Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссер: “Бизде улуттук саясат деген жокко эсе”

Эрнис байке, алгач, салтка айланган классикалык суроо узатайын. Маданият тармагыбыздын чоң өкүлү катары айтсаңыз, бүгүнкү кыргыз маданиятынын ахыбалына кандай баа бересиз?
– Бүгүнкү күндө маданият тармагыбызды мыкты деп айтууга негиз жок болуп турат. Маданият тармагын жалпылап айтканда, бул тармак өнүгүүнүн жолуна түшө албай жатат. Бул тармак боюнча, көп адамдардын ойлору, көз караштары учурга дал келбей, адашып жана тайсалдап тургандай абалга кептелди. Алыс кетпей эле, орто мектептердеги ахыбалды айталы. Мектепте эң эле жакшы деген сабактар математика, экономика, чет тил ж. б. Ушулардын ичинен мышык ыйлаар абалда турганы, эч арзыбаганы – бул сүрөт менен музыка. Жада калса, ушул сабактардан атайы мугалимдер жетишпей, көрүнгөн мугалимдер сабак өтүмүш болуп жүрөт.

Азыр маданият ишмерлеринин маянасы баарынан аз маяна болуп эсептелет. Мунун түпкүлүгү жакшы нерселерге алып бара койбойт. Ушундан улам, маданиятыбыз төмөн түшүп, маданиятка кызууга жоголуп, шоу-бизнес пайда болду. Шоу-бизнес элдин көңүлүн ачып, акча табуу ыгына түшүп, ошону менен маданиятыбыз кайсы бир деңгээлде сакталып келатат десек болот. Эгер шоу-бизнес болбосо, маданиятыбыз эчак эле өлүп, механикалык роботко айланмак. Ошондуктан мамлекет канча жакыр болсо да, маданият тармагын колдон келишинче көтөрүп турбаса болбойт. Мамлекет канчалык маданиятты көп колдосо, маданияттын ажары ошончо ачылат. Маданият мамлекеттин бирден-бир сыймыктанган жүзү, күзгүсү болуп бере алат. Биз маданиятты канчалык бийиктикке алып чыксак, маданият бизди андан да бийиктикке алып чыгат. Бул үчүн бир гана чечкиндүү аракеттер зарыл.

Сиз көп жылдан бери жакындан билген кино тармагында, акыркы жылдары жандануу байкалууда. Ушул кино тармагынын күңгөй-тескейинен кеп козгосоңуз?
– Россия кино тармагы “Голливуд” жолу менен, Өзбекстан “Болливуд” жолу менен, Казакстан Европа жолу менен кетип жатышат. Тажикстан эми гана кино тармагын көтөрүүгө киришүүдө. Түркмөнстан такыр эле кино тармагына кол шилтегендей абалда турат. Ал эми Кыргызстандын кино ишмерлери 90-жылдардан тартып, кыргыз кереметин түптөп кетишкен атактуу агаларыбыздын көчүн уят болбогудай деңгээлде улантып, эл аралык аренага алып чыгууга колдон келген салымдарын кошуп келатат. Бул кепти бекеринен айткан жокмун. Себеби кыргыз тасмаларын эл аралык фестивалдарга алып барганда, сөзсүз чоң кызыгууну жаратат. Толук метраждуу тасмалар көп тартылбаган күндө да, ошол эле чоң фестивалдарда биздин саналуу тасмаларыбыздын (өзгөчө, кыска метраждуу тасмалар) баш байгелерди жеңип алуусу, кыргыз киносунун өзгөчө экенин көрсөтүп турат десем, аша чаппайм. Балким, мен көрүнүштү “кыргыз кереметинин кайтышы” – десем, кээ бир адамдар мыйыгынан күлүп, же жини келип кетиши мүмкүн. Сөзүбүз далилдүү болгондон кийин, көргөн – билгенибизди ачык эле айтышыбыз керек. Бирок азыркы кыргыз кереметин мурдагы кереметке салыштырбай, замандын талабына жараша кабыл алышыбыз зарыл.

Бирок канча айтып, канча мактаган менен медалдын эки бети болот эмеспи, медалдын бир бетин карасак: азыр режиссерлор көбөйүп, кино тартуу бизнеске айланып, деңгээли төмөн кинолор да көп тартылып жатпайбы. Буга көз карашыңыз кандай?
– Ушул сыяктуу эле көрүнүштөргө биз 90-жылдардын башында күбө болгонбуз. Ошол кезде эстрадага Б. Борбиев, Д. Акулова, Мерген өңдүү жаңы агымдар пайда болуп, элдин көнүшү бир топ оор болгон. Алардын деңгээли кандай болгон, ал башка сөз. Бирок кандай болгон менен элди замандын талабына жараша искусствого, сахнага, шоуга тарткан ошолор болгонун азыр четке кагууга болбойт. Ар бир мезгилдин өзүнүн талабына жараша маданияты, искусствосу калыптанаарын эстен чыгарбашыбыз керек. Учурда жаманбы-жакшыбы көп эле тасмалар тартылып жатат. Ошолордун арасынан мыктысын эл өзү тандап алат. Айта кетчү нерсе, кино ишмерлери элди келесоо ойлобошу зарыл. Кино бул адамды ээрчите турган чоң искусство болгондон кийин, тарбиялык маанисин, таасирин арттырып тартуу абзел. Жаман тасмалардын көбөйүшү – элге анчалык деле коркунуч алып келбейт. Жаман кино менен жакшы кинону эл өзү бөлүп коёт.

