Комуз күүлөрү нотада

Эски жыл соңу кыргыз күү сүйүүчүлөрү үчүн жылуу кабар, жакшы окуя менен аяктаган эле. Кыргыз элине кеңири белгилүү залкар күүчү, комузчу, ырчы Нурак Абдрахмановдун күү-ыр чыгармалары атайын күү, комуз үйрөнчүктөрү үчүн ноталык сабатка түшүрүлүп, ошол эле жыйырмадан ашык чыгармалардын кызыктуу баяндары чечмеленип жазылган “Нурактын күүлөрү” аттуу нота китебинин жарыкка чыгышы болду.

Бул китеп комузчу, кыргыз күүсү боюнча көптөгөн маалыматтарды топтоп жүргөн Мастура Бердибекованын эмгегине таандык. Китептин чыгышына каражатты ал “Швейцариялык кызматташуу фондусунун” өнөр маданият программасы боюнча Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн бөлдүрүп алган. Бул фонддон тышкары, кыргыз күүлөрүнө кореялык ишкер айымдар да колдоо көрсөтүп, Кумаркан Эргешованын түзүп жазган “Комуз күүлөрү” китебине жардам беришкен.

Кыргыз күүлөрү жөнүндө жазылган, же кыргыз күүлөрү жазылган канчалаган эмгектер чаң басып, күү сүйүүчүлөрүнүн колуна жетпей жатканы жаткан. Мисалы, кыргыз комузунун өзгөчө күйөрманы болгон, кыргыз комузунун күүлөрүнүн чертүү ыкмаларын тынбай тереңдеп изилдеген Таштанбек Чыналиевдин “Комузда ойноо” китеби ушу күнгө чейин 40-50 жылдан бери түрдүү себептер менен чыкпай келе жатат. Бул китеп үйрөнчүк комузчудан такшалган комузчуга чейин чоң сабак ала турган эмгек. Ал эми комуз деген сөзгө жашынып, мугалим-окутуучу, күү изилдөөчү болуп иштеген, өмүр бою өзүнүн жеке арбайын соккон, наамдарды, акчаларды алып, бирок комуз жөнүндө көңүл жылытарлык эмгек жасай албай, бир шакирт чыгарбай кыргыз жеринде “комузчу, мугалим, күү изилдөөчү” аталып жүргөндөр бар. Аларга караганда, К.Эргешова менен М.Бердибекованын эмгектери кыргыз күүсүн ондогон жылдарга алдыга сүйрөп кетишине чоң ишенич бар.

«Көк Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.