Сергей АЗИМОВ: “Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат”

Канчалык сабырдуу болсок да, учурда кыргызказак мамилеси мезгил өткөн сайын салкындап барат. Айрыкча экономикалык, саясый, социалдык маселелерде казак боордоштор кыргыздарды төшкө түртүп койгону жашыруун эмес. Албетте, бул тууралуу кыргыз коомчулугунда айтылбаган кеп, жазылбаган сын калган жок. Бирок, ушул эле учурда кыргыз-казак тарыхын жакшы билген, союз учурунда теңата карым-катнашты башынан өткөргөн казак мырзалары кандай ойдо? Соболубузга жооп издеп, кезинде “Көчмөн” (“Кочевник”) “Мустафа Шокай” сыяктуу элүүдөн ашык тасмаларды жараткан белгилүү режиссер, “Казакфильмдин” мурдагы жетекчиси, Казакстан президентинин телерадиокомплексинин түзүүчүлөрүнүн бири, Казакстан республикасынын эмгек сиңирген коомдук ишмери, учурда “Танарис” кинокомпаниясынын директору Сергей АЗИМОВду кепке тарттык.

Сергей мырза, Кыргызстанда көп болот экенсиз. Келип-кеткен сайын сизде кандай таасир калат?
Ооба, мен Кыргызстанда көп жолу болгом, болуп келем. Менин ал жакта досторум, кесиптештерим көп. Алар менен тыгыз байланышта болгондуктан, кыргыз кинематографиясында эмнелер болуп жатканын жакшы билем. 1972-жылдарда мен белгилүү кинорежиссер Мелис Убукеевдин ассистенти, жардамчысы болуп иштегем. Агезде ал Казакстанда иштечү. Мен Кыргызстанда болгон сайын абдан жакшы таасир алып кайтам. Себеби, ал жакта мени дайыма отуз жылдык достук мамиле байланыштырып турган досторум жылуу тосуп алышат.

Чыгармачылыгыңызда кандай кызыктуу жаңылыктар бар?
Учурда биз дүйнөлүк деңгээлдеги эки тасманы бүттүк. Анын бири “Рай для мамы” фильми. Ирандын белгилүү философу, режиссер Мохсен Махмальбафдын сценарийине ылайыкташылган бул тасманы кыргыздын белгилүү кинорежиссеру Актан Арым Кубат тартты. Экинчиси, “Поздняя любовь”. Мунун сценарийин Актан экөөбүз биргелешип жазганбыз. Режиссеру Сабит Курманбеков. Тасмага белгилүү артисттер Нурзуман Ихтенбаев, Наталья Аринбасарова, Болат Калымбетов, Наталья Гвоздикова жана Жерар Депардье тартылышты. Мындан жыйырма жыл мурун мен режиссерлук кылган Арал деңизинин жок болуу трагедиясы тууралуу “Жоктоо” фильми тартылган. Бул кинонун операторлорунун бири ошогезде кыргыз оператору Болот Алимбаев болгонун кошумчалай кетейин.

Кыргызказак кыйын мезгилдерде дайыма бирибирин колдоп келген. Бирок, учурда эки элдин мамилеси салкындоодо. Айрыкча турмуштук деңгээлде. Эмне үчүн мындай болуп калды?
Албетте, эки эл дайыма бири-бирин колдоп келген. Бул ырас. Бул сөздү бекемдөөнүн да кажети жок. Бир мисал. 1986-жылы биз Орто Азия жаш кинематографисттеринин конкурсун уюштуралы деп калдык. Агезде Казакстанда кырдаал курч болчу. Ошондо кыргыз кесиптештерибиз, кыргыз эли бизге жакшы моралдык колдоо көрсөтүшкөнү алигиче эсимде. Мен бүгүнкү күнү карапайым кыргыз эли менен казак элинин турмуштук мамилеси солгундап кетти деп айта албайм. Болгону мындай чыңалуу айрым алдым-жуттум мамлекеттик кызматкерлердин кесепетинен болуп жатат. Жөнөкөй эле мисал, Казакстанга келген кыргыз номерлүү машиналардан биздин МАИчилер акча шыпырат, а Көлгө эс алганы бараткан казактардан кыргыз МАИчилер акча сындырышат. Эки жакта иштеген адамдардын мыйзамсыз өтүшүнөн, визалык режимден кыргыз, казак тартип сакчылары жакшы акча таап, марып жатышат. Мунун баары акыр аягында турмуштук деңгээлге көтөрүлүп кетип жатат. Ошондуктан эл менен коррупцияланышкан чиновниктерди эч качан чаташтырбашыбыз керек. Эл менен чиновниктин ортосунда асман менен жердей айырма бар. Казак менен кыргыз бир тууган деген сөз төгүн жерден айтылган эмес. Муну эсибизден чыгарбаганыбыз дурус.

Казак интеллигенциясы Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалга кандай баа берет?
Мен жалпы казак интеллигенциясы үчүн жооп бере албайм. Бирок, биздин интеллигенция Кыргызстандагы кырдаал жакшы жагына боло турганынан үмүт кылып, баары жакшы жагына ооп кетсе экен деген тилек менен карап жатканына ишенем.

