“Менин биринчи мугалимим” сынагы

“Сильва” билим борбору залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасынын негизинде “Менин биринчи мугалимим” аттуу темада жазылган дилбаянга Республикалык атайын кароо-сынагын өткөрөт. Короо-сынакка каалаган инсандар катыша алат.

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ
1. “Мугалим – ардактуу инсан” (Ч.Айтматов) деген улуу ойду чагылдыруу.
2. Каалаган ар бир инсан эркин темада өзүнүн биринчи мугалими (сүйүктүү мугалими) жөнүндө дилбаян жазуусу абзел.
3. Сынакка келип түшкөн дилбаяндардын санына чек коюлбайт, бирок көлөмү кол жазма менен 10 барактан, басма менен 5 барактан ашпоого тийиш.
4. Сынакка катышуучулар дилбаяндарын 2010-жылдын 1-майынан 2010-жылдын
1-ноябрына чейин 2 нускада (экземпляр) тапшыруулары зарыл (дисктерин кошуп).
5. Материалдар кол жазма же компьютерде терилген түрүндө кабыл алынат.
6. Дилбаянды жазган инсан өзү тууралуу анкетаны кошо тиркеп жөнөтүүсү зарыл.
7. Сынактын жеңүүчүлөрү “Сильва” билим борбору менен кызматташкан мектептердин мугалимдеринен түзүлгөн калыстар тобу тарабынан аныкталат. Комиссиянын чечими менен тандалган дилбаяндар “Көк асаба” гезитине жарыяланып турат.
8. Катышуучулар 2 нускада жазылган дилбаянды, өзү тууралуу анкетаны жана 50 сомдук А-4 конвертин жөнөтүүлөрү керек.

Эскертүү: Жөнөтүлгөн конверт аркылуу сынакка катышкан ар бир инсанга Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сүрөттөр, Ч. Айтматовдун портрети жөнөтүлөт.

СЫЙЛЫКТАР
Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына Ч.Айтматовдун өмүрү – чыгармачылыгы жана кичи мекени жөнүндө фотоальбом, Ч.Айтматовдун сувенир китептери, грамоталар, дипломдор, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат. Баш байге – Чыңгыз Айтматовдун 8 томдук топтому.
Кароо сынактын жыйынтыгы 2010-жылдын 12-декабрында, доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Көк асаба” гезитине жарыяланат.

АНКЕТА
1. Аты-жөнү __________________________________________________
2. Туулган жылы, айы, күнү __________________________________________
3. Иштеген жери же кесиби (аталышы так)______________________________
4. Хоббиси ______________________________________________________
5. Дареги (толук, так) ______________________________________________

Бишкек шаары, Башкы почта А/я 1928 Боз үй, Темиралиев А. К.

Тел.: 0312 66-21-54, 0772 93-05-85.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.