Окумуштуу Самар Мусаев дүйнө салды

10-апрелде “Манасты” изилдөө тармагында 50 жылдан ашык убакыт эмгектенген белгилүү адабиятчы, Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты Самар Мусаевдин сөөгү жерге берилди. Самар Мусаев 86 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Окумуштуу, белгилүү адабиятчы, “Манас” изилдөөчү Самар Мусаевдин өзгөчө “Манасты” жыйнап, бастырып жана жарыялап чыгарууда өтөгөн эмгеги зор. “Манас” эпосу советтик идеология тарабынан реакциячыл багыттагы чыгарма катары куугунтукталып жаткан учурларда ал кездеги жаш окумуштуу Самар Мусаев “Манастын” элдик чыгарма экендигин айтып чыккан эле.

Манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы 180 миң саптан ашуун “Манасты” арап арибинен кыргызчалатып көчүрүп бастырып чыгарууда Самар Мусаев үлкөн эмгек өтөгөн.

Самар Мусаевдин шакирттеринин бири, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев Сагынбай Орозбаковдун айтуусунун алгачкы ирет басылып чыгышындагы Самар Мусаевдин эмгегин белгиледи:
Самар Мусаев “Манас” эпосунун элдүүлүгүн талашып, 50-жылдары “Манас” боюнча талаш-тартыштарда жүргөн. Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манасты” басып чыгаруунун демилгечиси болгон. “Манас” эпосунун улуулугу Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы варианттын негизинде деп дайыма айтып келген.

Самар Мусаев манасчы Саякбай Каралаевдин оозунан “Манасты”, “Семетейди”, “Сейтекти” магнитофонго жаздырууну уюштуруп, ишке ашырган. Замандаштарынын айтымында, Самар Мусаев Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манастын” толук чыкпай келгенине, кытайлык манасчылардын “Манасты”  ЮНЕСКОго Кытайдын атынан каттатып ийишкенине катуу кейип, биз болсо “колдо бар алтынды баалай албай” келатабыз деп көп кайгырган.

Бирок кечээ жакында Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манастын” “Хан Теңир” басмасынан 7 кило салмак менен басылып чыкканын угуп, китепти колуна алып, абдан кубанган экен.

Белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору, Кыргыз илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү Абдыкадыр Садыков Самар Мусаевдин студенттеринин бири:
– Самар агай мени пед институтта төрт жыл окуткан. Ошол жылдарда Саманчиндер, Байжиевдер камалып кеткен болчу. Жалгыз адабият мугалими Самар Мусаев эле. 1952-жылы “Манас” боюнча өткөн жыйында “Манасты” жактап сүйлөп, ал кезде кандидаттыгы деле жок жаш мугалим болчу. Ал эми Москвадан келген Климович жана башка окумуштуулар “Манас” 1917-жылдан башталат” дешип, бул кишини сындашкан. Эми Самар Мусаевдин бүт өмүрү, тагдыры “Манас” менен байланышкан киши.

Самар Мусаев мектеп окуучулары үчүн окуу китептеринин, “Манас” боюнча, Кыргыз адабияты боюнча энциклопедиялык эмгектердин автору. Ондогон илимдин кандидаттарын өстүрүп чыгарган.  “Манас” боюнча изилдөөлөрү дүйнөнүн көп тилдерине которулган.

Самар Мусаев 1924-жылы Ат-Башы районундагы мурдагы Пограничник, азыркы Казыбек атындагы айылда туулган. Самар Мусаев 86 жаш курагында 2010-жылдын 8-апрелинде Бишкекте дүйнөдөн өттү.

Фатима Абдалова, «Азаттык», 10.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.