“Чыгарма — адамзатты жакшылыкка тарбиялайт”

Бул жолу “Алыкулдун ак боз ат” сыйлыгынын лауреаты акын Айнагүл Базарбаеванын чыгармачылыгына кайрылабыз. Акын учурда Баткен аймагында жашайт. Анын бул аралыкта поэзия жана кара сөздөн турган эки китеби жарык көргөн.

Тема тандабайм…
Чыгармачылыкта тандаган темам деле жок. Кайсыл тема мени толкутса, кайсыл тема мени ойго салса мен ошону жаза берем. Чыныгы чыгармачыл инсан үчүн чектелген тема болбошу керек.

Союз маалында биз үчүн жазуучулар, акындар жалпы эле чыгармачыл инсандар бир идеалогияны камтып турган, элдин алдыңкы бирден-бир залкарларындай сезилээр эле. Алар бизге жаркырап жол көрсөтүп тургандай туюлчу. Ал эми андан кийин алар бир кыйынчылыкка туш болуп азыр гана ошол кризистик абалдан чыгып калгандай. Бирок кандай болгон күндө да чыгарма адамзатты жакшылыкка гана тарбиялайт. Биз муну четке кага албайбыз.

 

1- класс кезим…

Сыянын жыты келип мурунума,
Биринчи класс кезим эске түштү.
Баракка башым коюп уктап калып,
Сыянын изи болсо бетке түшчү.

Окучум энем айткан “мударистей”,
Ар дайым “4”, “5” алган ударникмин.
Сабакты окуй албай үйгө кетип,
Калуудан абдан коркчум мугалимден.

Канчалык окусаңда, кара казан,
Кармайсың, кыз баласың наалып калып.
Жакамды кадай албай кыйшык тагып,
Чоң энем калган эле абдан карып.

“Ж” деген жылдызга окшош тамга экен деп,
Чоң атам жадыбалдай жаттатканы.
Эсиме түшүп недир… Ыр жазып олтурамын,
Мурунума сыянын жыты келип…

 

* * *
Жан дүйнөм кетти делбиреп,
Жан кайып болсом нээктен.
Жете албай жүрөм деңизге,
Жел кайык толкун жээкке.

 

* * *
Жан дүйнөмдү бир бөтөнчө шаңы менен аралап,
Шаңшып өттү шайыр добуш домбура.
Күүдөн көрдүм, казак анан, кызыл көйнөк кең далаа…

 

Аял акын
Саксайып чачтары да таралбаган,
Түшүнөн чочуганбы аял акын.
Каргалар кык чокуй элек туруп алып,
Ай жылдап да белендеп туруп алып.

Көңүл кушун ээлеп күү ыргагы,
Негедир бирок жаза албаган.
Бир ырын бүгүн жазып,
Төшөгүнүн жээгинде калем, кагаз.

Же бир шарт жок үйүндө мурункудай,
Сүкүт салып, ойлонуп келип илхам.
Жанын берип, жан салып жалгыз ырга,
Аял акын олтурат жаны ырдан.

Жазгүл Жамангулова, «Азаттык», 15.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.