Эки элдин достугун канткенде бекемдей алабыз?
Мен саясатчы эмесмин. Бирок, эки элдин достугу азырынча өтө жаман эмес. Жеке мен, кыргыз досторум Актан Арым Кубат, Мурат Алиев, Хасан Кыдыралиев, Кошон, Жолдошбек менен канча жылдан бери ынтымакта иштешип келатам. Казак, кыргыздын мындай достугу он эмес, жүз эмес, миңдеген жылдардан бери уланып келатат. Бул достукту эч ким, эч качан буза албайт. Кыргыз кызы казакка же казак кызы кыргызга турмушка чыкса адаттагы эле көрүнүш катары бааланып келген, мындан ары ушинтип кете берет.

Эки элдин өз ара мамилесинде өтө чоң маани бере турган өкүнүчтүү нерсе бар. СССР тарагандан берки муун эки элдин достук, туугандык тарыхын билбей калды, билүүгө да ынтызар эмес. Ошондуктан аларга тарыхтагы миңдеген кыргыз, казак инсандарынын, төкмө акындарынын, улуу акын-жазуучуларынын, киночуларынын достугун мисал кылып тарбиялашыбыз керек. Ошол эле Мухтар Ауэзов кезинде “Манас” эпосун баалап, аны жайылтууну колдоп, атеисттик “атакалардан” коргоп чыккан. Ошол эле Чыңгыз Айтматов казак элинин жашоо-турмушун чыгармаларында мыкты чагылдырган. Эки элде мындай адамдар жүздөп саналат. Мындай достукту чыңдаган инсандарыбызды, казак-кыргыздын туугандык, достук мамилесин азыркы жаштардын мээсине куюп, жакшы ойлорду жаратуубуз сиздин, биздин, бардыгыбыздын парзыбыз. Азыркы жаштарга эки элдин достугу таптакыр жат болуп, кыргыз, казак жаштары, чиновниктери түркөй болуп баратат. Бул мени өтө кооптондурат.

Жеке өзүңүздү Кыргызстандагы кырдаал ойлондурабы?
Боордошторубуз казактардын өлкөсү тынч, алар ойлонбойт деши мүмкүн. Бирок, казак эли ойлонбой койбойт. Казактар азыр “кыргызыма кудай сабырдуулук берсин, өлкө тынч болсо экен” деп тилеп турушат. Мен эч качан кыргыз кандаштарымды бөлөк санабаймын. Казак болобузбу, кыргыз болобузбу, эки элдин башын бириктирүүгө аракет жасашыбыз керек.

Сергей мырза, балким азыр эки элдин достугу тууралуу тасма тартуу керектир?
Бул тууралуу далай ойлор болгон. Алтургай биринчи президент Аскар Акаевдин убагында эки элдин достугун камтыган сценарий да жазылган. Бир белгилүү чиновник бул идеяны колдоп, кезинде жакшы сөздөрүн аяган эмес. Бирок, кийин эмнегедир бул максатыбыз ишке ашпай калды. Кызыгы, биртоп мезгилден соң ал сценарийди Россиянын киносунан көрдүк. Көрсө, ал плагиаттык менен орустарга өтүп кеткен экен. Сценарийди орустарга берген адам кийин бул үчүн абдан “тепки” жеди. Анын атын эми айтпай эле коеюн.

Эки элди түшүнгөн адам катары айтсаңыз, ушундай кыйын убакта Казакстандын чегараны жаап алуусу туура болдубу?
Менимче, бул убактылуу санкция. Учурда мындан Кыргызстандын эле эмес, Казакстандын экономикасы да жабыр тартып жатат. Чегара жакын арада ачылып калар. Бирок, бул үчүн Кыргызстандын убактылуу өкмөтү өлкөдө тынчтыкты орнотуу үчүн болгон аракетин жумшашы зарыл. Эки өлкөнүн ортосунда тынчтык убакта эле баңгизаттары өтүп турган деп айтышат. Башаламандыктан наркошылуундар пайдаланып кетпеси үчүн казак бийлиги чегараны убактылуу жабууга аргасыз болуптур. Муну кыргыз боордоштор түшүнүү менен кабыл алышса.

Кайра чыгармачылыкка кайтсак. Кыргыз режиссерлорунан кимди баалайсыз? Акыркы тартылган кыргыз тасмаларынан сизге кайсынысы жакшы таасир калтырды?
Албетте, улуу муундардан Болот Шамшиев, Мелис Убукеев сыяктууларды, өзүм менен катарлаштардан Актан Арым Кубат, Марат Сарулу өңдөнгөн бир топ кыргыз кинорежиссерлорун баалайм. Акыркы кыргыз тасмаларынын көпчүлүгүн жакшы деп айта алам. Алардын ичинен Актандыкы өзгөчөлөнүп турарын баса белгилеп кетем.

Кыргыз элине, саясатчыларына кандай каалооңуз бар?
Биринчиден, убактылуу өкмөт мүчөлөрү кыргыз мамлекетинин стабилдүүлүгү, экономикалык, социалдык туруктуулугу үчүн туура делген чечимдерди коркпой-үркпөй, тез арада кабыл алууларын каалайм. Боордош кыргыз элиме кыйын кырдаалда чыдамкайлык, сабырдуулук, акылмандык тилеп, ынтымакта болушун каалайм.

Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.