Зыйнат – Таластан чыккан даткайым

Апрелде болуп өткөн элдик төңкөрүш Кыргызстанда дээрлик 20 жылдай өкүм сүрүп келген үй-бүлөлүк-авторитардык башкарууну кулатып, эми Кыргызстан таптакыр жаңы демократиялуу коом куруу багытына кадам таштады. Турмуштун бардык чөйрөсү сыяктуу эле кыргыздын байыркы жана андан кийинки тарыхына да мындан ары жаңыча мамиле жасалат деген зор үмүт пайда болду. Ушул өңүттө Кокон хандыгынын тарыхында белгилүү орду бар Зыйнат датка жөнүндө элге анча белгисиз маалыматтарды жарыялайбыз.

Бул боюнча тарыхчылардан, жазуучулардан, тарыхка кызыккан окурмандардан кат-кабар күтөбүз.

(Уландысы. Башталышы)

Ал эми 2003-жылы жарык көргөн “Курманжан – Алай ханышасы” аттуу китептин авторлору В.П.Наливкин, М.С.Наливкиналардын, Х.Бабабековдун, Х.Садыковдун эмгектерине таянгандыгын жазып кеткен. Бирок, ал эмгектеринде Курманжан жөнүндө сөз болгон эместигин жогоруда бир аз мисал келтирип кеттик. Дагы бир нерсе “бул проблема жөнүндө Кыргызстанда филология илимдеринин кандидаты С. Мамытов эмгектенип жатат жана бир нече кызыктуу публикациялары бар” – деп көрсөткөн.

С.Мамытов бул маселеге терең көз жүгүртпөй, өзүнүн 1990 – 1992-жылдардагы эмгектерин дагы бир бышактайын деп жатса керек. Демек бул темага түздөн – түз себепкери С.Мамытовдун гана жеке ойлору болуп чыкты десек, жаңылышпайбыз.

Зыйнат датка тууралуу өзбек элинин атактуу окумуштуу тарыхчысы Набиев Р.Н. өзүнүн “Кокон хандыгынын тарыхынан” аттуу эмгегинде: “Зыйнат Кокон ордосун, жээни Кудаяр хандын сарайынын бейпилдигин коргогон жана чарба иштерин жүргүзгөн” деп жазган эмгектери менен, ошондой элде азыркы мезгилде Талас өрөөнүндө жашап жаткан Зыйнат датканын урпактары жөнүндө, же Талас өрөөнүндөгү жашаган санжырачылардын санжыралары менен таанышпагандыгы көрүнүп турат.

Ошол эле убакта кыргыздын тарыхчы окумуштуулары буга көп көңүл бөлүшпөй, филолог С.Мамытовдун оюна толугу менен кошулушкан.Ал эми Курманжан Кокондо жашабаганы тууралуу неге эске алышкан жок деп ойлойм. Ошондуктан, К.Молдокасымовдун “Курманжан датканын бай өмүр таржымалы жасалма абройго муктаж эмес. Курманжан датка ансыз деле кыргыз тарыхынын алтын барактарынан өзүнүн бийик ордун эчак ээлеген. Ал эми кыргыз аялдарынан биринчи датка аталып, ордодо салмактуу орун ээлеп Зыйнат датканын сыры ачыла элек. Анын ысымы чаташуулардан жаңы арылып, тарыхтагы орду жаңыдан такталып жаткан учуру. Белгилүү болгону, Зыйнат датка тектүү жерден чыгып, хан ордосунда узак жылдар таасир көргөзүп келген кыргыз айымы. Анын сөзгө чечендиги, ыр жандуу шайырлыгынан эч талаш жок. Зыйнат тууралуу даректи Алайдан издебей, Талас тараптан, кыргыздарга али сыры ачыла элек Кокон хандыгынын архивдеринен издегенибиз негиздүү. Мындан биздин тарыхыбыздагы кара тактар агарып, тарыхыбыз байый бермекчи” деген сөздөрүнө толугу менен кошулам.

Оюмдун акырында, Зыйнат кыргыз эли гана эмес, жалпы Орто Азия элдеринин ичинен, ошол артта калган диний түшүнүктөргө сугарылган феодалдык заманда мамлекет бийлигинде жогорку “генерал-датка” чинин алган биринчи аялзаты – десек жанылышпайбыз.

Анткени, ал кыргыз, өзбек, тажик, казак, кыпчак ж.б. элдерин бириктирген бул зор мамлекеттин түйшүгүн көтөргөн Жаркынайымга арка – жөлөк болгон. Эже – сиңдилер өздөрү менен бирге эле Алай ханышасы Курманжанга 1863 – жылы датка наамын берүүдө таасирдүү адамдардан болушкан. Буга орус окумуштуусу В.П.Наливкиндин жана ошол доордогу жергиликтүү окумуштуулардын эмгектеринен далилдерин тапсак болот. Мисалы, В.П.Наливкиндин “Краткая история Кокандского ханства” аттуу эмгегинде 1862 – жылы Жаркын айым ханыша Бухара эмири Музаффарга барып, андан жардам сурап, аскер ээрчитип келген.

(Уландысы кийинки санда)

«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.