Азыр көп тартылып жаткан кыргыз кинолорунун каражаты ашып кетсе 20 миң доллардын тегерегинде эле экени белгилүү. Кыргызстанда эң көп каражат жумшап, кино тарткан режиссёр сиз экенсиз. Маалыматтарда айтылгандай, “Боз салкынга” 150 миң, “Уурунун махабатына” 210 миң доллар жумшаптырсыз. Ушул чоң акчанын кайра кайтарып алуу маселеси жана ийгиликтери кандай болуп жатат?
– Деги эле кино тарткандан кийин жогорку деңгээлде турган, элдин кызыгуусун жараткан таасирдүү жана мамлекеттин сыймыгы болууга татыктуу кинолорду тартуу керек. Азыр биз “Уурунун махабатын” катуу кармап жатабыз. Бул кинонун ачылышын Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда өткөрдүк. Учурда “Манас” кинотеатрында көрсөтүлүүдө. Тиешелүү тараптардан фестивалдарга катышууга чакырыктарды күтүп жатабыз. Бул кино кеткен чыгымды жаба турган кино деп эсептейм. Бирок эл 210 миң долларга тартылыптыр десе, “накталай ошончо акчага тарткан экен” – деп ойлошот экен. Чынында андай эмес. Бул кинонун накталай акчасын эсептесек, 100 миң доллардан жогору кетти. Ал эми жанагы айтылып жаткан 210 миң доллардын ичинде: актёрлордун, кино тарткан топтун маяналары бар. Ошондой эле техникалык жактан “Кыргызфильмкиностудиясы” өзүнүн аппаратураларын берди. Мындан сырткары, бул киного мамлекет да акчалай колдоо көрсөттү. Кыскасы, бул кино тартууга каражатты ар кандай жол менен издедик, туугандарыбыздан, досторубуздан 100, 200 доллар кайыр сурап дегендей. Биз кино тартып жатканда ошол барган айылдарыбыздын жашоочулары картошкаларын, тамак-аштарын алып келип жардам берип да жатышты. Ушунун баарын эсепке алганда, бардыгы жогоруда сен айткан каражатка чыкты. Башка бардык тасмалардыкы деле ушул майда-чүйдөсү менен чогуу эсептелет.

Сиздин Россия мамлекетинин сунушу менен кино тартып жатканыңыздан кабардар болдук эле. Ушул тасма тууралуу учкай кеп кылып кетсеңиз?
Ал кино тартылып бүтүп, учурда монтаждалып жатат. Бул тасма биздин мамлекетке чоң пайда алып келе турган баалуу тасма. Эмне дегенде, биринчиден, тасма биздин мамлекетте тартылып, биздин актёрлор ойношту. Тасманын аты “ГАИшники”. Эки сериялуу, боевик тасмасы болуп эсептелет. Бул тасманы Россиянын “РТР” телеканалынын сунушу менен тарттык. Мындайча айтканда, коммерциялык тасма десек да болот. Бул тасма прокатка чыкпай турган тасма. Себеби, “РТР” телеканалында көрсөтүлүп жаткан сериалдардын алкагында май айында же күздө көрсөтүлөт. Бирок бул тасманы тартуу менен биз абдан чоң акча таптык деп айталбайм, бул тасма телевизиондук вариант болгондон кийин, башка боевик кинолорундай чоң акча сарпталган жок. Ошентсе да, бул тасмадагы ролдордун 90 пайызын биздин актёрлор ойношту. Алар бекер жүрбөй, буюрган акча-тыйынын таап алышты. Мен бул тасма өз кезегинде чоң кызыгууну жарата турган кызыктуу тасма болот деп ойлойм.

Эрнис байке, айтсаңыз, кыргыз режиссерлору эмне үчүн тарыхый тасмаларды тартууга белсенишпейт. Мунун себеби баягы эле кендирди кескен каражатка такалабы же кызыгуунун жоктугубу?
– Биринчиден, биз өзүнчө эгемендүү республика болгондон кийин, мамлекетте сөзсүз улуттук саясат тиешелүү деңгээлде жүрүшү, абзел эле. Тилекке каршы, бизде улуттук саясат, мамлекеттик диалог деген жокко эсе. Ушул улуттук саясаттын ичине тарыхыбызды даңазалаган тасмалар кириши керек эле. Негизи, тарыхый тасмалар абдан көп каражатты талап кылат. Ошондуктан муну ар бир адам эле колго ала бербейт. Тарыхый тасма жаратыш да татаал жана абдан кыйын.

Сиз режиссерлуктан тышкары да, музыка жаатына да жигердүү аралашып калдыңыз дегендей, деги эле сөз соңунда окурмандарга өзүңүз жөнүндө, үй- бүлөңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз?
Мен музыка жаатына жаш кезимде эле аралашып жүргөм. Кино тартууга кызыгуум күч алганда, музыкага болгон кызыгуу бир аз жоголо түшкөндөй болгон. Бирок музыкага болгон кызыгуу жүрөктүн түпкүрүндө сакталып кала бериптир. Бул талантты да кор кылбай, колдон келишинче алып кетүүгө аракет кылып жүрөм. Буйруса, 24-апрелде бешинчи жеке концертимди Спорт сарайында бергени турам.

Ал эми үй-бүлөм тууралуу айтсам, кичи мекеним Жумгал районунун Чаек айылы. Аялымдын аты Нүргүл. Экөөбүздүн баш кошконубузга 25жыл болуп калды. 4 уулубуз бар. Бир уулум менин жолумду улантып, тасма тартып, өзүбүз менен кошо аралашып жүрөт.

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев, “Эл сөзү” (“Кыргыз геиттер айылы”), 23.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.