Маданият агенттиги эми министрлик

10-июнда Утурумдуу өкмөт Мамлекеттик маданият агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Рыскел Момбеков сунуштаган “КРнын маданият министрлиги тууралуу” жобосунун долбоорун колдоого алды, деп билдирет “Zpress” маалымат агенттиги.

Маданият иштери боюнча мамлекеттик органдын статусу агенттиктен министрликке көтөрүлүшү мамлекеттин маданият жаатына болгон мамилесин айгинелейт.

Жогоруда аталган жобону талкуу учурунда Алмаз Атамбаев жана Исмаил Исаков Кинематография жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменттерин маданият министрлигинин курамынын чыгарып салууну сунушташты. Аларды Өкмөт алдындагы өз алдынча структура кылуу пикирлери да айтлды. Бул структуралардын статусу кийинчирээк аныкталмакчы.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.