Табият ар кимге эле талантты тартуулай бербейт

Адам колунан жасалган не бир укмуш жана көз жоосун алган көркөм кол өнөрчүлүк буюм-тайымдар атадан балага, кийинки урпактарга таберик катары сакталып кала берет тура. Ал эми аны улам өркүндөтүп, шөкөттөп, жасалгалап келаткан кол чеберинин эмгегине баа бербей коюуга болбос. Ошондуктан, байыркы ата-бабалар жасап колдонуп келген кайыштан, булгаарыдан жана мүйүздөн ар кандай буюм-тайымдарды, эстелик сувенирлерди ийине келтире кооздоп жасап, элге тартуулап келаткан атуулдарыбыздын бири, Нарын шаарындагы №87 кесиптик-лицейинин устат окутуучусу Илясов Мелисбек туурасында азын оолак кеп кылмакчыбыз.

М.Илясов өзү Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынан болот. Анын таятасы да Ак-Талаанын Актал айылынан чыккан белгилүү чоң уста болуптур. Же ошол тайлар жагынан оогон шыкпы, же болбосо өзүнүн аракетиби, айтор ал бала кезинен эле кийим-кечектерди өзү бычып, модалуу кийимдерди тигип кийип алып, өзү курдуу балдардын да көңүлүн алып, аларга да тигип берип абройга ээ болот. Анын бала кезден көркөм дүйнөгө, сүрөт тартуу чеберчиликке үйрөтүп, шыгын арттырган айылдашы Темишов Жумагул аттуу окутуучусу болгон экен. Ал адам да учурда чоң сүрөтчүлөрдү бири, азыр айтылуу Саймалуу-Ташта чыгармачылык менен алектенет. Мелисбек улам баралына жеткен сайын сүрөт дүйнөсүнө кызыгып, андан ары өркүндөтүү максатында Фрунзе шаарындагы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, андан билимин өркүндөтөт. Ошол студент кезинде ага жол көрсөтүп, мүйүздөн, булгаарыдан буюм жасоонун сырларын үйрөтүп, өздөштүрүүгө жетишкен Ишен Чаланов аттуу агайы болду. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң, өзүнүн чеберчилигин өркүндөтүп, булгаары, кийиз жана мүйүздөн кандай нерселер жасалса ошонун бардыгын, ийине жеткире жасаганга жетишти. Мындан тышкары, ат жабдыктарын толугу менен күмүш чегелеп, тарыхый буюмдардан-жааны саадагы менен кошо келиштирип жасап, ар кандай көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарды камсыз кылууда. Ал байма-бай жергиликтүү жана республикалык сынактарга катышып, устаты И.Чалановдон кийинки экинчи орунду колдон чыгарбай келет. Ошол өз колу менен жасап чеберчилике жетишкен өнөрлөрүнүн бардыгын, азыркы тапта эмгектенип жаткан Нарындагы №87 кесиптик лицейинде билим алышкан балдар менен кыздарга үйрөтүп жатат. Анда эмесе кеп кезеги менен болсун:
“Мен учурунда ушул элдик көркөм өнөрдү өнүктүрүү максатында атайын кооператив да түзгөм. Анда он чакты киши иштеп үй бүлөсүн да багышчу. Кийин өзүбүздүн имарат жай болбогондуктан жана ижара акысынын өскөндүгүнөн убактылуу жабууга туура келди. Шаардык мэрияга канчалаган кайрылуу жазып келгенибиз менен алар да ылайыктуу имарат жай таап бералышкан жок. Ошондуктан азыр керектүү нерселерди кесиптик лицейдин мастерскоюнда келишим түзүп жасап жатам. Мында бардык станоктор жетиштүү, болгону зарыл болгон материалдар гана кемчил болууда. Менин кардарларым абдан эле көп, андыктан алар мага өздөрү заказ кылып турушат. Мындан тышкары Бишкекке да жиберип турам. Алар акчасын алдын ала берип ийип турушат. Эми буюмуң жакшы жасалса, өтүмү да мыкты болот экен. Мага көбүнчө аскер кызматындагылар, милициялардан суроо-талаптар көп болот. Мисалы, аларга ар кандай курдун түрлөрү, пистолет салгыч, бычак саптар кыны менен ж.б. жасатышат. Мындан тышкары акимчиликтен, мэриядан, мекеме ишканалардан ар кандай белек-бечкектерди, сувенирлерди жасатып кетип турушат. Мен негизинен азыр окуткан балдарыма болгон, билген өнөрүмдү үйрөтүп калтырсам деймин. Азыр ошол менден окуп үйрөнгөн балдар, кыздар ушул кесиптин аркасы менен үй-бүлөсүн жакшы багып, дурус жашап жатышат. Мен ошолорду көрүп абдан кубанам жана көөнүм ток болуп турат”.

М. Илясовдун табиятынан талант ыроологон чебер колунан чыккан, эмнеге баш койсо ошого жан киргизип, не бир укмуш, көркөм кооз буюмдарды, көз жоосун алган оюмдарды, канчалык көргөн сайын ошончолук көргүң келет. Кыргыздын абалтадан келаткан көөнөргүс өнөрүн көөдөнүнө сиңирип жана аларга экинчи өмүр берип, элге жайылтып жаткан, чебер уста Мелисбекке таазим кылсак жарашат.

Кадыркул Бугубаев, Нарын шары, «Айыл деми» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.