Авторун атап ырдашса кемип калышат беле?

Учурда кыргыз шоу бизнесинде сөзүнүн мааниси тайыз, обону жугумсуз ырлар арбып баратат. Ал аз келгенсип радиолордон уктурулуп, телеберүүлөрдөн көрсөтүлүп, көркөм табитке көө түшүрүүдө. Бул көрүнүш тууралуу оюн билүү максатында кыйла жылдар бою Нарын облусунун маданият тармактарында эмгектенген Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, обончу Жалил СЫДЫКОВго кайрылдык.

– Учурда эч нерсеге таңгалууга болбой калды. Айрыкча музыка болмуштарды компьютерден эле “төрөтүп” алышкандар көбөйдү. Сиз чыгармачыл адам катары мындай “акушер” обончу-аткаруучуларга кандай карайсыз?
– Музыка – бул өтө аялуу дүйнө. Анын босогосун аттаардан мурда кур дегенде жети нотаны билип алуу кажет. Ансыз музыка дүйнөсүнө аралаша албайсың. Азыркы обон чыгарууга баш койгон айрым жаштардын угуу, көрүү, көркөм таануу табитинин төмөндүгү, музыкалык маданияттан кабары жоктугу баарыбызды ойлонто турган маселе. Айрыкча ырдын обонуна, сөзүнө маани бергенге чамалары чак. Ритм болсо эле болду, шалактап бийлеп, шатыратып кол чаап калышат. “Эшегине жараша тушагы” дегендей, андай чөйрөдө ырдаган ырчылар жылдыз болуп жаркырап чыга келишет. Мага да айрым жаш ырчылар ырын, обонун көтөрүп келишет. Карап көрүп кемчилигин жай түшүндүргөнгө аракет кылам. Көпчүлүгү “тигил деле ушинтип ырдап жатпайбы” дейт. Эптеп эле чаканын калдырагындай бирдемесин алып чыга калып жылдыз болуп жана калсак дегенге эки көзү төрт болуп турганы байкалып турат. “Ой, андай кылбагыла, элге алынып кетчү чыгарма жаратам десеңер изденгиле, тер төккүлө” дейм.

– Мындай жолуң болгур ырлардын жолун канткенде бууй алабыз?
– Буга жооп берүү үчүн тереңден баштоого туура келет. Кезегинде борбордон тартып ар бир районго чейин маданият министрлигине караштуу эл чыгармачылык борборлору иштечү. Азыр алар маданият борборлору аталганы менен, аты турат, заты жок. Жер-жерлердеги таланттарды эскиче айтканда, эл чыгармачылык борборлору таап чыкчу. Клубдар, маданий мекемелер менен ошолор иштешчү. Алар маданият министрлигинин оң колу эле. Ушул системаны жандандырып, ар бир ырды электен өткөрүп, анан элге чыкканга шарт түзмөйүн бул таз кейпибизден арылбайбыз.

– Сиз алыскы аймактарда маданият тармагында көп иштедиңиз. Ал кезде абал башка эле. Бүгүнкү айылдык клубдардын, маданият үйлөрүнүн абалына кандай карайсыз?
– Жакында Жайыл районунун клубунда өткөн кайсы бир маданий иш-чарага катышып калдым. Клубдун сууктугунан отура албай кайыгып кеттик. Бул эми борбордун колтугундагы райондогу көрүнүш. Ал эми тээтиги Баткендеги же алыскы аймактардагы клубдардын абалы кандай болду экен? Кызыккан киши барбы? Маданият дал ошол айылдан, айылдагы маданияттын очогу болгон клубдардан башталат. Бишкектеги 5-6 театрды карап отура бербей, айыл жерлерине көңүл бурууга убакыт жетти. Бул маселе жеке маданият агенттигинин менчик көйгөйү эмес. Айыл өкмөтү, акимчиликтин да милдети болуп саналат. Борбордогу музыкалык табитибиздин, ага болгон мамилебиздин деңгээли болсо бул… Бул үчүн мамлекеттик масштабда мониторинг жүргүзүп, маданий мекемелерди, айылдык клубдарды толук паспортизациялоодон өткөрүү зарылдыгы турат. Азыркы маданият агенттиги муну колго албаса болбойт.

– Жалил ага, клубдар иштеп, айылды жаңырта ырдап калсак эле алешем обондордон арылып калабызбы?
– Ыр-күүнү, музыканы түшүнүү айылдан түптөлөт. Жогоруда эзелки эл чыгармачылыгын, азыркы маданият борборлорун бекер козгоп жаткан жерим жок. Анткени айыл клубдары мындай борборлордун таянычы болуп саналат. Кичине илинчеги бар таланттар жер-жерлердеги маданият борборлорунун комиссияларына кайрылып (эгер түзүлгөн болсо) өнөрүн сынатып, андан ары чыгармачылык сапарын уласа жакшы болмок. Айылдык, райондук, облустук, республикалык кароо-сынактарды жандандыруунун мааниси зор. Таланттар, ырдын ыры ошондо тандалат. Мындай иштер бизде мурда болуп келген.

