Жаш таланттар үчүн

Адабиятка жаңыдан киришип келаткан жаш калемгерге адабият сырларын ачкан, анын эрежелерин аныктап көрсөткөн, такшалган, таанымал акын-жазуучулардын чыгарма жаратуу тууралуу сырларын, кеңештерин камтыган кыргыз тилиндеги окуу китептердин жоктугу өкүнтөт. Анткени адамды акындыкка же жазуучулукка үйрөтүүгө болбосо да, мындай үйрөтмө, окуу куралдардын болушу, чыныгы жаш таланттын көп нерсени кайрадан ойлоп чыгарбай, ачып отурбай, ага убакытын коротпой бат такшалуусуна, бат өз чыйырын табууга чоң көмөк. Башкача айтканда мындай адабият жаш талантка бийигирек секиргенге жакшы серпилме. Анан да бул кайсы бир тилде чыгып жаткан адабияттын пайдубалы тереңдигин, анда калыптанган өз маданияты бардыгын көрсөтөт.

Балким ушундай усул китептердин жоктугу биздин акын-жазуучуларыбыздын эл аралык деңгээлге жакшы чыгалбай жаткан себептеринин биридир. Адамдын калыптанышына чөйрөнүн таасири чоң болгондой эле акын-жазуучунун калыптанышына ал алпурушкан тилдеги адабият маданияты да чоң таасир тийгизет.

Кыргыз тилинде жаш таланттар үчүн атайы китептер жок болсо да, башка тилдеги мындай адабиятты кеңири тапса болот. Анын бири тарыхый себеперге байланыштуу көп жагынан кандаш жана жандаш болуп калган орус тилинде мындай китептер арбын. “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайтында ушундай китептердин топтомун түзүүгө жакшы аракет кылыныптыр. Балким алардын сиздерге пайдасы тиеттир.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.