Расул Гамзатов

(08.09.1923 – 03.11.2003)

АР УБАКТА СҮЙҮҮГӨ ТААЗИМ ЭТИП…

Мактанбагын эч качан, жакшы нерсе
ат таканы ийилтсең алып жерден.
Жаратылыш букага күчтү берсе,
а адамга эрдикке сүйүү берген.

Таң заарынан кайрадан калем алып,
сени менен өткөрсөм жаштык түнүн.
Айтаарым бул: турсам мен оттой жанып,
доктурга эмес, сүйүүгө милдеттүүмүн.

Сүйүү – бул эки адамга эрмек эмес,
ал бизди алып учат бийиктикке.
Абийириңди алмашсаң дурус дебес,
Жеңил ойлоо жатпайт ал жигиттикке.

Кыйындыкка баары эле даяр дейби?
Ажал келсе алат да мага келген.
Арманым жок, ичип алып өлсөм мейли,
Сүйүү балын, жаркыным, өзүң берген.

Которгон Догдурбек Юсупов

 

ПОЭЗИЯ

Сенсиз дүйнө үңкүр болмок караңгы
Күндүн бетин бир да жолу көрбөгөн.
Же болбосо асман болмок жылдызсыз,
Сүйүү болмок эч ырахат бербеген.

Же бул дүйнө деңиз болмок өңү жок,
Күр-шар эткен толкуну жок, жели жок.
Же бак болмок булбулу жок, кушу жок,
Көркүн ачар гүлдөрү жок, чөбү жок.

А дарактар мейли кышпы, мейли жаз
Мейли күзбү, дайым турмак жылаңач.
Адам болмок бир жапайы макулук
Кунары жок дүйнө турмак болуп таш.

Которгон Аман Токтогулов

 

ЭНЕКЕМ АЛДЕЙЛЕЙ БИЛБЕСЕ

Эне тил мага кут даарыбай
Куру калып энчи ат өӊ-түстөн,
Баш-учу жок жолдо мал сымал
Космосто мен каӊгып жүрмөкмүн…
Мен билмек эмесмин сүйүүнүн
Дүрт жанып күйөөрүн жүрөктөн –
Деӊиздей бешигим термете
Энекем алдейлей билбесе.

Бул куштар көктөгү таӊшыган,
Сай-сайда – жамгырдын жазгы ыры,
Жуулган жаш жалбырак жыпары;
Дандырда кызарган ысык нан –
Бүт баарын жүрөккө сыйдыруу
Зор күчүн алмакмын мен кайдан –
Деӊиздей бешигим термете
Энекем алдейлей билбесе.

Бул дүйнө болмокпу эӊ кызык,
Жашоочу? Ыпысык кан-жандай.
Адам – эӊ сүйүктөө, табылгыс,
Жүрөккө бек кысып калгандай.
Көз ирмем, түбөлүк кошо агып,
Өмүрүм өтмөкпү шашкандай –
Деӊиздей бешигим термете
Энекем алдейлей билбесе.

Которгон Жолдош Турдубаев

 

* * *

Ишенбеймин кереметке, кайыпка,
Бирок мейли, ажал мени арбасын.
Алып кетип өзү жүргөн жайыкка,
Ашып кетсе бир-эки жыл кармасын.

Ал тараптан келсем, менден айрылып
Калган дүйнө кандай болот? Көрөөрмүн.
Кайгырганың билсем — сага кайрылып,
Кайгырбасаң — кайра тартып жөнөөрмүн.

Которгон Жыргалбек Касаболотов

 
* * *

Өмүрүмдө көп байкадым, баарысы
Өз жолунан тетиринче түшкөнүн:
Жайкы ысыкта сууга талаа зарыгып,
Жамгыр төксө күн шооласын күткөнүн.

Мезгилинде келбейт, келчү нерселер,
Мээнет, мээрим чукул кирет башталып.
Мен да сенин келээриңди күтпөгөм,
Ошол күнү турмушума баш багып.

Баарысы анан башка жакка өзгөрдү,
Жашаганым, ырдаганым, ойлорум.
Жыйырма жылдай карап жүрөм, ишенбей,
Жашоо баарын дал ушинтип койгонун.

Тагдыр кээде такмазалайт көп ирет.
Менчи? Менин багым тоодой көрүнөт.

Которгон Жыргалбек Касаболотов

 

* * *

Беш мүнөттүк көрөөр күнү калса да
Тирүү жандар пендечилик кылышат.
Кылымдардан өлбөй жашап өтчүдөй
Күйпөлөктөп, жанталашып турушат.

Кылым көргөн тоолор болсо, алыстан
Кымгуут түшкөн элди карап ар кандай
Бир солк этпей, үнсүз турат, муңайым
Беш мүнөттүк жашоосу эле калгандай.

Которгон Жыргалбек Касаболотов

 
ТУРНАЛАР

Кээде мага, кайран аскер жигиттер
Кала берген, кан майдандан кайтпастан
Турна болуп кетишкендей туюлат,
Турпагына кара жердин жатпастан.

Унут калган ошол күндөн, бул күнгө
Учат алар, бизди көрсө үн салып.
А болбосо, арман толгон көз менен
Асман бетин тиктейт белек, мынчалык?

Карап турсам бүгүн дагы, күүгүмдө
Каркыралар, туман жарып, асмандай,
Тизген сабын бузбай кетип баратат
Тирүүсүндө катар түшүп баскандай.

Учуп барат, ким-бирөөсүн чакырып,
Кезип барат, уч-кыйры жок дүйнөсүн.
Ал, ошондон каркыранын тилине
Авар тили үндөш болуп жүрбөсүн?

Чаалыкса да көк тилишкен турналар
Чабытташат, күүгүм туман сапарда.
Калтырылган сыяктанат, мен үчүн,
Чакан орун, ошол тыгыз катарда!

Мезгил жетсе, турналарга кошулуп
Мен да жөнөйм, боз иңирге катылып,
Желе тарткан куш тилинде көктөгү
Жерде калган атыңардан чакырып.

Которгон Жыргалбек Касаболотов

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.