Кыргыз сомун кыргыз неге кадырлабайт?

Акча. Чындап келсе акча бул кадимки эле кагаз. Кагаз акча пайда болгонго чейин жыгач, темир, күмүш, жез, алтын тыйындар пайдаланылып келген. Албетте, алар кагаз акчага караганда көп убакытка пайдаланылган. Суу болот, бырышат, айрылат деген кооптонуу аз болгон. Бирок, аларды алып жүрүү, кабыл алуу, айлантуу өтө кыйын болгондуктан, акырындап адамдар кагаз акчага өтүүгө аргасыз болушкан.

Кагаз акча кайдан чыккан?
Көп суммадагы жез, күмүш, алтын акчаларды дайыма алып жүрүү кыйын болгондуктан, көп өлкөлөрдө адамдар аларды атайын сактоочу жайларга тапшырышкан. Сактоочу аларга канча суммадагы акча таштагандыгын тастыктаган кагаз (азыркыча сертификат) берип турган. Бул документти көрсөтүү менен акча ээси сактоочу жайдан акчасын каалаган убакта, каалаган көлөмдө ала алган. Бара-бара бул сертификат кадимки акчанын күчүндөй күчкө ээ боло баштайт. Ошентип, алгачкы кагаз акчалар Кытайда биздин доорго чейинки 910-жылы пайда болгон. 1661-жылы Стокгольмдо кагаз акчаларды чыгаруу, жайылтуу башталган. Кыргызча акча, европача айтканда банкнот. Банкнот – англисче bank notе – банктык жазуу дегенден келип чыккан.

Кыргыз сому эң кир акча
Эми кыргыз сомуна келсек. Кыргызстан СССРдин катарынан чыккан өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп 1993-жылы улуттук валютасын киргизген. Андан кийин 1995-жылы сом жаңыртылган. Үчүнчү жолу 1997-жылы коргоочу элементтери жакшыртылган, сырткы көрүнүшү жакшы, сапаттуу жаңы сомдор чыккан. 2000-жылы жүгүртүүгө жаңы 200, 500, 1000 сомдуктар киргизилген. Албетте, коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу кыргыз сомунун жасалышы, сырткы көрүнүшү, сапаты, наркы жакшы. Бирок, учурда КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң кир акча кыргыз сому болуп эсептелет. СССР убагында жүгүртүлүүдөгү акчалардан жугуштуу оору тарабашы үчүн мезгил-мезгили менен алар дарыланып, жараксыздары кайра иштетилип турган. Эксперттердин айтымында, кыргыз сому чыккандан баштап дарыланбайт. Медицинада болсо, оорунун баары акча аркылуу таралары айтылган.

Албетте, кыргыз сомунун сапаты, көрүнүшү башка бакнотторго салыштырмалуу кыйла жакшы. Буга биз сыймыктанып келебиз. Бирок, ошол улуттук валютабыз – кыргыз сомун аяр пайдаланууга маани берилбей келет. Учурда сомду улуттук атрибут катары сыйлоо, ага аяр мамиле жасоо жок. Мамлекеттик теледе, радиолордо буга чейин кыргыз сомуна байланыштуу көп эле жарнамалар, маалыматтар уктурулуп, көрсөтүлүп келатат. Бирок ага аяр мамиле кылып, кантип кармоо, пайдаланууга байланышкан билдирүү, көрсөтүүлөр жок.

Кыргыздын эн тамгасы
Эсибизде болсо, сом жаңы чыккан жылдары кагаз бир, беш, он тыйындыктарга кыргыздын герби түшүрүлгөн. Көп өтпөй алар пайдалануудан чыгып көрүнгөн жерде тепселенип калды. Бул бир. Экинчиден, кыргыз сомунда азыр улуттун мен-мен деген, аты тарыхта калган улуу адамдарынын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Бул жерде ырааттуу саясаттын жоктугунан Курманжан датка 50 сомго, Токтогул 100 сомго түшүрүлүп калган. Болуптур, бул жагына көз жумду кылалы. Ошол эле кыргыз сомунда улуттук аспаптар, кылымдарды карыткан кыргыз оюлары, тоолору, Манасы, башкача айтканда тарыхы түшүрүлгөн. Мындайча караганда, сом күнүмдүк муктаждыкты канааттандыруучу каражат эле эмес, кыргыз элинин эн тамгасы. Мына ошол тарых камтылган эн тамганы кандай пайдаланып жатабыз? Азыр кыргыздардын 80 пайызы акча кармоо, пайдалануу маданиятын билбейт. Сомду азыр селсаяктан баштап, интеллигентибизге чейин кор тутуп, кааласак жамбаш капчыкка бурдап тыгып, кааласак он бүктөп “фокус” кылып ойнойбуз. Башкасын айтпаганда да, көпчүлүк агалар, эжелер, ата-апалар сомду баалоо, кордобой пайдалануу тууралуу балдарына эч ооз ачышпайт. Ооба, үнөмдүү пайдалануу тууралуу айтылып келатат. Бирок, кыргыз сому бул кыргыз жүзү экени, сом бул күнүмдүк оокат эмес экендигин эске алгандар аз.

“Колдо бар алтындын баркы жок” болуп, Орто Азия боюнча алганда күчтүү валюта болгон сомду өзүбүз барктай алган жокпуз. Улуттук акчаны канчалык кадырлаарыбызды Улуттук банктын сомду аяр, кылдат пайдалануу тууралуу ушу кезге чейин эч кандай жарнама бербегендигинен эле билсек болот. Азыр да улуттук валютабызды кадырлоону үйрөнүү кеч эмес. Мамлекет, бийлик, ар бир жаран бул тууралуу ойлоно жүрүүсү зарыл.

P.S. Макаланы даярдап жатып элге мисал болуш үчүн жылына канча кыргыз банкноту жараксыз болуп каларын, сомдун кызмат өтөө мөөнөтү, жасалышы тууралуу Улуттук банкка собол узатып жооп ала алган жокпуз. Улуттук банк ушинтип жатса, жөнөкөй адам сомду сойкудай эле көрөрү турган иш эмеспи.

Мелис СОВЕТ уулу, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.