Мурда эл чыгармачылыгы борборунун комиссиясынан өтмөйүн радио-телени айтпайлы, концертке да чыга алчу эмессиң. Ушуга байланыштуу жеке өзүмдүн чыгармачылык жолуман бир мисал келтирейин. Мен 25 жашымда Нарын облустук эл чыгармачылыгы борборунун директору болуп иштеп калдым. Бир жолку облустук кароолордун бирине сөзүн, обонун өзүм жазган чыгармам менен катышкан элем. Ырдап бүткөнүмдө комиссиянын мүчөсү Жумамүдүн Шералиев чакырып алып, “эй бала, обонуң го дурус экен, сөзү кантет? Бул эмне деген мамиле?” деп таягы менен бир салчудай каарданган эле. Менин директор экениме караган жок. Ошону менен ал ырым өтпөй калган. Жумакемдин ошол бир ооз сөзүнөн кийин уялганымдан ыр жазганды дароо тыйып, жазбай жүрүп 5-6 эле жыл болду кайра калем кармаганыма. Болбосо, поэзияга 10-класстан баштап эле киришип калгам. Муну менен улуу муундун сөзгө, обонго жасаган мамилесин айтып жатам. Демек, ар бир аткаруучу ушундай атайын комиссиянын кароосунан өтүп элге чыкса өзүнө да, угуучу, көрүүчүлөргө да жакшы болор эле. Сен айткандай, алешем ырлардан арылар элек.

– Маданият ишмери катары маданият министрлигинин агенттик деңгээлине түшүп калышына кандай карайсыз?
– Дэн Сяопин айткандай “өңү кандай болсо да, өкүртүп чычкан алса” болду да. Бирок, бүгүнкү күндөгү маданият тармагыбыздагы өксүктөргө жаңыдан көңүл бурулуп жаткан шартта министрлик деңгээлде кармап турсак болмок. Дегеле маданият тармагынын көрбөгөнү калдыбы? Дээрлик төрт жыл бою билим берүү министрлигинин колтугунда “кыштап” жүрдү. Атургай жоюла жаздап барып араң калган. Маданият министрлиги болуп кайра түзүлүшүнө композитор Муратбек Бегалиевдин эмгеги зор. Ушул эле М.Бегалиевдин аракети менен 2004-жылдын 27-мартында улуттук маданий борборуна 9 гектар жер бөлүнгөн. Азыр анын 4,5 гектар жери футбол талаасына айланып калды. Калган 4,5 гектары да сатылып кеткен деп жүрүшөт. Көрүнүп тургандай, министрлик болобу, агенттик болобу, маданият тармагына көз салып, камчылууга чаптырбай, тумшуктууга чокутпай турган мамлекеттик мекеме болбосо болбойт. Иштейм деген кишиге маданият тармагында иштин чекеси оюлбай турат.

– “Уйкашсыз ырдан жол болбой, уйкаштуу ырга кайра өттү” дегендей, айрым аткаруучулар эски, элдик обондорго кайрылып жатышат. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Жаш аткаруучулардын элге алынып калган ырларды кайра алып чыкканга аракет кылгандары жакшы. Албетте, ар бир аткаруучу кандай ыр болбосун өзүнүн “боегун” кошуп ырдайт. Ошол “боегу” ырдын ажарын арттырып турса бир жөн. Бирок, бу түгөнгүрлөр “сакалын дагы боеп” жиберип жатышпайбы. Өткөндө Аксуубай Атабаев “ушундан көрө ырдабай эле койсо” деп нааразы болуп алыптыр. Асанкалый, Рыспайлар деле ошону айтмак. Дагы бир төбөсү көрүнгөн ырчы жигит Корголдун “Ак Бакайынын” кайрыктарын кошуп алып соктуруп жүрөт. Мейли, кошуп алсын. Бирок, Корголдун атын деле айтып койсо кичирейип калмак беле. Ар бир ырды аткарууда анын ырынын, обонунун авторун айтып ырдоо маданияты калып баратат. “Атын атаса куту сүйүнөт” дегендей, авторлорун айтып жүрүү ошол ырды сыйлагандыкка жатат эмеспи. Теле болобу, радио болобу аткаруучусун айтып, авторун унутуп калган “эпидемия” жайылып кетти азыр. Дагы ошол ырды жараткан авторлордун ыйманы бар экен. Автордук укугун коргоп сотко берсе аткаруучулардын далайынын айласы кетмек. Менин эле канча ырымды аткарып жүрүшөт. Өзгөчө элге кеңири белгилүү ырларды аткарууда этият болгон жакшы. Мисалы, “Алымканды” Токтогулдуку деп ырдап жүрүшөт. Ырас, сөзү Токомдуку. Бирок, обону Бектемир Эгинчиевдики эмеспи. Ал киши эмне үчүн айтылбаш керек?!

– Учурда кандай чыгарманын үстүндө иштеп жатасыз?
– Чыгармачыл адам катары жаш кезде махабат ырларына басым койсоң, элүүдөн өткөндөн кийин эл, жер деп калат экенсиң. Кийинки кезде патриоттук обондорду чыгарууга көбүрөөк ыктап баратат окшойм. Жакында акын Өмүрбек Дөлөевдин сөзүнө жазылган “Теңир-Тоо”, “Ак Калтар” аталган ырларына обон чыгардым. Кантсе да Арпада балалыгым, Ак-Сайда жаштыгым өткөндүктөнбү, бул ырлардын сөздөрү көп нерсени эсиме салып тургансыйт. Дегиңкисинде патриоттук ырлардын тарбиялык маани-маңызы өзгөчө. Ошондой эле “Өнөр ордо” аталган коомдук бирикмени жетектеп келем. Эки жолу Ак-Талаа районунда “Беш-Ыргай” аталган кароо-конкурс өткөрдүк. Төрт баланы тандап борборго алып келип, экөөнү Күрөңкеев, бирөөнү Чуйков, бирөөнү Абдраев атындагы окуу жайларына тапшырттык. Азыр окуп жатышат. Мындан тышкары Ч.Калыбекованын “Ботокөз” спектаклин Ак-Талаа райондук элдик театрында койдуруп бердим. Ушинтип аз да болсо маданиятка өз салымымды кошуп келем.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-73, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы») 26.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.