Шрек кыргызча кантип сүйлөй баштады

Шректин кыргызча котормосун жасоо пикири менде көп жыл мурун пайда болгон. Анда мен студент болчумун жана Шрек мультфильми (биринчи бөлүмү) жаңы эле чыккан болчу. Ал кезде чет өлкөлүк тасамалардын кыргызча котормосун эч ким жасай элек эле. Бул мультфильмди көргөндө анын мааниси жана маңызы мага аябай жакты жана кыргыз тилине которуп көрбөйлүбү деген ой пайда болду.

Эң оболу, Шректин англисче, түп нускасын табыш керек болучу. Шаарда көбүнчө пираттардын жасаган көчүрмөлөрү гана сатылгандыктан, бул бираз убакыт жана аракет талап кылды. Соңунда, мен ал кезде окуп жүргөн славян университетинин табигый-техникалык корпусунун маңдайында жайгашкан тасмаларды күрөөгө берген жерден Шректин англисчесин таптым.

Бул котормо пикири таптаза энтузиазмга гана таянган. Менин колумда үйдөгү копмпьютеримден башка эч кандай техника деле жок болчу. Шректин дискин алып, андан англис тилиндеги вариантын котормого ылайыктуу форматка котордум. Англисче вариантын же түп нускасын колдонуу менин оюм боюнча маанилүү болчу, анткени орус тилинен которгондо (биздин котормо техникалык сепебтерден толук дубляж боло албагандыктан) кыргызча жана орусчаны да билген көрүүчүлөр үчүн ыңгайсыз жана кызыксыз болуп калмак.

Шректи которуп баштадык. Котормодо мага алгач үй-бүлөм гана жардам берди. Апам котормону жасап, аны биздин маданиятка жана күйөрмандарга түшүнүктүү болгондой кылууга жардам берди. Иним үн коштоодо негизги ролду ойноду. Карындашым да кээ бир эпизоддордо катышты. Бирок котормону ал учурда бүтүрө алган жокпуз. Бул негизинен менин убакытымдын аз болгондугуна байланыштуу болду. Окуу мен үчүн ал кезде негизги приоритет эле.

Бирок котормо жөнүндө унуткан жокмун. Убакыт өтүп жатты, аңгыча Шректин уландысы да чыкты. Мен университетти бүтүрүп иштей баштадым. Бул 2005-жылдары болчу. Мына так ушул убакытта Шректин котормосунун үстүнөн кайрадан иштей баштадык. А бирок, жумуштагы жана үйдөгү компьютерлеримден башка, студиябыз деле жок эле. Котормону бүтүрүүдө мага досторум жардам бере башташты. Соңку котормодо негизги ролдор төмөнкү адамдардын үнү менен коштолду:

Шрек – Эркин Жумакадыров
Эшек – Николай Кооман
Фиона – Айнура Рыскулова
Фаркуад – мен

Бул негизги ролдордон тышкары, Рустам Казакбаев, апам жана карындашым эпизоддордогу каармандарга үндөрүн коштошту.

Биздин котормо сөзмө-сөз котормо эмес, биздин күйөрмандарга, биздин маданиятка туура жана түшүнүктүү болгондой кылып жасалган. Буга жараша, түп нүскадан кээ бир жерден айырмачылыктар бар, бирок тасманын негизги мааниси өзгөрүлгөн жок. Котормо жөнөкөй сөздөр менен жасалган, ошол эле учурда аябай күлкүлүү болду. Сөзмө-сөз которгондо кээ бир эпизоддор биздин көрүүчүлөргө түшүнүксүз жана анча күлкүлүү болбой калмак. Бул мультфильде анын жаратуучулардын маданиятына тиешелүү элменттер орун алганына байланыштуу. Мисалы, Шрек менен Эшек Шректин сазына жакындашканда, Эшек таштын турганын байкайт. Түп нускада, эшек бул ташты көргөндө күлкүлүү деле эч нерсе айтпайт. Ал сүйлөөк болгон үчүн: «What a nice boulder!» – деп гана коет. Биз болсо, бул ташты очокко айландырып: «Бул очокпу? Бул жерге казан асчу белең?» – деп биздин көрүүчүлөргө жакын жана түшүнүктүү сүрөттү жараттык. Жана мындан тасманын мааниси өзгөрүлгөн жок. Ушул сыяктуу жерлер көп. Сиздер өзүңүздөр көрүп көрүп, сынап көрсөңүздөр болот. Мультфильмди жүктөп алуу үчүн шилтемелер жазманын соңунда берилет.

Котормону бүтүргөндөн кийин, аны 5-каналда жана КТРда көрсөткөнгө аракет кылып көрдүк. 5-канал алгач макул болуп, андан кийин демөөрчүнүн жоктугуна жана үн коштоонун сапатына шылтоо кылып, көрсөтүүдөн баш тартты. КТРда болсо, атайын комиссия чогулуп, биздин котормону «адабий тилде эмес» деп жаратпай койду.

Бирок, биз бул котормону пайда табыш үчүн жасаган жокпуз. Биздин котормо – элдик котормо. Жана ага эл өзү баа берүүдө.

Менин бул котормодо көздөгөн негизги максатым – бул кыргыз тилин популяризациялоо. Кыргыз тилин сактап калууда жана өркүндөтүүдө бул эң негизги жол деп мен терең ишенем. Бул жөнүндө менден 5-каналдан жана НТСтен келип интервью алганда да айткам. Мен жана менин досторум бул котормону жасаганыбыз үчүн бир тыйын акча тапкан жокпуз.

Телекөрсөтүү биздин котормону көрсөтпөсө дагы, бул жылы «Мурас» чакан студиянын жардамы менен (Нурлан Казыбаевге өзгөчө ыраазычылык) котормобуздун видео жана аудио ремастеринги жасалып, аны каалагандардын баары өлкөбүздүн эки эң популярдуу торрент-трекеринден бекер жүктөп ала алышат.

Азыркы учурда менин колумда «Кунг-фу панда» мультфильминин котормосу турат, бирок убакыт абдан аз болгондуктан, анын котормосу качан бүтөт – белгисиз. (Аңгыча ЭлТР телекомпаниясы бул мультфильмдин котормосун жасап, каналындан көрсөтүштү. А бирок, котормодо бир гана үн коштолгондуктан, анча жакшы болбой калыптыр… Биздин пландарда болсо, мультфильмдин үнүн каналдарга бөлүп көп үндүү, бул жолу студияда жаздырылган сапаттуу дубляж жасоо болучу).

Сиздерди биз жасаган иш кызыктырса, автор менен байланышсаңыздар болот. Кызматташууга ар дайым даярбыз.

Биздин котормону болсо төмөнкү шилтемелер менен жүктөп алсаңыздар болот:

http://www.torrent.kg/forum/viewtopic.php?t=210540

http://www.torrents.kg/details.php?id=31958

Блог семьи Кооман

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.