Лена Нева: Бактриянын алтыны кыргызга да таандык

915B3DF7-382A-4BE4-B449-38F26C0D5F68_mw800_mh600_sАКШда байыркы Бактриянын, азыркы Тажикстандын аймагында сакталып турган алтын-күмүш зергер буюм, жасалгалары тууралуу уникалдуу маалыматтар камтылган китеп жарыкка чыкты.

АКШда «Борбор Азиянын зергер буюмдары» деген аталыштагы илимий эмгек англис тилинде китеп болуп жарык көрдү. Адистердин белгилешинче, тажикстандык окумуштуу, учурда АКШда эмгектенген Лена Неванын бул фундаменталдык эмгегинде дүйнөнү суктандырган байыркы Бактриянын, азыркы Тажикстандын аймагында сакталып турган алтын-күмүш зергер буюм, жасалгалары тууралуу уникалдуу маалыматтар камтылган.

Борбор Азияда отурукташкан элдердин түштүк азиялык тарыхы менен түпкүлүгү монгол-түрк, Кытай жана башка чыгыш элдеринин маданияты кылымдардан кылымдарга жуурулушуп, кайталангыс көркөм өнөр чыгармалары жаралып келген. Алардын ичинде зергерлердин колунан чыккан көркөм буюм-тайымдардын бул цивилизиацияларды аңдап, түшүнүүдө өзүнчө орду бар.

Бул буюмдардын жалпы мурас экендигин сөз болуп жаткан китептин автору мындайча белгилейт:
Орун которууга жана биздин аймактын талаа-түзүндө көчүп конуп жүргөн көчмөн урууларына келе турган болсок, аладын баары Бактриянын алтынын «биздин кенч» деп айтууга толук укугу бар. Менин 2008-жылы чыккан «Тажиктердин зергер жасалгалары» деген китебим иш жүзүндө «Бабалардын зергерчилиги» деп аталган. Ушул жааттан алганда биздин ата-бабалардан калган мурастар Борбор Азияда жашаган бардык элдерге бирдей таандык. Кийин алар өз алдынча улут, мамлекет болуп, бөлүнүп кетишпедиби.

«Аял барда зергерчилик да өлбөйт» демекчи, сөз болуп жаткан китепте азыр Тажикстандын Илимдер Академиясында сакталып турган буюмдардын арасынан байыркы замандарда кыз-келиндер тагынган билерик, сөйкө, шакек, шурулары басымдуулук кылат. Аларга катарлаш кур, кумган, күнүмдүк турмуштун башка буюмдары менен катар, жаңы замандын зергерлеринин колунан чыккан эмгектер да камтылган.

Бостондогу Бункер Хилл колледжинде сабак берген илимдер доктору Лена Нева Москвадагы Ломоносов атындагы университетти аяктаган жана Кошмо Штаттары менен Европада Чыгыштын көркөм кол өнөрчүлүгү боюнча кеңири изилдөөлөрү менен таанылган. Буга чейин анын «Тажиктердин зергер буюмдары» деген китеби 2008-жылы орус-англис тилдеринде жарык көргөн.

Жаңы басылып чыккан «Борбор Азиянын зергер буюмдарында» кыргыздар менен өзбектердин зергерчилик буюмдары кеңири камтылган эмес, себеби бул өлкөлөрдө советтик доордо эле изилдөөлөр жүргүзүлүп, китеп, каталогдор жарык көргөн. Буга салыштырмалуу, Тажикстандын аймагында табылып, азыр улуттук академияда сакталып турган буюм-тайымдар кеңири коомчулукка белгисиз болуп келген:
Тажикстанда Илимдер академиясынын президиумунун Атайын сактоо жайында сакталып турган көөнө буюмдар каталог болуп чыккан эмес. Бир кезде бул Академиянын президенти, 1990-жылдардагы ички согушта курман болгон Мухамад Асимовдун сунушу менен, мен ушул изилдөөнү даярдагам. Анын эмгегин баалаш керек деген ойдон улам, жаңы китебимдин бир бөлүмү «Тажик алтыны» деп аталды.

Бактриянын зергер мурастары деп таанылган байыркы борбор азиялык зергер буюмдардын алды 19-кылымда азыркы Ооганстан менен Тажикстандын ортосунан өткөн чек арадан казылып алынган.

«Аму-Дайранын кенчи» деген аталыштагы ал табылга азыр Британ музейинде сакталып турат. Кийин 1976-жылы советтик археологдор Тажикстандын түштүгүндөгү Тахти Санги ибадатканасынан көп буюмдарды табышкан. Өзбекстандан Давлензин табылгалары Ташкенде; Ооганстанда Тиллатепеден табылган зергерчиликтин мурастары Кабул улуттук музейинде сакталат.

Изилдөөчүнүн айтымында, бул буюм-тайымдар мезгил-мезгили менен дүйнөнүн ири шаарларда көрсөтүлөт, азыр Москвада көргөзмө уюштуруу маселеси каралып жатат. Бул ишти атактуу советтик археолог Виктор Сарианидинин атын алып жүргөн Археологияны, маданий жана руханий салттарды өнүктүрүү кору колго алган:
Сарианиди 1970-жылдары Ооганстандагы ооган-советтик археологиялык экспедицияны жетектеген. Ал иштер советтик армия Ооганстанга басып кирен 1979-жылы токтоп калып, археологдор чыгарылып кеткен. Кордун негиздөөчүсү Виктор Иванович Сарианиди былтыр 80 жашка чыкты. Анын кору Москвада көргөзмө уюштуруу менен алектенип жатат.

Бул кайталангыс көргөзмөнү Борбор Азиянын элдери көрө алабы? Лена Нева бул иштин чыгымдары көп, убарасы күч болгондуктан, мындай ири көргөзмө уюштуруу бардык жумурияттардын эле колунан келе бербестигин белгиледи.

Ошол эле убакта бийликтер жогоруда аталган Сарианиди кору менен байланышып, Бактриянын байлыгын мекенине алып келип, ар бир борбор шаарда көрсөтүүнү биргелешип колго алышса, балким майнап чыгып калышы мүмкүн деген ойдо.

Жаңыл Жусубжан, «Азаттык», 31.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.