахтиндин минтип айтканы бар: “Бөлөк-бөлөк бөлүкчөлөр мейкиндик жана мезгил жагдайында тыш жагынан гана биригип, ички биргелик жок болсо, ал деген – механикалык бир бүтүндүк. Анын бөлүкчөлөрү жанашып турганы менен, баары бир өз-ара жат”. Эл менен бийликти, учур менен келечекти иш дааналык ички мазмун гана бириктире алат. Элге эл башчылык дааналык керек.

“Элибиздин келечеги – касиетинде”. Ушул бир ооз сөздө баары айтылып тургандай сезилет. Элибиздин элдик касиетин сактай албасак, келечек жок. Эл тагдырына жоопкерлерде ушуга түшүнүгү, ниети канчалык, маселенин оңуна келиши ошого жараша.

Азыркы кыргыз турмушунда эмне көп? Жыйын көп, реформа көп, курулай бүйүр кызытма сөз көп, үзүр жок, өзөк көңдөй. 20 жыл аралыгында нечен миңдеген жыйындар өткөрүлдү. Ошондон өлкөбүз өнүгүп, телегейибиз тегиз болуп, жашообуз жакшырдыбы? Жок. Андай болгон соң андай жыйындардын, тек гана бук чыгармай, көксө суутмай жыйындардын кимге кереги бар? Мүмкүн бирөөлөргө кереги бардыр, элге, эл келечегине кереги жок. Өнүгүү деген эл кызматындагылардын эс-акылына, билимине, элине күйүмдүүлүгүнө, калыстыгына, адилеттигине, коомдогу акыйкаттыктарга жараша. Эгер ушулар жок болсо кандай гана жыйындар өткөрүлбөсүн, алардын баары кезектеги көңүл жубатма айла-амал, убакыт жана каражат коротмо болуп кала берет.

Швеция өнүккөн өлкө. 1930-жылдары дасыккан адистер “Экономика менен социалдык чөйрөнүн үзүрлүү айкалышуусу”, “Аткарымдуу суроо-талап жана иш жагынан толук камсыз болуу” жол-жоболорун иштеп чыгып, өлкө ошол негизде ошондон бери өнүгүү өңүтүнөн тайыган жок. Терең изилдөө иштерин жүргүзгөн ал адистердин эмгеги “Экономиканын стокгольмдук мектеби” делип аты калды, тарыхта. Бир даары Нобель сыйлыгына арзыды. Хаммаршельд кийин БУУнун генералдык секретары болду. Тагдыры ошол экен, авиакырсыктан өмүрү кыйылды.

Айтайын дегеним, өлкөбүздүн өнүгүү негиздерин аныктоо кесипкөй, дасыккан, такшалган, көптү билген адистердин иши. Ошого жарачулар барбы? Бар. Иштелип чыгып, сунушталган да учур болгон. Бийлик аны тоготкусу келген жок.

Алгачкы мамлекет башчыбыз өлкөдөгү чачкын абалды кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүк сыяктуу көрсөткүсү келип орусчалап: “через хаос образуется новое качественное состояние” деп айтчу. Качан токтойт ал хаос, качан түзүлөт ал киши айткан “сапаттык жаңы абал”? 23-марттагы курултайдан кийинби?.. Же андан алты күн мурда өткөрүлчү курултай керекке жарайбы?.. Айтор, Кыргызстан курултайлардын, жыйындардын, Кайрылуулардын, бирөлөөрдү мактап- жактоолордун, дагы бирөөлөрдү көз көрүнөө жаманаттылоолордун, соттоолордун, куугунтуктоолордун, атып жок кылуулардын өлкөсү болуудан арыла албаса, анан акыры не болуп тынаар экен? Турмушубуздагы, жандүйнөбүздөгү хаостордон качан тазаланар экенбиз? Көңүлгө тынчтык бербеген көйгөйлөрдөн качан жана канткенде арылабыз? Кыскасы, кыргызча айтканда, жолубуз катуу эл экенбиз да…

Не болсо да, бу жердеги кеп башында айтылган “Элибиздин келечеги – касиетинде” деген бир ооз сөз баарынан бийик туруп аткандай сезилет мага. Ушул ураан элибизге Көк Асаба туу болуп берсе экен дегим келет.

Кенжаалы Сарымсаков, карыя журналист,
«Көк Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.